Мечеть Ас-Сарахсий

"Ас-Сарахсинин" жаңы имамы: элдин ишенимин туура багытка буруу зарылдыгы турат

146
(жаңыланган 17:48 16.02.2015)
Өлкөнүн түштүк аймагындагы көйгөйлүү мечиттердин бири болгон "Ас-Сарахси" мечитинин жаңы имам-хатиби Сүйүналы ажы Калыков учурда Сирияга кеткендер, кайткандар боюнча жагдай оор экендигин айтты. Андан сырткары аялдардын бул багытка тартылып кетиши боюнча да түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын билгиледи.

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу шаарындагы "Ас-Сарахси" мечитинин имам-хатиби болуп Сүйүналы ажы Калыков дайындалды. Аны жума намаз учурунда элге Ош облусунун казысы Ниязалы Арипов тааныштырды. Калыков учурда Кара-Суу районунун имам-хатиби болуп иштейт, ал эми кийинки кызматын ал кошумча милдет катары алып барып турмакчы.

Sputnik сайтынын кабарчысы Сүйүналы ажы менен райондогу азыркы диний абал, Сирия көйгөйү, элдин ал тарапка кирип кетишинин объективдүү, субъективдүү себептери, бул жааттагы укуктук маселер туурасында пикир алышты.

— Учурдагы абалды алсак, дегеле, диний кызматкерлердин иши мээнеттүү болуп турат, "Ас-Сарахсидеги" татаал участоктордун бири, ишти эмнеден баштайын деп жатасыз? 

— 2011-жылдан тарта Кара-Суу районунда имам-хатиб болуп иштеп келе жатам. Ага чейин 2006-2011-жылдары Ош облусунун казысы болуп иштедим. Абалга карап, ишти ылайыктап жатам. Элдин ишеними башка жакка бурулуп калган. Негизинен, баштай турган жумуштарды ынтымакты орнотуу, анан элди туура агымга үндөп, ишти туура багыттан баштайын деп жатам. Мечиттин курамын карап көрүп, комиссиянын негизинде кайрадан караш керек го деп турам. 

— Кара-Суу республикадагы эң чоң райондордун бири эмеспи, азыркы райондук деңгээлдеги имам-хатиб болгон ишиңизге тоскоол болбойбу?

— Эми ал кылып жүргөн жумушубуз да, башкысы, бул жерге жакшы, күчтүү орун басар коюш керек. Райондук казыятта балдар иштеп жатат. Негизинен бул жерде ишти жөнгө салып, тартипке салып жана мен жогоруда айтып кеткендей, ынтымакты орнотуу. Элдин ишенимин киргизүү азыр оор болот го, ага көп убакыт кетет. 

— Бул жерде маалыматтын туура эместиги жана жетишсиздиги көп көйгөйдүн башы болуп турат окшойт?

— Маселенин көбү, элдин маалыматынын аздыгынан чыгууда. Сирияга кетүүнүн себептери, биринчиси идеология, экинчиси акча маселеси болуп жатат. Көйгөй жараткан негизги очоктор ушулар. Бул жерде Сирияга чакырган идеология күчтүү болуп, барсаң, дароо эле бейишке кетесиң дешсе, өлүп калган балдардын ата-энелерине туура эле балаң бейишке чыкты деп кепилдик берип жатышат, мындай кепилдикти эми Алладан башка эч ким бере албайт го. 

— Маалыматтарга караганда түштүктө, анын ичинен Кара-Сууда Сирияга кеткендер абдан көп кездешип жатат деп айтылууда?

— Ооба, бул боюнча ар кыл маалыматтар айтылып, биздин район боюнча Нариман айылында 23, Кашкар-Кыштак айылында 20нын тегереги, Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнөн бешөө кетти деп жатышат. Барып келгендер да, андан сырткары Кыргызстанга келе албай Түркияда жүргөндөр да кездешүүдө, анын ичинде аял кишилер бар. Негизи бул жерде чоң азгырык болуп жатат. Барып келгендер көңүлү калып, Жихадды көрбөгөндүгүн, беш-алты топ болуп өз ара айтышуу болуп жаткандыгын айтып да жатышат. 

— Сиз Сириядан кайтып, орто жолдо Түркияда жүргөндөр боюнча айттыңыз, муфтияттын өкүлү катары бул боюнча эмне кылыш керек деп ойлойсуз?

— Алар барып алышып, ал жерде эч нерсе таппай, Түркияда туруп, Кыргызстанда аты-жөнү белгилүү болуп калгандыктан, келе албай жаткандар да болуп жатат. Мыйзамга сунуштар бар. Аларды атуулдуктан чыгаруу, жок кылуу керек, айтор, көп сунуштар айтылып жатат. Бул туурасында мамлекет катуу көзөмөлгө алабы, айтор, муну чечүү зарыл болуп турат. Аларды жөн койсок, чогулуп, көбөйүп кетсе, эртең биздин мамлекетибиздин коопсуздугуна оор болуп калат го, булар үчүн бир нерсе иштеп чыгуу зарыл. Буларды жазасыз калтырбай, жазалаш керек, бирок, ал жакта калтырбаш керек го. Алар ушинтип, улам топтолуп отуруп, күчкө айланып, сырттан туруп кооптуулук жаратышы мүмкүн. Мисалы, Өзбекстандын Ислам кыймылы, Акрам Юлдашев дегендер убагында Каримовдун режиминен качып кетип, Афганистанда, Пакистанда күч топтоп өзүнүн иштерин жүргүзүп… азыр көрүп жатпайсыздарбы. Азыр ал өлкөгө кооптуулук жаратып, "кантип кирип кетсек экен" деген чараны колдонуп жатышпайбы. Ошол нерсе болуп кетпесе экен деген түйшөлүү бар. Бул боюнча бизде жагдай, албетте, оор. Алардын келгенден кийинкиси кооптуу болуп жатпайбы, канча кан көрдү, келип алып эмне даярдап жатат, дагы эмне кылып жибериши мүмкүн деген суроолор турат. 

— Учурда аялдардын диний уюмдарга тартылышы, ал тургай Сирияга кетип, ал жерден кор болуп жаткандыгы тууралуу расмий да, бейрасмий да маалыматтар айтылып келет. Бул жаатта сиз эмне айта аласыз?

— Сирия боюнча алсак, менимче, кайтып келген аялдар аз. Үй-бүлөсү менен кеткендердин күйөөсү өтүп кетсе, башка бирөөлөргө берип жаткандыгы боюнча айтылып келет. Алардын макулдугуна карабайт, ал жакка барганда көзөмөл болбогондон кийин, киши катары да саналбайт да. 

Ал эми бизде, менин бул кызматым боюнча, Рошид Камаловдун мечитинин айланасында, аялдар медресесин ачып, ошол жерге да туура багыт бербесек, болбойт. Мындай уюмдарга аялдардын тартылып кетишинин биз алдын алып, баштап, айтпасак, башка, үчүнчү күчтөр пайдаланып кетиши мүмкүн. 

Кыз-келиндерге көңүл бурбай койгон менен бала-чака күн кечке алардын колунда, аялдарды ошондой уюмдарга тартканда үй-бүлө кошо кетип калат экен да. Учурда кыз-келиндер менен сөзсүз иштешиш керек болуп жатат, антпесе аларды колдон чыгарып жиберебиз. 

Учурда, алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин күчөтүп, маалымат берүү чараларын аткарышыбыз керек, антпесек башка вариантыбыз жок. Менимче, негизинен ушундай иш-чаралар менен гана абалдан чыгып кете алабыз.

Sputnik сайтынын маектеш боюнча таржымалы: Сүйүналы ажы Калыков 1972-жылы Кара-Суу районунун Кызыл-Суу айылында туулган. 

Бишкектеги 1991-1995-жылдары Азирети Умар атындагы ислам институтунан ислам шарияты боюнча билим алгандан кийин, Каракол шаарындагы медреседе окутуучулук кесипте эмгектенген. Андан соң Ош облусуна келип иштеп, бир нече айылдарда имам болгон. 2004-2006-ж.ж.аралыгында Кара-Суу районун имам-хатиби, 2006-2011-ж.ж. Ош облусунун казысы болуп, казыятты жететеген. 2011-жылдан тарта кайра Кара-Суу районунун имам-хатиби. Жакында Москва шаарында барып, Россия муфтиятынын кеңеши уюштурган Орусия Ислам университетинин базасында, М.В. Ломоносов атындагы Орусия мамлекеттик университети жана (ЮНЕСКО ИСАА МГУ) кафедрасы, Азия өлкөлөрүнүн институту менен биргеликте өткөргөн курстан квалификациясын жогорулатып келген. Учурда юридикалык тармак боюнча билим алууда. Араб, орус, өзбек тилдеринде эркин сүйлөйт. 

(Маалыматтар Ош облусунун муфтиянын казыятынын маалымат бөлүмүнөн алынды).


146
Белгилер:
"Ас-Сарахсий", Сүйүналы ажы Калыков, Сирия, Кара-Суу шаары, Кыргызстан
Тема боюнча
Кара-Суунун кармалган имамы 2006-жылы өлтүрүлгөн имам Камаловдун баласы болуп чыкты
Чүй облустук соттун төрагасы Дамирбек Оңолбеков (сол жакта). Архив

Бакиевдин үй-бүлөсүн соттогон. Жапаров көрсөткөн мас судья тууралуу 6 факты

3901
(жаңыланган 20:32 07.06.2021)
Ичимдик ичип талкууга түшкөн судья сот тармагында 30 жылдан бери иштейт. Мурунку президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсүн соттогон. Атасы да мурда жогорку кызматтарды аркалаган, ал эми бир тууган иниси Бажы кызматын башкарган.

Чүй облустук соттун төрагасы Дамирбек Оңолбековдун мас абалда бутуна тура албай иш бөлмөсүнө келгени коомчулукту таң калтырды. Ал видеону бүгүн президент Садыр Жапаров Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин жыйынында көрсөттү. Дал ушул жыйында сот жана укук коргоо тармагын өркүндөтүү маселеси талкууланган.

Sputnik Кыргызстан агенттиги судья Дамирбек Оңолбеков тууралуу фактыларды сунуштайт.

Ушундай болуп калды...

Оңолбеков бүгүн окуя тууралуу кабарчыга комментарий берип жатып мас болуп жумушка келгенин танган жок. Бирок видео былтыр 4-июль күнү тартылганын айтты.

"Былтыр пандемия маалында Чүй облустук сотунда көбү ооруп жаткан. Биз катчылар, аппарат кызматкери болуп иштеп жаттык. Ошол маалда дүрбөлөңгө туш болбойлу деп... Эми түшүнүп жатасызбы, ошондой болуп калды. Аны четке какпай эле коёюн, ар кандай болот, баарыбыз эркекпиз. Анда "кара июль" эле, видео ишемби күнү тартылыптыр. Ошол кезде пандемияга карабай иштеп жатканбыз. Муну (видеону — ред.) ким жеткирди, териштиргим келбейт, кудай өзү көрүп турат. Канча душман, канча досум бар. Баарына жага албайсың", — деген пикирин билдирди.

Ал эми жумушка күн сайын ичип келет деген сөздү четке кагып, мындай такыр мүмкүн эместигин белгиледи. Түзүлгөн жагдайдан улам өз ыктыяры менен кызматтан кетүүгө арыз жазды. Ал арада Судьялар кеңеши Оңолбековду мөөнөтүнөн мурда иштен алууну президентке сунуштады.

Сот тармагында 30 жыл, Чүй облусунда 3 жыл иштеди

Оңолбеков 1966–жылы 31-мартта Фрунзе шаарында туулган. Ал Sputnik Кыргызстанга берген маегинде сот тармагында 30 жылдан бери иштеп келе жатканын айтты. Бул аралыкта Ысык-Көл облустук соттун төрагасынын орун басары, Бишкек аскердик гарнизондук сотунун судьясы болуп иштеген. Ал эми Чүй облустук соттун судьялыгына 2018-жылы 1-февралда ошондогу президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен дайындалган. Кийинчерээк төрага болуп бекитилген.

"Кылымдын сотун" тергеп, Бакиевдин үй-бүлөсүн соттогон

2010-жылдагы 7-апрель коогалаңында Ак үйдүн алдында 80ге чукул адам окко учуп, 300дөн ашууну жаракат алган. Бул окуя боюнча соттук териштирүү ошол жылдын 30-ноябрында башталган.

Аны баштан аяк Бишкек аскердик гарнизондук сотунун судьясы Дамирбек Оңолбеков карап, 2014-жылы 25-июлда өкүм чыгарган. Натыйжада УКМКнын "Альфа" атайын бөлүгүнүн кызматкерлери акталып, Курманбек Бакиев, анын иниси Жаныш Бакиев, мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган. Мындан сырткары, бир катар жооптуу кызматкерлер, аткаминерлер 10 жылдан 25 жылга чейин кесилген.

Бул соттук процесс тарыхта эң узак убакытка созулган жана көлөмдүү, ошол эле учурда чуулуу иш болуп, эл арасында "Кыргызстандагы кылым соту" деп аталып калды. Себеби соттук териштирүү 3 жыл 8 айга созулуп, 95 томдон турган материал даярдалган. Ал эми өкүм 400 бет болуп жазылып, аны бир жума окуган.

Атасы КГБда иштеген

Атасы Мадылбек Оңолбеков мамлекеттик жана партия кызматкери болгон. Ал Кыргыз ССРинин Коопсуздук мамлекеттик комитетинде, Юстиция министрлигинде, Жогорку Кеңеште, Конституциялык сотто жетекчилик кызматтарды аркалаган. Былтыр узакка созулган оорудан улам 80 жашында дүйнөдөн өткөн.

Бир тууган иниси Бажы кызматын башкарган

2018-жылы май айында Бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов кызматтан бошотулуп, анын ордуна Алмаз Оңолбеков дайындалган. Ал учурда кеп болуп жаткан судья Дамирбек Оңолбековдун бир тууган иниси. Ага бул кызматты башкаруу шыбагасы бир жылдан ашыгыраак убакытка созулган.

Батирден башка мүлкү жок

2018-жылы киреше-чыгашасы тууралуу тапшырган декларациясында бир жылда 854 233 сом табарын жазган. Аянты 72,1 чарчы метр бир батирге жана бакча тибиндеги 800 чарчы метр жер тилкеге ээлик кылат. Мындан башка мүлкү жок.

Ал эми жакын туугандары бир жылда 430 574 сом тапкан.

Оңолбеков бүгүн берген маегинде төрт жылдан бери дем алышсыз иштеп жатканын, башкаларга окшоп чет өлкөгө эс алууга да чыкпаганын белгиледи. Жадагалса Ысык-Көлгө да бара электигин айтты.

3901
Белгилер:
дайындоо, Чүй облусу, өкүм, Курманбек Бакиев, мас, факты, сот, Дамирбек Оңолбеков
Тема боюнча
Кудай көрүп турат. Жапаров видеосун көрсөткөн мас судья өз версиясын айтты
74 батир, 19 соода жай... УКМК судьянын мыйзамсыз байыганын аныктады
УКМК кармаган Жогорку соттун судьясы Осмоналиев 70 млн. сом төлөп абактан чыкты
Бакиров Өмүрбек Мирзараимович

Бакиров Өмүрбек Мирзараимович өмүр баяны

71
Өмүрбек Бакиров 1978-жылы Ош облусуна караштуу Араван районунун Төө-Моюн айылында туулган. 2001-жылы Кыргыз-өзбек университетинин финансы жана кредит факультетин аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 2001-2008 — жеке ишкер;
  • 2008-2010 — "Гарант" акционердик коомунун директору;
  • 2010-2011 — Жогорку Кеңештин төрагасынын жардамчысы;
  • 2011, июль-сентябрь — Жогорку Кеңештин төрагасынын кеңешчиси;
  • 2011-2015 — Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты;
  • 2018, ноябрь-декабрь — "Кыргызтелеком" ААКсынын төрагасынын кеңешчиси;
  • 2018 — Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты.

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.

71
Белгилер:
Өмүр баяны, депутат, Өмүрбек Бакиров
АКШ президенти Жо Байден

Байдендин маалымат жыйынына россиялык журналисттерди киргизбей коюшту

0
Россия лидеринин жыйынтыктоочу маалымат жыйынына АКШлык журналисттер дагы катышып, суроолоруна жооп ала алышты.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Россиялык журналисттерди АКШ президенти Жо Байдендин маалымат жыйынына киргизбей коюшканын Sputnik International кабарлады.

Маалыматка карганда, аларды аталган иш-чарага аккредитациядан өткөрбөй коюшкан.

Ак үйдүн маалымат кызматы чет элдик журналисттерди каттоого ала турган кызматкердин байланыш номерин берген. Бирок ал россиялык журналисттердин өтүнүчүн көңүл сыртында калтырып койгону айтылат.

Эске салсак, бүгүн Жо Байден менен Владимир Путин Женева саммитинен кийин Ла Гранж вилласынан көрүшүп, эки этап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Россия лидеринин жыйынтыктоочу маалымат жыйынына АКШлык журналисттер дагы катышып, суроолоруна жооп ала алышты.

0
Белгилер:
журналист, Женева, Владимир Путин, Жо Байден
Тема боюнча
Өзөктүк согушта жеңүүчү болбойт! Путин менен Байдендин биргелешкен билдирүүсү
Путин Байден менен жолугушуусу кандай өткөнүн айтып берди
Путин: Байден “жан алгыч” деп эмнеге айтканын түшүндүргөн
Путин менен Байден RT жана Sputnik радиосунун ишин талкуулады