Кыргызстандын партиялары: "Ата Мекен"

Жазылуу
"Ата Мекен" партиясы 1992-жылы 16-декабрда түзүлгөн. Өмүрбек Текебаев 1994-жылдан бери социалисттик партиянын лидери болуп келет деп айтылат саясий бирикменин сайтында. 1999-жылдын апрелинде партия кайра каттоодон өткөн.

20010-жылдагы парламенттик шайлоодо "Ата Мекен" партиясы 18 депутаттык орунга ээ болгон.

Өз уставында партия республиканын жана чет мамлекеттердин демократиялык кыймылдары жана саясий уюмдары менен көз карандысыздык, теңдештик, өз ара сый-урмат жана бири-биринин ички иштерине кийлигишпөө принциптеринин негизинде кызматташууга умтула турганын көрсөткөн. 

"Ата Мекендин" программасында артыкчылык баалуулуктарына ээ катары тең укуктуулук, демократиялык негиздеги катышуулар, тарых жана салттар, жалпы улуттук өзүн өзү таануучулукту калыптандыруу, социалдык инфраструктура объектилер үчүн мамлекеттин жоопкерчилиги, ишкердикти коргоо жана жеке менчиктин кол тийбестиги белгиленген.

Саясий бирикме мамлекетти башкаруунун борбордон ажыратылышын, аткаминерерлердин жоопкерчилигин жана коомду кылмыштуу көрүнүштөрдөн арылтууну колдойт деп айтылат партиянын сайтында.

Жаңылыктар түрмөгү
0