Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун жетекчиси Елена Череменина Ак илбирс киносыйлыгынын Мыкты сценарий номинациясы боюнча жеңүүчүнү жарыялап, Дарак ыры тасмасынын сценаристтери Айбек Дайырбеков менен Садык Шер-Ниязга сыйлык тапшырды.

Sputnik Кыргызстандын жетекчиси мыкты сценаристке "Ак илбирс" сыйлыгын тапшырды

74
(жаңыланган 10:40 27.04.2019)
Елена Череменина жыл өткөн сайын атамекендик киноиндустрия уникалдуу эмгектер менен толукталып, республикада эле эмес, чет өлкөдө да популярдуу болуп жатканына токтолду.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik маалымат кызматы. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун жетекчиси Елена Череменина "Ак илбирс" киносыйлыгынын "Мыкты сценарий" номинациясы боюнча жеңүүчүнү жарыялап, "Дарак ыры" тасмасынын сценаристтери Айбек Дайырбеков менен Садык Шер-Ниязга сыйлык тапшырды.

Эскерте кетсек, сыйлык тапшыруу салтанаты Бишкектеги "Манас" кинотеатрында өттү.

Өз сөзүндө Череменина келген элди куттуктап, жыл өткөн сайын атамекендик киноиндустрия уникалдуу эмгектер менен толукталып, республикада эле эмес, чет өлкөдө да популярдуу болуп жатканына токтолду. 

Руководитель информационного агентства и радио Sputnik Кыргызстан Елена Череменина
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун жетекчиси Елена Череменина

"Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери КМШдагы киноиндустриясы кайрадан жанданган өлкө экендиги менен сыймыктанса болот. Саны бара-бара сапатка өтүп жатканы кубандырат. Мааниси терең, эл аралык конкурстарда оозго алынган эмгектерди жараткан жаш режиссёрлор көбөйүп бара жатат", — деди Череменина.

"Ак илбирс" улуттук киносыйлыгын тапшыруу аземи быйыл сегизинчи ирет өттү. Салтанатка белгилүү режиссёрлор, актёрлор, коомдук ишмерлер, саясатчылар, президенттик администрация менен өкмөттүн өкүлдөрү катышты.

Мындан тышкары, чет өлкөдөн да коноктор келди.

Sputnik Кыргызстан — 32 тилде жарык көргөн мультимедиалык интернет-сайттардан турган эл аралык ири ЖМКнын бир бөлүгү. Ал өзүнө дүйнөнүн 90дон ашык шаарларында жана интернетте орус, англис, француз жана башка тилдерде сүйлөгөн радиолорду камтыйт.

Ал эми Sputnik жаңылыктар түрмөгү англис, араб, испан, кытай жана фарс тилдеринде окурмандарга күнү-түнү маалымат жеткирип турат. Sputnik маалымат ресурсунун окурмандарынын саны айына 60 миллиондон ашат.

Дүйнө жүзү боюнча 22 редакцияда ондогон улуттагы миңден ашык адам эмгектенет.

Sputnik "Россия сегодня" медиатобунун курамына кирет. Башкы кеңсеси Москва шаарында.

74
Белгилер:
Елена Череменина, номинация, кино, сыйлык, "Ак Илбирс" улуттук киносыйлыгы
Тема боюнча
Иранда өтчү эл аралык кинофестивалда "Дарак ыры" көрсөтүлөт
"Дарак ыры" тасмасы Бангладештеги конкурста мыкты аталды