Кыргыз эл баатыры Турдакун Усубалиевдин 95-жылдык юбилейинде. Архив

Турдакун Усубалиев Усубалиевич. Өмүр баяны

13557
(жаңыланган 11:22 07.09.2015)
Усубалиев Турдакун Усубалиевичтин эмгек жолу жана өмүр баяны менен Sputnik маалымат сайтынын Таржымалынан таанышыңыз. Ал 24 жыл бою Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы болуп иштеген.

Турдакун Усубалиев 1919-жылы Кочкор районундагы Кочкор кыштагында туулган. Ал 2015-жылы 6-сентябрда узакка созулган оорудан каза болду. 

  • 1941-жылы Кыргыз мамлекеттик педагогика институтун бүтүрүп, Кочкор кыштагындагы орто мектепте, партиянын Кочкор райкомунда, Кыргызстан Коммунисттик партиянын Борбордук комитетинин аппаратында иштеген.
  • 1943-1945 жылдары КПСС БКнын алдындагы Жогорку партиялык мектептин угуучусу болгон, андан кийин он жыл бою КПСС БКнын жооптуу кызматтарында иштеген.
  • 1955-1957 жылдары "Советтик Кыргызстан" газетасынын жооптуу редактору, Кыргызстан Коммунисттик партиянын Борбордук комитетинин бөлүм башчысы болуп эмгектенген.
  • 1958-жылы партиянын Фрунзе шаардык комитетинин биринчи катчысы болгон.
  • 1961-1986-жылдары Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы болуп иштеген.
  • 1985-жылы пенсияга чыккан.
  • 1999-жылы 80 жылдык маарекесине карата "Ак шумкар" өзгөчө белгиси тапшырылган. Кыргызстандын Баатыры эң жогорку артыкчылык даражасына ээ.

Ал ошондой эле, үч Ленин ордени, Октябрь революциясынын ордени, Кызыл Туу ордени, Достук ордени жана биринчи даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган.

13557
Белгилер:
өмүр баян, Турдакун Усубалиев
Тема:
Турдакун Усубалиев дүйнөдөн өттү (15)
Заместитель муфтия Кыргызстана Замир кары Ракиев во время проповедей

Ракиев Замир Шейшенбекович өмүр баян

191
(жаңыланган 20:01 10.08.2020)
Шаарга жаңы дайындалган казы Замир каары Ракиевдин өмүр баяны менен эмгек жолун Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган "Таржымалдан" таанышсаңыз болот.

Замир Ракиев 1978-жылдын 15-февралында Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Шамшы айылында төрөлгөн. Жогорку билимдүү. Бишкек борбордук мечитинин Куран жаттоо медресесин аяктаган.

Билими:

Египеттеги Аль Азхар Ислам университетинен билим алууну улантып, "Университетке даярдоо курсу" жана "Дин негиздери" багыты боюнча билимин жогорулаткан. Бишкек гуманитардык университетинен "Чыгыш таануу — Магистр" адистигине ээ болгон.

Эмгек жолу:

  • 2007-2008 — Чүй облусунун Аламүдүн району, "Абу Бакр Сыддык" медресесинин мугалими;
  • 2008-2010 — Чүй облусунун Аламүдүн району, "Абу Бакр Сыддык" медресесинин директору;
  • 2010-2011 — Нарын облусунун казысы;
  • 2011-2016 — Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийинин орун басары;
  • 2016-2017 — Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн башчысы;
  • 2017-жылдын май айынан тарта муфтийдин орун басары болуп эмгектенип келген.

2020-жылдын 10-августунда Бишкек шаарынын казысы болуп дайындалды.

Үй-бүлөлүү, бир уул, эки кыздын атасы. Араб, орус тилдеринде эркин сүйлөйт.

191
Белгилер:
казыят, Бишкек, Замир Ракиев, өмүр баян, таржымал
Белоруссияда президенттикке талапкерлигин койгон Светлана Тихановская. Архивдик сүрөт

38 жашта. Лукашенкодон тизгин талашкан Тихановскаянын таржымалы

643
(жаңыланган 18:08 10.08.2020)
Светлана Тихановская 1982-жылы 11-сентябрда Беларустун Микашевичи шаарында туулган. 2000-жылы №2 орто мектепти алтын медаль менен аяктаган. Мозырь мамлекеттик педагогикалык университетинде чет тилдер мугалими жана котормочу адистиги боюнча билим алган.

Эмгек жолу:

  • Жогорку окуу жайын аяктаары менен Гомель шаарында жашап, бир катар мекемелерде котормочу болуп иштеген;
  • Чернобыль кырсыгынан жабыркагандарга кайрымдуулук кылган ирландиялык Chernobyl Life Line компаниясы менен кызматташкан;
  • 2020-жылдын 20-майында Беларусь БШКсы анын президенттикке талапкерлигин каттаган;
  • Үй-бүлөлүү, бир уул, бир кыздын энеси.

Англис жана немец тилдеринде сүйлөйт.

643
Белгилер:
өмүр баян, шайлоо, Белоруссия, талапкер
Ливандын желеги. Архивдик сүрөт

Элдин жаалы менен... Ливан өкмөтү отставкага кетүүдө

0
(жаңыланган 21:19 10.08.2020)
Ливандын борборундагы жардыруунун кесепети элдин бийликке болгон нааразычылыгын күчөтүп, башаламандык жаралган.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Ливан өкмөтү толук курамы менен отставкага кеткенин РИА Новости жазды.

Мындай билдирүүнү саламаттык сактоо министри өкмөттүн жыйынынан кийин жар салган. Айрым министрлер кызматын тапшырууну эмитеден баштаганы айтылат.

Эске салсак, 4-августта Ливандын борбору Бейрут шаарында катуу жарылуу болуп, 150дөн ашык адам көз жумса, алты миңден көбурөөгү жабыркаган

Бейруттагы жарылуу: чаңырып эшикке чуркашты. Үйлөнүп жаткандардын качкан видеосу

Мындай трагедия элдин бийликке болгон нааразычылыгын ого бетер күчөтүп, башаламандыкты шарттаган. Акцияга миңдеген киши чыгып, ал бир нече күндөн бери токтобой келет. Кырсыкка чейинки жана азыркы талаптарынын бири өкмөттү отставкага кетирүү болчу.

0
Белгилер:
жарылуу, отставка, өкмөт, Бейрут, Ливан
Тема:
Бейруттагы жарылуу
Тема боюнча
Бейрутта жарылуудан тирүү калган адамдарды издөө иштери аяктады