Sputnik Кыргызстан эл аралык агенттиги жана радиосунун командасы Мол Булак Күз Деми — 2018 марафонуна катышты

Sputnik Кыргызстан агенттигинин командасы күзгү марафонго катышты

124
(жаңыланган 19:42 08.10.2018)
Кыргызстанда биринчи ирет марафондук 42,2 чакырым аралыкка чуркоо боюнча мелдеш болду.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан эл аралык агенттиги жана радиосунун командасы "Мол Булак Күз Деми — 2018" марафонуна катышты. Ошондой эле агенттик иш-чаранын расмий өнөктөшү болду.

  • Sputnik Кыргызстан эл аралык агенттиги жана радиосунун командасы Мол Булак Күз Деми — 2018 марафонуна катышты
    Sputnik Кыргызстан эл аралык агенттиги жана радиосунун командасы "Мол Булак Күз Деми — 2018" марафонуна катышты
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Ошондой эле агенттик иш-чаранын расмий өнөктөшү болду
    Ошондой эле агенттик иш-чаранын расмий өнөктөшү болду
    © Sputnik / Эркин Садыков
  • Sputnik Кыргызстандын журналисттери менен радио алып баруучулары 5 жана 10 чакырымдык аралыкка чуркады
    Sputnik Кыргызстандын журналисттери менен радио алып баруучулары 5 жана 10 чакырымдык аралыкка чуркады
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Катышуучулар быйыл биринчи жолу 42 чакырым 195 метр марафондук аралыкка чуркашты.
    Катышуучулар быйыл биринчи жолу 42 чакырым 195 метр марафондук аралыкка чуркашты.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
1 / 4
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Sputnik Кыргызстан эл аралык агенттиги жана радиосунун командасы "Мол Булак Күз Деми — 2018" марафонуна катышты

Sputnik Кыргызстандын журналисттери менен радио алып баруучулары 5 жана 10 чакырымдык аралыкка чуркады.

Катышуучулар быйыл биринчи жолу 42 чакырым 195 метр марафондук аралыкка чуркашты. Алардын арасында 22 мамлекеттен келген чет элдиктер да болду.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин жетекчиси Елена Череменина редакция сергек жашоого үндөгөн иш-чараларды медиа өнөктөш катары гана колдобостон, өздөрү дагы катышып жатканын белгиледи.

"Биздин кызматкерлердин көбү туура тамактанууга өткөн. Мындан сырткары, күнүгө иш учурунда 10 мүнөттүк көнүгүүлөрдү жасашат", — деди Череменина.

Sputnik (sputniknews.com) – ондогон өлкөдө жайгашкан мультимедиалык маалымат хабдары бар маалымат агенттиги жана радиосу. Sputnik өзүнө 30 тилден ашуун жазылган сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, мобилдик тиркеме жана социалдык тармактардагы баракчаларды камтыйт. Sputnik агенттигинин жаңылык түрмөгү күнү-түнү англис, испан жана кытай тилдеринде жарык көрөт.

124
Белгилер:
марафон, Sputnik Кыргызстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Жайдары жигиттерден кубанган кыздарга чейин. "Күз Деми" марафонунан сүрөттөр
Башкалар мушташ көрсө, булар чаң ызгыта чуркады. Бишкектеги марафондон видео