Рафик Мамбеталиев Соорбекович. Өмүр баяны.

© Нурбек АбдыкадыровРафик Мамбеталиев. Архивное фото
Рафик Мамбеталиев. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рафик Мамбеталиевдин эмгек жолу жана өмүр баяны туурасында Sputnik маалымат сайтынын Таржымалынан таанышыңыз.

1976-жылы 19-январда Чүй облусунун Панфилов районундагы Панфиловка айылында туулган.

1997-жылы ИИМдин жогорку милиция мектебин бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 1997-2002 — ж.ж. — Жайыл районундагы Кара-Балта шаарында кылмыш иликтөө бөлүмүндө иштеген.
  • 2002-2005 — ж.ж. — ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын өлтүрүү жана буюртма менен өлтүрүүнү иликтөө бөлүмүнүн кызматкери, кийинчерээк ага кызматкери.
  • 2006-2007- ж.ж. — ИИМдин аба транспорту боюнча кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы.
  • 2008-ж. — ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын өлтүрүүлөрдү иликтөө боюнча бөлүмүнүн жетекчиси. 
  • 2009-ж. — Свердлов райондук Ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары. 
  • 2009-ж. — Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчисинин  кылмыш иликтөө боюнча орун басары.
  • 2010-ж. — Жайыл районунун Ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары. 
  • 2010-2012-ж.ж. — Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жетекчиси. 
  • 2013-ж. — Октябрь райондук Ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси. 
  • 2014-2014-ж.ж. — 2014-жылдын октябрынан тарта Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары, кийинчерээк башчысы 
  • 2015-ж. — ИИМдин 10-бөлүмүнүн жетекчиси.
  • 2015-ж. — Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчиси.

Сыйлыктары: 2003-жылы "Эрдик" медалы менен сыйланган.

Милициянын полковниги, үй-бүлөлүү, төрт баласы бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0