SputnikPro

SputnikPro журналисттерди Наталья Лосева менен жолугушууга чакырат

22
(жаңыланган 12:03 05.09.2019)
Sputnik эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу SputnikPro долбоорунун алкагында өзүнүн тажрыйбасы, билими менен бөлүшүүгө даяр болгон россиялык топ-спикерлер менен жолугушууларды улантат.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. 11-сентябрда редакциянын пресс-борборунда "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин башкы редакторунун орун басары, продюсер жана медиа-менеджер, МГУнун журналистика кафедрасынын улук окутуучусу Наталья Лосева жолугушуу өткөрөт. 

Российский журналист, продюсер и медиаменеджер Наталья Лосева
© Sputnik / Asatur Yesayants
"Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин башкы редакторунун орун басары, продюсер жана медиа-менеджер, МГУнун журналистика кафедрасынын улук окутуучусу Наталья Лосева

Ал медиадагы жаңы мүмкүнчүлүктөр жана тенденциялар, виртуалдык долбоорлор тууралуу айтып берет. Мастер-класстын темасы "Журналистикадагы иммерсиялык форматтар. VR/AR подкасттар".

Иш-чарага кызыккан бардык журналисттер чакырылат. Катышуу үчүн 10-сентябрь саат 17:00гө чейин 0312 98-69-38, 0557 99-19-99 номерлери аркылуу катталуу керек.

SputnikPro — бул Россиянын мыкты медиа-менеджерлеринин жана алдыңкы адистеринин презентация жана мастер-класстары. Алар өз тажрыйбаларын журналисттер, маалымат катчылар, жогорку курстун студенттери менен бөлүшөт.

Белгилей кетсек, SputnikPro долбоору 2018-жылы жазында башталып, 13 өлкөдө өттү.

Sputnik Кыргызстан — 32 тилде жарык көргөн мультимедиалык интернет-сайттардан турган эл аралык ири ЖМКнын бир бөлүгү. Ал өзүнө дүйнөнүн 90дон ашык шаарларында жана интернетте орус, англис, француз жана башка тилдерде сүйлөгөн радиолорду камтыйт.

Ал эми Sputnik жаңылыктар түрмөгү англис, араб, испан, кытай жана фарс тилдеринде окурмандарга күнү-түнү маалымат жеткирип турат. Sputnik маалымат ресурсунун окурмандарынын саны айына 60 миллиондон ашат. Sputnik China аккаунтунун Sina Weibo социалдык тармагындагы катталуучулардын саны 9 миллиондон ашты. Дүйнө жүзү боюнча Пекинден тарта Монтевидеого чейинки 22 редакциялык борбордо ондогон улуттагы миңден ашык адам эмгектенет.

Sputnik "Россия сегодня" медиатобунун курамына кирет. Башкы кеңсеси Москва шаарында.

Sputnik сайттары постсоветтик мамлекеттерде иштей баштагандан тарта өзүнүн контентинин жаңычылдыгы жана технологиялык форматы менен жергиликтүү ЖМКлар арасында алдыңкы орундарга чыкты.

Sputnik порталы жакынкы чет өлкөдө улуттук тилде жана орус тилинде маалыматтарды окурмандарга сунуштайт. Сайттан инфографика, видео, сүрөтбаян, онлайн-эфир, интернет-добуш берүү жана подкасттарды таап окусаңыз болот. Ыкчам маалыматтардан сырткары аналитикалык макалалар жана эксклюзивдүү маектерди таба аласыз.

22
Белгилер:
долбоорлор, журналистика, SputnikPro, Кыргызстан
Тема боюнча
Маргарита Симоньян Россиянын мыкты медиаменеджери аталды
Маалымат жыйындагы журналисттер. Архив

Онлайн SputnikPro: COVID-19 темасын кантип мыкты чагылдыруу керек

59
(жаңыланган 01:10 25.03.2020)
Алгачкы семинарлар коронавирусту чагылдырууда ЖМКлар кандай тоскоолдуктарга учурап жатканы, бул теманы кантип туура чагылдыруу, соцтармактар жана мессенджерлер менен иштөө жолдоруна арналат.

БИШКЕК, 24-мар. —  Sputnik. SputnikPro эл аралык билим берүү долбоору 26-январь күнү саат 16:00дө (Бишкек убактысы) "Коронавирус темасын кантип мыкты чагылдыруу керек" аттуу темада өзүнүн биринчи онлайн сессиясын баштайт.

Спикерлер – микробиолог, гендик инженер, илим жайылтуучу Евгений Плисов, "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин Башкы дирекциясынын жетекчисинин орун басары Елена Глушакова.

Микробиолог, генный инженер, популяризатор науки Евгений Плисов
© Фото / из личного архива Евгения Плисова
Микробиолог, гендик инженер, илим жайылтуучусу Евгений Плисов
Евгений Плисов МГУнун биология факультетин аяктаган жана илимий популярдуу лектор болуп эсептелет. Ал Маяк радиосундагы "Микромир" программасы, "Умная Москва" долбоорун алып барат.

Заместитель директора главной дирекции информации МИА Россия сегодня Елена Глушакова
© Фото / из личного архива Елены Глушаковой
"Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин Башкы дирекциясынын жетекчисинин орун басары Елена Глушакова

Елена Глушакова "Россия сегодня" маалымат агенттигинде 1999-жылдан бери эмгектенет. Аскерий-дипломатиялык редакцияда стажировкадан өткөн, РФ ТИМинин ишмердүүлүгүн чагылдырган, РИА Новости агенттигинин Кремлдеги пулдун корреспонденти болгон. Кийин саясий редакцияны жетектеп, 2014-жылдын аягынан тарта РИА Новости агенттигинин орус тилдүү лентасын көзөмөлдөй баштаган.

Онлайн-сессияга катышуу үчүн n.naizabekova@sputniknews.com электрондук дарегине билдирүү жөнөтүп же +996 557 991 999 номери аркылуу катталыңыз. Орундар чектелүү.

SputnikPro — өз тармагынын адистери билими, иш тажрыйбасы менен маалымат катчы, журналист жана ЖОЖдун студенттерине бөлүшүү үчүн уюштурулган мастер-класс. Долбоор 2018-жылдын жаз айларынан башталып, Белоруссия, Азербайжан, Армения, Грузия жана Кыргызстандын медиа айдыңында жогорку баага татып келет.

Sputnik Кыргызстан өз ишин 2014-жылдын декабрь айында баштаган. Агенттиктин активинде кыргыз жана орус тилдериндеги маалымат порталы, радиоресурс жана жогорку технологиялык мультимедиалык маалымат борбору бар. Sputnik Кыргызстан өлкөдөгү интернет ЖМКлардын ичинен алдыңкы катарды ээлейт.

59
Белгилер:
сессия, онлайн, долбоорлор, билим берүү, SputnikPro
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Чагылгандай! ДССУ коронавирустун дүйнөгө тездик менен тарап жатканын айтты
Sputnik Кыргызстан радиостудиясындагы микрофон. Архивдик сүрөт

SputnikPro спорт журналисттерин, комментаторлор менен блогерлерди чакырат

94
(жаңыланган 14:05 12.02.2020)
SputnikPro — өз тармагынын адистери билими, иш-тажрыйбасы менен пресс-катчы, журналист жана ЖОЖдун студенттерине бөлүшүү үчүн уюштурулган мастер-класс.

БИШКЕК, 12-февраль, Sputnik агенттигинин маалымат кызматы. Sputnik эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу Россиянын мыкты спикерлери менен жолугушууларды өткөрүүнү улантууда. Адистер SputnikPro билим берүү программасынын алкагында тажрыйбалары менен бөлүшөт.

18-февраль күнү Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда спорт жаатын чагылдырган журналисттер, комментаторлор жана блогерлер үчүн "Аз чыгым менен окуяны мыкты чагылдыруу", "Спорт өтө эле олуттуу деп ким айтты?", "Трейлер – бул кино жөнүндө гана эмес. Материалды аудиторияга сатууга кандайча жардам берет" аттуу темалар боюнча мастер-класс уюштурулат.

Спикерлер:

  • Александр Калмыков – Р-Спорт редакциясынын жетекчиси;
  • Василий Конов — "Россия Сегодня" эл аралык агенттигинин аткаруучу директору, журналист, теле алып баруучу жана спорттук комментатор.

Иш-чарага катышуу үчүн 14-февраль саат 17.00гө чейин 0312 986933, 986938 номерлери аркылуу каттоодон өтүү керек. Мастер-класс бекер өткөрүлөт.

SputnikPro — өз тармагынын адистери билими, иш-тажрыйбасы менен пресс-катчы, журналист жана ЖОЖдун студенттерине бөлүшүү үчүн уюштурулган мастер-класс. Долбоор 2018-жылдын жаз айларынан башталып, Белоруссия, Азербайжан, Армения, Грузия жана Кыргызстандын медиа айдыңында жогорку баага татып келет.

Sputnik Кыргызстан өз ишин 2014-жылдын декабрь айында баштаган. Агенттиктин активинде кыргыз жана орус тилдериндеги маалымат порталы, радиоресурс жана жогорку технологиялык мультимедиалык маалымат борбору бар. Sputnik Кыргызстан өлкөдөгү интернет ЖМКлардын ичинен алдыңкы катарды ээлейт.

94
Белгилер:
журналист, спорт, мастер-класс, SputnikPro
Тема боюнча
SputnikPro: президент менен премьердин ишин кантип чагылдыруу керек
SputnikPro: интервьюга чакыруу процесси канчалык маанилүү
Медициналык кызматкер ишге бара жатат. Архив

Бишкектеги ооруканада дарыгердин 12 метрлик сүрөтү тартылууда. Көрүнүшү

0
(жаңыланган 23:07 03.07.2020)
Сүрөт Улуттук госпиталдын хирургия бөлүмүнүн имаратына тартылып, анда дарыгерлердин биринин элеси түшүрүлгөн. Чыгармачыл топ аны ушул жекшемби күнү бүтөрүн айтты.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Борбор калаадагы Улуттук госпиталдын имаратында дарыгердин 12 метрлик портрети тартылып жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине DOXA Art-group чыгармачылык тобунун сүрөтчүсү Сергей Келлер кабарлады.

Анын айтымында, сүрөт жекшемби күнү тартылып бүтөт. Социалдык тармактагы баракчасына портретти жүктөп, ал дарыгерлерге арналарын жазган.

"Учурдун чыныгы баатырларына арнап эмгек жаратуудабыз. Портрет борборбогу Улуттук госпиталдын корпустарынын биринде болот", — деп жазган Келлер аккантуна.

Анын агенттикке билдиришинче, сүрөттүн бийиктиги 12 метрдей, чыгымын парламенттеги депутаттардын бири көтөрүп жатат.

"Картина Улуттук госпиталдын хирургия бөлүмүнүн имаратында тартылууда. Ал Бөкөнбаев көчөсүнөн бир аз өйдө жактагы урология бөлүмүнө бет маңдай салынган. Эскизде дарыгерлердин биринин элеси түшүрүлгөн. Ушул жекшембиде аны толук бүтүрүп, дүйшөмбү күнү чыгармачылыгыбызды элге тартуулайбыз деп турабыз", — деди Келлер.

Буга чейин DOXA командасы залкар жазуусу Чыңгыз Айтматовдун сүрөтүн Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринин дубалына тартышкан. Ошондой эле ала качуунун курмандыгы болгон Бурулай Турдали кызынын портретин борбордогу медициналык колледждин жатаканасынын дубалына түшүрүшкөн.

0
Белгилер:
кызматкер, медицина, портрет, Сүрөт, Улуттук Госпиталь, Бишкек
Тема боюнча
Президент медиктерди Манас ордени, Даңк медалы менен сыйлады