Султанов Марат Абдыразакович. Өмүр баяны

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүПортфель. Архив
Портфель. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Султанов Марат Абдыразаковичтин эмгек жолу жана өмүр баяны туурасында Sputnik маалымат сайтынын Таржымалынан таанышыңыз.

1960-жылдын 6-декабрында Фрунзе шаарында туулган.

Жогорку билимдүү. 1983-жылы Москвадагы Болот жана эритиндилер институтун бүтүргөн. Ушул эле ЖОЖдун аспирантурасына кирген.

Эмгек жолу. 1985-жылдан баштап бир эле учурда Жарым өткөргүчтөр материалын таануу кафедрасынын кенже илимий кызматкери болуп иштеген.

  • 1987-жылы аспирантураны бүткөндөн кийин Кыргыз улуттук университетине окутуучулук ишке кирип, доцентке чейинки эмгек жолун басып өткөн.
  • 1987-1992-жылдары чакан өндүрүшкө киргизүү ишканасынын жетекчиси болгон.
  • 1992-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынынын бөлүм башчысы, башкармасынын төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп иштеген.
  • 1993-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук банк башкармасынын төрагасынын орун басары кызматында эмгектенген.
  • 1994-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук банк башкармасынын төрагасы кызматын ээлеп, 1999-жылдын июлунда өзүнүн каалоосу боюнча отставкага кеткен.
  • 2000-2005-жылдары II чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынын депутаты, "Эл үчүн" депутаттык тобунун жетекчиси, Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы болгон. 
  • 2005-жылдын мартында III чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттыкка шайланган.
  • 2005-жылдан тартып 2006-жылга чейин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук, сот-укук реформасы жана адам укуктары боюнча комитеттин төрагасы болгон; 2006-жылдын мартынан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы кызматын ээлеген. 
  • 2007-жылдын декабрында Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагалыгына дайындалган.
  • 2009-жылдын январынан тартып Кыргыз Республикасынын финансы министри кызматында иштеген.
  • 2010-жылдын октябрында V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттыкка шайланган. Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин мүчөсү. 

Улуттук валютанын – сомдун киргизилишин даярдоого жана туруктуу иштешин камсыз кылууга кошкон салымы үчүн «Даңк» медалы менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти. Физика-математика илимдеринин кандидаты. Физика жана жарым өткөргүчтөрдүн материал таануу жаатындагы 50дөн ашуун илимий эмгектердин автору.

Мамлекеттик кызматтын I класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0