Кыргызстандын партиялары: "Республика-Ата Журт"

Жазылуу
"Республика-Ата Журт" саясий партиясы 2014-жылы 20-октябрда "Республика" жана "Ата Журт" партияларынын биригүүсүнөн пайда болгон.

Партиянын сайтында анын лидерлери Өмүрбек Бабанов менен Камчыбек Ташиев теңтөрагалык кылат деп айтылат. "Республика" жана "Ата Журт" фракциялары Жогорку Кеңештин 120 мандатынын 51ине ээ. 

2015-жылы 30-июлда аталган саясий биримдикке "Реформалар үчүн" партиясы кошулган. 

Партия парламентарийлерди артыкчылык укуктардан — кызмат унаасынан жана батирден, дагы башка жеңилдиктерден ажыратып, өлкөнүн Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү ниетинде.

"Республика" партиясы 2007-жылы түзүлгөн. 2010-жылы 5-июндагы кезексиз съездинде Өмүрбек Бабанов жаңы лидер болуп шайланган. 2010-жылдын күзүндө өткөн шайлоодон кийин партия 23 мандат менен ЖКга кирген. 

"Ата-Журт атуулдук партиясы" 2006-жылы ноябрда түзүлүп, 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо Жогорку Кеңешке 28 мандат менен кирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0