Тойчубеков Юруслан Жуманович. Өмүр баяны

© пресс-служба ЖК КРЮруслан Тойчубеков. Архив
Юруслан Тойчубеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Юруслан Тойчубековдун өмүр баянын жана ишмердүүлүгүн Sputnik агенттигинин маалым катынан окуңуз.

Юруслан Тойчубеков 1949-жылдын 10-июлунда Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Кыргызстан айлында туулган. Жогорку билимдүү. 1972-жылы Скрябин атындагы айыл чарба институтунун экономика факультетин аяктаган.

Эмгек жолу:

 

  • 1972 — 1983 — айыл чарба институтунун комсомол комитетинин катчысы, инструктор, комсомол БК бөлүм башчысы, комсомол БК катчысы, Нарын облустук комсомол комитетинин экинчи катчысы, БСЛЖКС БК жооптуу уюштуруучусу;
  • 1986 – 1990 — Кыргыз ССРинин кинематографисттер союзунун экинчи катчысы;
  • 1990 — 1992 — "Жумаке-Адил" өндүрүштүк каржы концернинин президенти;
  • 1992-1995 — "Адил" эл аралык кыргыз-швейцар банкынын президенти;
  • 1995-1997 — "Манас-Ата" коомунун президенти;
  • 1997-1999 — Бишкектин мамлекеттер аралык банк өкүлчүлүгүнүн директору;
  • 1999-2001 — Баткен облусунун губернаторунун биринчи орун басары;
  • 2001-2005 — "Манас-Ата" коомунун президенти;
  • 2005-2009 — КР өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик финансы рыногун башкаруу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы;
  • 2009 — 2011 — Экономикалык башкаруу министрлигине караштуу стандартташтыруу жана метрология борборунун директору;
  • 2011- 2014 — КР өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каржы рыногун башкаруу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0