Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун кабарчысы Мирбек Сакенов Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университети, Ишеналы Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети жана Эл аралык Кувейт университетинин журналистика факультетинин студенттерине мастер-класс өттү

SputnikPro: эксклюзивдүү маалымат булагын табуу жолдору

76
(жаңыланган 09:26 07.12.2018)
Сакенов конкреттүү мисалдардын негизинде журналисттик иликтөө үчүн маалыматтарды топтоо жолдорун айтып берди.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik агенттигинин маалымат кызматы. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун кабарчысы Мирбек Сакенов Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жана Эл аралык Кувейт университетинин журналистика факультетинин студенттерине мастер-класс өттү.

  • Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун кабарчысы Мирбек Сакенов Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университети, Ишеналы Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети жана Эл аралык Кувейт университетинин журналистика факультетинин студенттерине мастер-класс өттү
    Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун кабарчысы Мирбек Сакенов Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университети, Ишеналы Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети жана Эл аралык Кувейт университетинин журналистика факультетинин студенттерине мастер-класс өттү
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Ал конкреттүү мисалдардын негизинде журналисттик иликтөө үчүн маалыматтарды топтоо, эксклюзивдүү маалымат булагын табуу жана архивдик материалдар менен иштөөнүн жолдорун айтып берди
    Ал конкреттүү мисалдардын негизинде журналисттик иликтөө үчүн маалыматтарды топтоо, эксклюзивдүү маалымат булагын табуу жана архивдик материалдар менен иштөөнүн жолдорун айтып берди
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • SputnikPro — бул Россиянын мыкты медиа-менеджерлеринин жана алдыңкы адистеринин презентация жана мастер-класстары. Алар өз тажрыйбаларын журналисттер, маалымат катчылар, жогорку курстун студенттери менен бөлүшөт
    SputnikPro — бул Россиянын мыкты медиа-менеджерлеринин жана алдыңкы адистеринин презентация жана мастер-класстары. Алар өз тажрыйбаларын журналисттер, маалымат катчылар, жогорку курстун студенттери менен бөлүшөт
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Белгилей кетсек, SputnikPro долбоору 2018-жылы жазында башталып, Белоруссиянын, Грузия, Азербайжан жана Армениянын медиа коомчулугунун жогорку баасын алган.
    Белгилей кетсек, SputnikPro долбоору 2018-жылы жазында башталып, Белоруссиянын, Грузия, Азербайжан жана Армениянын медиа коомчулугунун жогорку баасын алган.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
1 / 4
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун кабарчысы Мирбек Сакенов Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университети, Ишеналы Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети жана Эл аралык Кувейт университетинин журналистика факультетинин студенттерине мастер-класс өттү

Ал конкреттүү мисалдардын негизинде журналисттик иликтөө үчүн маалыматтарды топтоо, эксклюзивдүү маалымат булагын табуу жана архивдик материалдар менен иштөөнүн жолдорун айтып берди.

"Мен келечектеги кесиптештерди оор, мааниси терең, эксклюзивдүү темалардын үстүндө иштөөгө шыктандырууга аракет жасадым. Ошондой эле ар бир журналист кийин сыймыктана тургандай материалдарды даярдоого бел байлаганы оң экени тууралуу кеп кылдым", — деди Сакенов.

SputnikPro — бул Россиянын мыкты медиа-менеджерлеринин жана алдыңкы адистеринин презентация жана мастер-класстары. Алар өз тажрыйбаларын журналисттер, маалымат катчылар, жогорку курстун студенттери менен бөлүшөт.

Белгилей кетсек, SputnikPro долбоору 2018-жылы жазында башталып, Белоруссиянын, Грузия, Азербайжан жана Армениянын медиа коомчулугунун жогорку баасын алган.

Sputnik эл аралык маалымат агенттиги — дүйнөдөгү ири ЖМКлардын бири. Агенттик 30дан ашык тилде маалымат таратат. Токиодон Монтевидеого чейинки аймактагы ал редакциялар жана маалымат борборлору жаңылыктарды күнү-түнү жазып турат.

Үч жыл ичинде Sputnik сайты постсоветтик мамлекеттердеги ЖМКлар арасында жаңыча ыкма менен иштеп алдыңкы орундарга чыкты.

Жакынкы чет мамлекеттердеги Sputnik порталы улуттук жана орус тилинде чыгып, окурмандарга түрдүү мультимедиалык маалыматтарды сунуштайт.

Инфографика, видео, сүрөт түрмөгү, онлайн-эфирлер, сурамжылоо жана подкасттарды таап окусаңыздар болот. Күнүмдүк жаңылыктардан тышкары, Sputnik агенттиги аналитикалык материалдарды жана эксклюзивдүү маектерди да окурмандарга сунуштайт.

76
Белгилер:
журналист, студент, билим, Sputnik Кыргызстан
Маалымат жыйындагы журналисттер. Архив

Онлайн SputnikPro: COVID-19 темасын кантип мыкты чагылдыруу керек

64
(жаңыланган 01:10 25.03.2020)
Алгачкы семинарлар коронавирусту чагылдырууда ЖМКлар кандай тоскоолдуктарга учурап жатканы, бул теманы кантип туура чагылдыруу, соцтармактар жана мессенджерлер менен иштөө жолдоруна арналат.

БИШКЕК, 24-мар. —  Sputnik. SputnikPro эл аралык билим берүү долбоору 26-январь күнү саат 16:00дө (Бишкек убактысы) "Коронавирус темасын кантип мыкты чагылдыруу керек" аттуу темада өзүнүн биринчи онлайн сессиясын баштайт.

Спикерлер – микробиолог, гендик инженер, илим жайылтуучу Евгений Плисов, "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин Башкы дирекциясынын жетекчисинин орун басары Елена Глушакова.

Микробиолог, генный инженер, популяризатор науки Евгений Плисов
© Фото / из личного архива Евгения Плисова
Микробиолог, гендик инженер, илим жайылтуучусу Евгений Плисов
Евгений Плисов МГУнун биология факультетин аяктаган жана илимий популярдуу лектор болуп эсептелет. Ал Маяк радиосундагы "Микромир" программасы, "Умная Москва" долбоорун алып барат.

Заместитель директора главной дирекции информации МИА Россия сегодня Елена Глушакова
© Фото / из личного архива Елены Глушаковой
"Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин Башкы дирекциясынын жетекчисинин орун басары Елена Глушакова

Елена Глушакова "Россия сегодня" маалымат агенттигинде 1999-жылдан бери эмгектенет. Аскерий-дипломатиялык редакцияда стажировкадан өткөн, РФ ТИМинин ишмердүүлүгүн чагылдырган, РИА Новости агенттигинин Кремлдеги пулдун корреспонденти болгон. Кийин саясий редакцияны жетектеп, 2014-жылдын аягынан тарта РИА Новости агенттигинин орус тилдүү лентасын көзөмөлдөй баштаган.

Онлайн-сессияга катышуу үчүн n.naizabekova@sputniknews.com электрондук дарегине билдирүү жөнөтүп же +996 557 991 999 номери аркылуу катталыңыз. Орундар чектелүү.

SputnikPro — өз тармагынын адистери билими, иш тажрыйбасы менен маалымат катчы, журналист жана ЖОЖдун студенттерине бөлүшүү үчүн уюштурулган мастер-класс. Долбоор 2018-жылдын жаз айларынан башталып, Белоруссия, Азербайжан, Армения, Грузия жана Кыргызстандын медиа айдыңында жогорку баага татып келет.

Sputnik Кыргызстан өз ишин 2014-жылдын декабрь айында баштаган. Агенттиктин активинде кыргыз жана орус тилдериндеги маалымат порталы, радиоресурс жана жогорку технологиялык мультимедиалык маалымат борбору бар. Sputnik Кыргызстан өлкөдөгү интернет ЖМКлардын ичинен алдыңкы катарды ээлейт.

64
Белгилер:
сессия, онлайн, долбоорлор, билим берүү, SputnikPro
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Чагылгандай! ДССУ коронавирустун дүйнөгө тездик менен тарап жатканын айтты
Sputnik Кыргызстан радиостудиясындагы микрофон. Архивдик сүрөт

SputnikPro спорт журналисттерин, комментаторлор менен блогерлерди чакырат

97
(жаңыланган 14:05 12.02.2020)
SputnikPro — өз тармагынын адистери билими, иш-тажрыйбасы менен пресс-катчы, журналист жана ЖОЖдун студенттерине бөлүшүү үчүн уюштурулган мастер-класс.

БИШКЕК, 12-февраль, Sputnik агенттигинин маалымат кызматы. Sputnik эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу Россиянын мыкты спикерлери менен жолугушууларды өткөрүүнү улантууда. Адистер SputnikPro билим берүү программасынын алкагында тажрыйбалары менен бөлүшөт.

18-февраль күнү Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда спорт жаатын чагылдырган журналисттер, комментаторлор жана блогерлер үчүн "Аз чыгым менен окуяны мыкты чагылдыруу", "Спорт өтө эле олуттуу деп ким айтты?", "Трейлер – бул кино жөнүндө гана эмес. Материалды аудиторияга сатууга кандайча жардам берет" аттуу темалар боюнча мастер-класс уюштурулат.

Спикерлер:

  • Александр Калмыков – Р-Спорт редакциясынын жетекчиси;
  • Василий Конов — "Россия Сегодня" эл аралык агенттигинин аткаруучу директору, журналист, теле алып баруучу жана спорттук комментатор.

Иш-чарага катышуу үчүн 14-февраль саат 17.00гө чейин 0312 986933, 986938 номерлери аркылуу каттоодон өтүү керек. Мастер-класс бекер өткөрүлөт.

SputnikPro — өз тармагынын адистери билими, иш-тажрыйбасы менен пресс-катчы, журналист жана ЖОЖдун студенттерине бөлүшүү үчүн уюштурулган мастер-класс. Долбоор 2018-жылдын жаз айларынан башталып, Белоруссия, Азербайжан, Армения, Грузия жана Кыргызстандын медиа айдыңында жогорку баага татып келет.

Sputnik Кыргызстан өз ишин 2014-жылдын декабрь айында баштаган. Агенттиктин активинде кыргыз жана орус тилдериндеги маалымат порталы, радиоресурс жана жогорку технологиялык мультимедиалык маалымат борбору бар. Sputnik Кыргызстан өлкөдөгү интернет ЖМКлардын ичинен алдыңкы катарды ээлейт.

97
Белгилер:
журналист, спорт, мастер-класс, SputnikPro
Тема боюнча
SputnikPro: президент менен премьердин ишин кантип чагылдыруу керек
SputnikPro: интервьюга чакыруу процесси канчалык маанилүү
Парктын көлмөсүндө өрдөк

Жекшембиге карата аба ырайы

0
Жекшембиге караган түнү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. 1-ноябрь, жекшембиде, республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. 

Абанын температурасы Чүй, Талас өрөөндөрүндө +13...+18, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +16...+21, Ысык-Көл жана Нарын жергесинде +9...+14 градус болот.  

Күндүн табы борборубуз Бишкекте +16...+18  жана Ош шаарында +19...+21 градуска көтөрүлөт.

0
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Адаттагыдан суук болот. Ноябрга карата аба ырайы