Эмгек жолу:
Эмгек жолун ЭЛУАДда инженер болуп баштаган.
1986-1991-жылдары Нарын жол-курулуш башкармалыгында инженер-курулушчу болуп иштеген.
1991-1992-жылдары – Нарын автожолдорду иштетүү башкармалыгынын материалдык-техникалык жабдуу бөлүмүнүн башчысы.
1992-жылдан 1994-жылга чейин — «Аман» фирмасынын директору.
1994-жылдан1996-жылгы чейин — «Аман ЛТД» фирмасынын директору.
1996-жылдан 1998-жылга чейин — «Эверест-ко ЛТД» коммерциялык фирмасынын өндүрүш президенти.
1998-жылдан 2001-жылга чейин – Нарын областы боюнча «Кыргызалко» ГАКынын өкүлчүлүгүнүн директору.
2000-жылы №21 Ат-Башы шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынына депутаттыкка шайланган.
2003-жылы Жогорку Кеңештин Эл аралык жана тышкы экономикалык маселелер жана парламенттер аралык байланыштар боюнча комитетинин төрагасы, КМШ ПААнын Эл аралык иштер боюнча комитетинин мүчөсү болгон.
2005-жылы КРдин Жогорку Кеңешине №33 Нарын шайлоо округунан депутаттыкка шайланган, Эл аралык иштер жана парламент аралык байланыштар боюнча комитетти жетектеген. 2004-2007-жылдары – Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин төрагасынын орун басасары.
2010-жылдын октябрында «Ата Мекен» социалисттик партиясынын тизмеси менен V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттыкка шайланган. «Ата Мекен» фракция жетекчисинин орун басары.2012-жылдын ноябрынан тартып Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы.
Жогорку Кеңештин Жапония жана Араб өлкөлөрү боюнча достук тобунун жетекчиси. КМШ Парламент аралык Ассамблеясынын (ПАА) Саясий маселелер жана эл аралык кызматташуу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары. Кыргызстандын Материалдык эмес маданий мурастар боюнча комиссиясынын төрагасы. «Кагошима-Кыргызстан» кыргыз-жапон уюмунун президенти.
Юридика илимдеринин кандидаты. КРдин Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси. ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары.
Мамлекеттик кызматтын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы.
Канатбек Тургунбековдун өмүр баяны жана эмгек жолу тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган "Таржымал" рубрикасынан таанышууга болот.
Тургунбеков Кыргыз айыл чарба университетинде зооинженер адистигин, Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинде юрист-укук таануучу адистигин аяктаган.
Эмгек жолу:
Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы. Финансы полициясынын полковниги, Мамлекеттик кызматтын I класстагы кеңешчиси.
Жоробай ажы Шергазыев 1974-жылы 27-августта Баткен облусунда туулган. Диний жогорку билимге ээ болгон.
Билими:
Эмгек жолу:
Үй-бүлөлүү, үч уул, бир кыздын атасы.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Балбайлык окуучу Бекболот Турдушев президент Садыр Жапаров менен жолукту. Ал Instagram баракчасына өлкө башчысы менен жолуккан учурда тартылган сүрөттөрүн жарыялаган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына президент окуучу бала менен жолугууга убада бергенин белгилеп кетти.
Бекболот Турдушев мектебинин эскилиги жеткенин айтып, эки кабат мектеп салып бериңиз деп өлкө башчысына кайрылгандан кийин интернет жылдызына айланган.Ошондон кийин Бекболоттун Жапаров менен жолуга турганы тууралуу маалымат тараган.
Президенттин маалымат кызматы Жапаров Россияга болчу сапарынын алдында окуучу бала менен жолугуу каралган эмес дешкен.
Көп өтпөй Жапаров видео байланыш аркылуу Бекболот Турдушев менен сүйлөшкөнүн өлкө башчысынын маалымат кызматы кабарлаган.