Абдыгул Чотбаев: Афганистан дагы эле түшүмө кирет …

© Sputnik / Родионова ДиляАбдыгул Чотбаев генерал-полковник в запасе
Абдыгул Чотбаев генерал-полковник в запасе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1989-жылдын 15-февралында акыркы советтик жоокер Афган жеринен чыгып кеткен. Афганистанга жиберилген алгачкы жоокерлердин ичинде 180-мотокуралдуу полктун 40-аскеринде кызмат өтөөчү Абдыгул Чотбаев бар эле. Афган согушу ал үчүн эмне экендигин ардагер Sputnik кабарчысына айтып берди.

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Запастагы генерал-полковник, Афган согушунун жана куралдуу чыр-чатактардын "Күжүрмөн бир туугандык" ардагерлер коомдук кыймылынын төрагасы Абдыгул Чотбаев өз өмүрүндө афган согушу кандай роль ойногу жөнүндө айтып берди.

— Абдыгул Абдырашитович, Афганистанга кандайча туш болуп калдыӊыз?

— Алматыда Жогорку жалпы командалык аскер окуу жайын аяктаган соӊ, мени Ɵбекстандын Термез шаарына 180-мотокуралдуу полкко кызмат өтөөгө жөнөтүштү. Биздин полк чынында шашылыш көтөрүлүп, Афганистанга биринчи жиберилген болчу. Мен ал жакта 1979-жылдын декабрынан 1981-жылдын апрелине чейин болдум.

— Ошол кезде сиз үчүн эӊ коркунучтуусу эмне болду?

— Биз Кабулдагы Амин сарайын коргоодо турганбыз, бирок бөтөн өлкөдө эмне кылышыбыз керектигин, максатыбыз эмне экенин бизге айтышкан эмес. Ар кандай сезимдер болгон. Кар жатса да, күн аябай ысык, такыр башка дүйнөгө туш келдик. Анан "Шторм-333" операциясы болду. Биз машинга отуруп алып, радио толкунун кармап, сыртта болуп жаткан согушту уктук. Бул биз үчүн биринчи күтүүсүз коркунуч болду. Кишилердин өлгөнүн көрбөй туруп, бирок угуп жатсаӊ…, мындайды унутуш кыйын. Бизде окуулар болгон, бирок анык чындык менен аларды салыштырган болбойт. Бул такыр эки башка нерсе, бирок дал ошондо биз жетилгендей болдук. Сырткы келбетибизди айткан жокмун, ички сезим-туюмубуз жактан чоӊоё түштүк. Таӊ эртеде мен взводум менен Амин сарайын күзөткө чыктык. Ошондогу тегеректе өлгөн кишилер жатканы, кан, толук күйүп бүткөн ГАЗ-66 машинасы, анда афган жоокеринин өлүгү, жарадар болгондордун онтогон үндөрү күнү бүгүнкүдөй көз алдымда турат.

Афганистан Демократиялык Республикасынан советтик интернационалчы-жоокерлер  кайтып келе жатат. - Sputnik Кыргызстан
Афганистан ... алып калган жоокерлер
Дагы бир күн бир түн муздак сууга толгон арыкта отурууга туура келди. Арык биздин аскерлердин табигый баш калкасы болчу. Бизге чеп курууга, коргонууга жергиликтүү тургундардын үйлөрүн пайдаланууга тыюу салынган эле. Кийгенибиз кийиз өтүк менен кебез шым. 1979-жылы 31-декабрда жакынкы арада эч кандай атышуу жана танк менен чабуул коюулар болбойт, бир аз эс алгыла дешти. Ошентсе да биз чабуулдарды күтүп отурдук. Бир маалда автоматтардын, артиллериялык куралдардын үнү угула баштады эле, биз кайра баягы арыкка жашына калдык. Көрсө, биздикилер Жаӊы жылды белгилеп жатышкан экен. Ошол арыкта отургандарыбыздын ден соолукка тийген залакасын азыр да көрүп жатабыз.

— Афган согушунан кийин сиздин мүнөзүӊүз, турмушка көз караштарыӊыз өзгөрдүбү?

— Үйдө, үй-бүлөмдө, аскерде, окуу жайында тарбияланган сапаттар (намыс, барк, бири-бирине жардам берүү, колдоо, бири-бирине жөлөк-таяк болуу, жоопкерчилик, жардам, аскердик тартип) согушта курулай сөз эмес болуп чыкты. Бул чындык. Мен дал ошол кезде эркек жана адам катары жетилдим. Адам баалуулуктарына карата көз караштарым болсо өзгөрүүсүз калды. 

— Афганистандагы кызматтын кесепеттери барбы?

— Кечээ эле мен телевизордон танк менен атышуу бар аскердик темадагы бир тасма көрүп жатсам, жубайым дароо: "Эми дагы түнүчүндө кыйкырып чыгасыӊ" деди. Чыныда эле түшүмдө кайра ошол жакта болуп келдим. Ал жак эми да түшүмөн кетпейт.

— Сиз согушка катышканыӊызга үй-бүлөӊүз кандай карайт?

— Мен алардан тиги жакта болгондорду эч качан жашырган эмесмин. Уулдарымда ошондогу коркунучтуу окуялар тууралуу атайын эле айтып берген жокмун. Бирок турмуш ушундай экен, алар менин жолумду жолдоп кетишти. Улуу балам 1999-жылы мен Баткенде жүргөндө аскер болуу жөнүндө чечим кабыл алган. Болгондо ал ошол кезде 8-класста окуучу жана дароо эле жоокер боло калгысы келген экен. Үй-бүлөбүз менен кеӊешкенден кийин аны Түркияга окууга жибергенбиз. Ал жактан уулум аскер колледжин жана университетти аяктады.

— Жеке өзүӊүз үчүн 1989-жылдын 15-февралы эмнени билдирет?

— Бул биз үчүн өзгөчө майрам. Жыл сайын үй-бүлөм менен аскерлердин чыгарылышын белгилейм. Башка ардагерлер менен менин үйүмдө чогулабыз. Ысык-Көлдө жашаган полктошторум Керимбек Жылдыбаев менен Амангелди Жылкычыев мен үчүн өтө жакын адамдар. Майрамдык дасторкондо биз 35 жыл мурун болгонду кайра-кайра талкуулайбыз.

— Ушунча убакыт өткөндөн кийин Афганистанга аскерлерди алып кирүү тууралуу СССРдин чечимине баа бере аласызбы? Бул туура чечим болгонбу?

— Туура болгон деп ойлойм. Бир да курмандык бекер болгон жок, биз чынында эле бир тууган элге жардам көрсөттүк. Чечимди кабыл алардан мурун, СССРдин командалыгына жети жолу жардам берүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Жоокер-интернационалчылар бекер курман болбогонуна ишенгим келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0