Кыргызстандын партиялары: "Бир Бол"

Жазылуу
"Бир Бол" либералдык-демократиялык партиясы" 2010-жылы түзүлүп, ушул эле жылы Адилет министрлигинен каттоодон өткөн.

Партиянын түптөөчүсү — ЖКнын бир нече чакырылышынын депутаты Алтынбек Сулайманов. Партиянын аткаруу комитетинин жетекчиси Досалы Эсеналиев. 

"Бир Бол" партиясынын курамына учурдагы парламенттин депутаттары Марат Султанов, Алтынбек Сулайманов, Исхак Пирматов, Абдыжапар Бекматов, Нурбек Мурашевдер кирет.

Партия элге "Акылга таразалоо" платформасын сунуштаган. Жарандык тынчтыктын жана саясий туруктуулуктун бекемдиги өлкөбүздөгү бакубат жашоонун жана анын өнүгүшү үчүн зарыл шарт деген ишенимде. 

Платформада партия коомдун көңүлүн экономикада реалдуу оң жылыштарга жана элдин бакубат жашоосуна жетишүүгө ниеттенип жаткандыгы айтылат. Мамлекетти жогорку деңгээлдеги иш билги өкмөт башкарышы керек деп эсептейт. 

Партия жергиликтүү деңгээлде да иш алып барып келет, алардын Токтогул, Кара-Суу шаардык кеңештеринде депутаттары бар.

2015-жылдын башында Мыктыбек Абдылдаев турган "Кыргызстан саясий күчтөрүнүн Альянсы" саясий партиясы бир саясий күч болуп алдыдагы парламенттик шайлоодо "Бир Бол" партиясынын тизмеси менен катышарын жарыя кылган. Кийинчерээк буларга Акылбек Жапаров жетектеген "Кут" саясий партиясы кошулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0