Коркмазов Хаджимурат Зулкарнаевич ЖК депутаты. Архивное фото

Коркмазов Хаджимурат Зулкарнаевич. Өмүр баяны

164
(жаңыланган 12:47 27.11.2015)
Коркмазов Хаджимураттын Зулкарнаевичтин эмгек жолу жана өмүр баяны туурасында Sputnik маалымат сайтынын Таржымалынан таанышыңыз.

1953-жылдын 26-октябрында Чүй областынын Аламүдүн районундагы Васильевка жүзүмчүлүк совхозунда туулган.

Жогорку билимдүү. 1985-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин “юрист-укук таануучу” адистиги боюнча бүтүргөн. 1971-1972-жылдары Кант районунун Киршелк кыштагындагы Фрунзе айыл чарба техникумунда окуган. 1972-1974-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1975-жылдары Фрунзе айыл чарба техникумун бүтүргөн.

Эмгек жолу: 

  • 1975-жылы Москва районундагы "Заветы Ильича" колхозунда зоотехник болуп иштөөдөн баштаган, андан кийин Сүт-товар фермасынын башчысы болуп иштеген.
  • 1979-1981-жылдары ушул колхоздун комсомол уюмунун катчысы болгон.
  • 1981-1994-жылдары Кыргыз Республикасынын ИИМнин Сокулук райондук ИИБсинде оперуполномоченный, бөлүмдүн начальниги болуп иштеген.
  • 1994-жылы Кыргыз Республикасынын Жогору Кеңешинин Президиумунун Аппаратынын укук бөлүмүнүн улук консультанты, Укук коргоо жана мыйзамдуулук маселелери боюнча бөлүмдүн улук консультанты болуп иштеген.
  • 1995–2000-жылдары — Кыргыз Республикасынын I чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты болгон. 1998-2000-жылдары Мыйзам чыгаруу жыйынынын Соттук-укуктук реформа боюнча комитетин жетектеген.
  • 2000-2005-жылдары — Кыргыз Республикасынын II чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты;
  • 2005-2007-жылдары — Кыргыз Республикасынын III чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаты; 
  • 2006 – 2007-жылдары Жогорку Кеңештин Укук тартиби жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетин жетектеген.
  • 2007-2010-жылдары – Кыргыз Республикасынын IV чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаты. 
  • 2007-2009-жылдары Жогорку Кеңештин Коргонуу, коопсуздук, укук тартиби жана сот-укук реформасы боюнча комитетинин төрагасынын орун басары, 2009 – 2010-жылдары Жогорку Кеңештин Коргонуу, коопсуздук, укук тартиби жана сот-укук маселелери жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары.
  • 2011-жылдын сентябрь айында "Ата-Журт" саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп келген. Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин мүчөсү.

Сыйлыктары: "Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн" I даражадагы медалы (2001-ж.) менен сыйланган. Мамлекеттик кызматтын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси. Милициянын генерал-майору деген атайын наамы бар.

Үй-бүлөлүү, бир баланын атасы.

164
Белгилер:
Хажимурат Коркмазов
Тема:
Депутат Хаджимурат Коркмазовдун кармалышы (23)
Нарын шаарынын мэри Арслан Сталбек уулу

Нарын шаарына мэр болгон Арслан Сталбек уулу тууралуу эмне белгилүү

950
(жаңыланган 13:07 22.10.2021)
Арслан Сталбек уулу 1990-жылы 2-апрелде Нарын шаарында туулган. Ал "Ататүрк — Ала-Тоо" эл аралык университетинен билим алып, каржы, насыя жана банк иштери адистигине ээ болгон.

Эмгек жолу:

  • 2013-2015 — KICB банкында насыя боюнча эксперт;
  • 2015 — "Бакай банкы" ААКсында насыя боюнча эксперт;
  • 2016-2017 — "Бакай банкы" ААКсында насыя бөлүмүнүн башчысы;
  • 2017-2018 — "Азия банкы" ЖАКта насыялык операцияларды текшерүү бөлүмүнүн адиси;
  • 2020-2021 — С. Муканбетов атындагы бетон заводунда башкы инженер;
  • 2021 — "М.СТАРД" курулуш компаниясынын директорунун орун басары.
  • 2021-жылдын октябрь айы — Нарын шаарынын мэри.

Үй-бүлөлүү, эки кыз, бир уулдун атасы.

950
Белгилер:
Арслан Сталбек уулу, Өмүр баяны, таржымал, мэр, Нарын шаары
Тема боюнча
Ош шаарына мэр болгон Алмаз Мамбетовдун өмүр баяны
Аткаминер. Архив

Сарбанов Улан Кытайбекович өмүр баяны

89
(жаңыланган 13:50 19.10.2021)
Улан Сарбанов 1967-жылдын 28-майында туулган. 1991-жылы Новосибирск мамлекеттик университетинин экономика факультетин аяктаган. 1999-2001-жылдары Москва шаарындагы Мамлекеттик башкаруу университетинде билимин тереңдетип, экономика илимдеринин кандидаты болгон.

Эмгек жолу:

  • 1991-1993 — Новосибирск шаарындагы Экономика жана өнөр жай өндүрүшүн уюштуруу институтунда кенже кызматкер;
  • 1993-2006 — КР Улуттук банкында башкы инженерден тарта башкармалыктын төрагалыгына чейин жеткен;
  • 2001-2002 — Борбордук Азиядагы Америка университетинде мугалим;
  • 2003-2007 — Кыргыз улуттук университетинде банк менеджменти кафедрасынын жетекчиси;
  • 2007-2008 — "Экобанк" ААКсынын директорлор кеңешинин төрагасы;
  • 2007-2011 — Кыргыз улуттук университетинде мугалим;
  • 2008-2009 — "Демир кыргыз интернэшнл банк" ЖАКсында директорлор кеңешинин мүчөсү;
  • 2009-2010 — "АУБ-Благотворительность" фондунун аткаруучу директору;
  • 2009 – 2011 — Борбордук Азиядагы Америка университетинде камкорчулар кеңешинин мүчөсү;
  • 2011-2013 — Евразия өнүктүрүү банкында бөлүм башчы;
  • 2013-2015 — "Россия инвестиция банкы" ААКсында директорлор кеңешинин мүчөсү, башкармалык төрагасы;
  • 2014-2021 — КРдин депозиттерди коргоо агенттининин консультативдик-адистик кеңешинин мүчөсү;
  • 2015-2021 — Экономика министрлигинин алдындагы эксперттик кеңештин мүчөсү;
  • 2015-2016 — "Россия инвестиция банкы" ААКсынын директорлор кеңешинин төрагасы;
  • 2019-2020 — Улуттук илимдер академиясында башкы илимий кызматкер;
  • 2021-жылдын 19-октябрынан тарта Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын жетекчиси.

Орус, англис тилдеринде сүйлөй алат. 2-класстагы мамлекеттик кеңешчи.

89
Белгилер:
Улан Сарбанов, Өмүр баяны, таржымал
Тема боюнча
Кошбаков Кайрат Зулпукарович — өмүр баяны
Военнослужащие вооруженных сил Белоруссии на оперативно-стратегических учениях коллективных сил Организации Договора о коллективной безопасности (ОДКБ) Эшелон-2021 на полигоне Харбмайдон в Таджикистане.

НАТОнун "баш оорусу": Беларусь моюн сунгусу жок

0
Беларусь Россия менен союздаштыкты бекемдөөдө. Буга жаңы пландар, биргелешкен машыгуулар, аскердик жана аскердик-техникалык өз ара аракеттешүү, күчтөрдү жана башкаруу органдарын даярдоо масштабын кеңейтүү чаралары далил.

Узаган жумада Беларусь Республикасы жана Россия Федерациясынын коргоо министрлеринин коллегиясы өтүп, 2022-жылга карата кызматташуунун – биргелешкен 139 иш-чаранын пландары бекитилди. Аларда Беларусь жана Россиянын аскердик багыттагы бириккен тутумдарын, эки өлкөнүн күчтөрүнүн чөлкөмдүк топторун өнүктүрүү, ошондой эле радиациялык, химиялык жана биологиялык коргоо, радиоэлектрондук күрөш, топогеодезиялык жана навигациялык камсыздоо тармактарындагы кызматташуу камтылган. Эки союздаш мамлекеттин ортосундагы алакалар жана ушул багыттагы кызматташууларын аскерий баяндамачы Александр Хроленко талдаган.

Минск жана Москва 2023-жылы "Союз калканы" биргелешкен стратегиялык окууларды өткөрүүгө макулдашып, Беларусь Республикасынын аймагында РФтин аскердик объектилерин (Барановичи шаарында ракеталык кол салуунун алдын алуу тутумдар түйүнү жана Вилейка калаасындагы РФ Аба-деңиз флотунун радиостанциясы) жайгаштыруу жөнүндө келишимди узартышты.

Өлкөлөр союздаш мамлекеттердин коргоо тармагындагы аракеттердин биримдигин, милдеттерди аткарууга умтулууну тастыкташты. Батыш өлкөлөрү тарабынан коопсуздук коркунучу, саясий жана экономикалык кысымы аталган Россия менен Беларусту жакын арада союздаш мамлекеттин жаңы аскердик доктринасын кабыл алууга аргасыз кылууда. Беларусь жана Польша, Беларусь - Литва чек араларында кооптуу чыңалуу бар.

Мурда Варшава беларустук чек арачылар польшалык жоокерлерди аткылаганын кабарлаган. Эске салсак, анда жабыр тарткандар болгон эмес. Беларустун "баш ийбестигине" Минскинин Москва менен аскердик кызматташуусуна жамааттык Батыштын кыжыры кайнап келет. Лексингтон институтунун (АКШнын мамлекеттик саясат аналитикалык борбору) улук талдоочусу Сара Уайт: "Беларустун саясий тутуму, экономикасы жана Куралдуу күчтөрүнүн бардык деңгээлдериндеги Россиянын орду НАТОнун батыш фронтун кескин түрдө артка түртөт. Анан да эгер Россия жана Беларусь бир саясий түзүмгө бириксе, НАТОнун аталган фронттун чегиндеги мамлекеттерине тобокелдигин болжоо да мүмкүн эмес" - дегени бар. Кандай тобокелдик болушу мүмкүн экени түшүнүксүз, бирок НАТОго чыгыш европалык өлкөлөрдүн мүчөлүгү, аталган альянстын 1991-жылдан берки абалы сымал эле рационалдуу негизге ээ эмес.

Кимдин ким экени...

РФ коргоо министри Сергей Шойгу 20-октябрда россиялык-беларустук аскердик коллегияда кабыл алынган чечимдер союздаш мамлекеттин коопсуздугун 2024-жылга дейре бекемдөөнү өбөлгөлөй турганын билдирди.

Беларусь жана Россия эч кимге кооптуулук туудурбайт, жамааттык Батыштын саясий, экономикалык жана аскердик кысымына гана жооп кайтарат. РФтин Брюсселден Вашингтонго чейинки мейкиндиктеги агрессорлорго асимметриялык өч алууга кепилдигин туюндурган Аскердик доктринасын Пентагон жана НАТОдогулар көңүлгө түйүп алганы дурус. Кошмо Штаттардын аскердик-саясий эркинен көз каранды болгон европалык 28 өлкөнүн жетекчилери бул механизмдин бар-жогуна ишенип же ишенбей кое алышар, бирок аскер жетекчилери жооп иретиндеги өзөктүк соккунун натыйжалуулугу жана сапатын иш жүзүндө сынабай эле койгону оң.

Чыгыш Европада андай аскердик авантюраларды пландоонун өзү франциялык президент Эммануэль Макрон эки ирет диагноз койгондой НАТО "акылдан тайганы" болмок.

Негизги көйгөй миграция эмес

Балтика өлкөлөрү жана Польшанын аскердик бөлүктөрү НАТОнун контингентинин курамында Ирак жана Афганистандагы тынчтык жана калыптанып калган жашоо образын бузууга катышканы унутула элек. Бүгүн аталган ушул эки мамлекеттен агылган көч Прибалтикага жетип калды. Аларды азыр зым менен тосулган дубалдар да, куралчан чек арачылар да токтото албайт. Варшава менен Вильнюс азыркы окуялардын маңызын түшүнгүсү да жок. Жоопкерчиликти алар Минск менен Москванын "гибриддик агрессиясына" жүктөөгө тырышууда.

Польшанын бийликтеги "Укук жана адилеттүүлүк" партиясынын лидери Ярослав Качиньский 19-октябрда өлкөсүнө каршы "көп тепкичтүү гибриддик согуш" жүргүзүүдө деп Россияны айыптады. Айтымында, бул ири держава дароо эки фронтто, атап айтканда, Беларусь Республикасы менен чектешкен жерде жана Варшавада мигранттарды колдоп чыккан оппозицияны пайдалануу менен Польшага каршы иш жүргүзүп жаткан имиш.

Былтыркы жылдын аягында Польшада стратегиялык командалык-штабдык окуулар өткөн. НАТОнун стратегдеги америкалык Abrams танкалары, HIMARS залптык ок тутумдары, Patriot зениттик-ракеталык комплекстери жана ал тургай F-35 истребителдеринин коштоосундагы "чыгыштагы душман" менен согуштун сценарийин түзүп чыккан. Баса, аталган истребителдер Польшанын колуна 2026-жылдан эрте тийбей турганы анык.

Альянс аскердик инфраструктураны бекемдеп, ошол эле убакта батыш багытында аскердик-саясий кырдаалды курчутууда. НАТОнун коргоо министрлери 21-октябрда "эки деңиз ортосундагы согуш" (Балтика жана Кара деңиз) Россияга каршы стратегиясын макулдашууга чогулганы маалым.

Россия менен альянстын алакасы Брюсселдин демилгеси менен үзүлдү. Пентагондун башчысы жеке өзү Тбилиси, Киев, Бухарестте сателиттердин аскердик духун көтөрүүдө. Батыш аналитиктери бул окуялардын ырааттуулугунан "согушка даярдыкты" баамдап, "эки дөө урушса, ортосунда чымын өлөт" дегендей, АКШ менен РФтин тирешинде чыгыш европалык өлкөлөрдүн жабыр тартарын, кокус куралдуу чоң жаңжал тутанып кете турган болсо, эң оболу НАТОнун чечим кабыл алуучу борборлору жок кылынарын болжошот. Америкалык эксперттер жогорку технологиялык куралдануу жаатында Россия Кошмо Штаттарды караандатпай турганын, Үчүнчү дүйнөлүк согушта утуларын боолголошот.

Вашингтондогу Heritage Foundation аналитикалык борбору АКШнын Аба-аскердик жана Космостук күчтөрүнүн бардык багыттагы дарамети жана согуштук мүмкүнчүлүктөрүн "маргиналдуу" жана "чабал" деп белгилегенинен кабардарбыз. Москвада өткөн Беларусь жана Россиянын күч органдарынын биргелешкен коллегиясы союздаш мамлекеттин коргоо дараметин жогорулатуу, Пентагон менен НАТО аларга чектеш Балтика, Польша жана Украина аймагынан сокку ура турган болсо мизи катуу кайтарыларын дагы бир ирет эскерткендей болду.

Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.

0
Белгилер:
Беларусь, Россия, НАТО, альянс, Аскер, күч, биригүү, машыгуу, техника