Кыргызстандын партиялары: "Аалам — партиясыздардын партиясы"

Жазылуу
"Аалам — партиясыздардын партиясы" 2007-жылы парламенттин мурдагы депутаты Арсланбек Малиев тарабынан түзүлгөн.

Азыр партиянын лидерлери — Арсланбек Малиев жана ЖКнын депутаты, "Ата-Журттан" келген Жылдызкан Жолдошова.

Партиянын талапкерлеринин тизмесинде мамлекеттик кызматкерлер, шаардык жана айыл кеңештеринин депутаттары, юристтер менен ишкерлер бар.

Шайлоо алдындагы программасына ылайык, партия жалпы адамзаттын баалуулуктарына негизделген "чыныгы адилет коомду" жаратууга, демократиялык-укуктук мамлекет курууга өбөлгө түзүүнү көздөйт. 

Ошондой эле партия адамдардын эркиндигин, коопсуздугун жана бейкуттугун тааныган саясатты көздөөчү мамлекеттик бийликтин орношуна өбөлгө жаратууну максат кылат. 

Мындан тышкары, программада жарандардын социалдык абалын жакшыртуу, бардык жарандарга билим алууга, ишке жана турак-жайга карата укук берүү белгиленет.

Жаңылыктар түрмөгү
0