Салиева Батыш Салиевна. Өмүр баяны.

© Фото / предоставлено пресс-службой аппарата президента КРБатыш Салиева
Батыш Салиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыш Салиеванын өмүр баяны менен Sputnik даярдаган таржымалдан таанышыңыздар.

Батыш Салиева 1922-жылдын 1-июлунда Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Талды-Суу айылында төрөлгөн. Апасы – Калугина Анастасия Дмитриевна, атасы – Саалы Арбото уулу.

Эмгек жолун Салиева мектепте пионер уюмунун жетекчиси болуп баштаган, андан кийин Ош облусунун коммунисттик партиянсын Өзгөн райондук комитетинин биринчи катчысы болуп иштеген.

Эмгек жолу:

 

  • 1943-жылы – Талды-Суу райкомунун биринчи катчысы.
  • 1944-жылы – Коммунисттик партиянын Талды-Суу райкомунда аялдар иши боюнча бөлүм башчы.
  • 1952-1953-жылдары – Москвадагы Советтер союзунун комсомолдук партиясынын борбордук комитетинде партия органдарынын бөлүмүндө инструктор.
  • 1953-1966-жылдары – Кыргыз ССРинин социалдык коргоо министри
  • 1966-1973-жылдары – Республикалык профсоюздар кеңешинин башчысы.
  • 1973-1985-жылдары – Кыргыз ССРинин социалдык коргоо министри.

 

Салиева эки жолу СССР Жогорку Советине депутат болуп шайланып, саламаттык сактоо жана социалдык камсыздоо комиссиясын жетектеген. 25 жыл Кыргыз ССР Жогорку Советинде депутат болгон. Орто Азиянын профсоюздар кыймылынын ардагерлер кеңешинин ардактуу мүчөсү болгон.

Салиева Кызыл Туу эмгек ордени менен эки жолу жана СССРдин башка көптөгөн медалдары менен сыйланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0