Комузчу Токтогул Сатылганов айкели. Архив

Токтогул Сатылганов өмүр баяны

(жаңыланган 11:39 08.05.2018)
Токтогул Сатылганов 1864-жылы Азыркы Токтогул районуна караштуу Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү Сасык-Жийде айылында кедей-кембагалдын бүлөсүндө туулган. Энеси Бурма эл оозуна алынган кошокчу болчу. Ал сөздү жамактатып сүйлөй билген, ырга да шыктуу аял эле. Токтогулдун ырчылыгына, төкмөлүгүнө дал ошол энеси Бурма түрткү берген.

Токтогул бала кезинен ырга ынак өсүп, кезиндеги элдик ыр-күлөрдү жатка билген. 13 жашынан эл аралап ырдай баштаган жаш акындын лирикалык жанрдагы "Алымкан", "Насылкан", "Кызыл жоолук" аттуу ырлары күнү бүгүнкүгө чейин өзүнүн баасын жоготпой ырдалып келет. Өз заманынын аң-сезимдүү, кыраакы, терең ой жүгүртө билген инсаны катары Токтогул элдин кайгы-муң, ой-санаасына себепкер социалдык калыссыздыкты, курч маселелерди көз жаздымында калтыра алган эмес. Мисалы, атактуу "Беш каман" аттуу ыры менен элди эзип, күн көрсөтпөгөн беш бир туугандарды сынга алган. Токтогул өз чыгармаларында жашоо-турмуш жөнүндө философиялык көз караштарын да чагылдырган. 

Токтогул элдик оозеки чыгармачылыкта салттуу болуп эсептелген санат, арман ырларын ирилетип, чоң чыгармаларга айланткан. Анын ырчы-төкмөлүк жактан калыптанышына улуу курактагы акын-ырчы, комузчулардын устаттыгы чоң таасир берген. Алардын катарында атактуу Эсенаман, Ниязаалы комузчу, Сары Ырчылар бар. 

Боз үй. Архив
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
1882-жылы Токтогул Дыйканбай аттуу манаптын Арзымат деген ырчысы менен айтышка чыгат. Бул айтыш эл арасында азыркыга чейин айтылып калган. Анда 18 жаштагы өткүр, сөзү курч Токтогул өзүнөн бир топ жаш улуу дасыккан ырчыны жеңип кетет. Акындын өмүр баянын изилдөөчүлөр бир ооздон белгилегендей, ошол айтыш кайсы бир деңгээлде анын тагдырын чечип, төкмө акын терең ойлуу, курч сөзгө да, комузга да шыктуу, үнү да мукам ырчы эле эмес, эл таламын талашып, кедей-кембагалдын мүдөөсүн бий менен байларга жар салган акын катары таанылат. Ал ошонусу менен эл башкаруучуларга жагалданып, аларды мактап күн көргөн "ырчы" аттуулардын көздөрүн далай кызыткан. 

1884-жылы Токтогул үйлөнүп, Топчубай аттуу уулдуу болот. Уулу төрөлгөн соң акын энесинин туугандарынын айылы Ийри-Суу деген жерге көчүп келип, 1898-жылы Анжиян көтөрүлүшүнө катышты деген жалаа менен камакка алынып, Сибирге сүргүнгө айдалып кеткенге чейин жашап калат. 

Ошол кездеги салт боюнча ар бир болуш-бийдин жан-жөкөрлөрүнүн катарында аны мактап, эл чогулган жерде жар салып турган ырчысы болгон. Токтогулдун талантына тамшанган далай бай-манаптар аны өзүнө ырчы кылгысы келген деп айтылат элде. Бирок Токтогул эч кимисине баш берген эмес. Аларга башын ийип жагынып, же алардын кокту толгон малын, сандыгы толгон дүнүйөсүн мактап ырдап кошоматтык кылган эмес. Акындын өмүрүн изилдөөчүлөрдүн пикиринде, анын сүргүнгө жалган жалаа менен айдалышына дал ушулар себеп болгон. 

Токтогул Сибирде да өз өнөрүн таштабай, токойдо дарак кыйып жүрүп, кайыңдан комуз чаап кыргыздын ырлары менен кошо орус ырларын да чертип, өзүнө окшоп эркинен ажырагандардын көңүлүн көтөрөт. Токтогул Иркутскинин түрмөсүндө жети жылдай жатат. Бир нече жолку аракеттен кийин ал өзүнүн түрмөлөштөрүнүн жардамы менен качып чыгып, жөө-жалаңдап бир топ жыл дегенде өз мекенине жетет. Жолдо казак жеринде эле Токтогул деген атты уккан карапайым эл ага жардам кылып, курсагын тойгузуп, баш паана берип, колунан келгени атын миңгизип, ал эптеп айылына келет. Бирок азып-тозуп эптеп элине жеткен Токтогулду үйүндө да кайгы күтүп алат. Кичинекей уулу Топчубай каза болуп, жубайы башка менен турмуш куруп кетет. Аны эки көзү тең күйүттөн көрбөй, жаман алачыкта жалгыз калган энеси тосуп алат. Бирок эрки күчтүү, кайраттуу, сабырын колдон чыгарбаган Токтогул баарына туруштук берет. Элине, жашоого, акындыкка болгон сүйүүсү жеңип чыгат… 

1910-жылы алыскы сүргүндөн качып чыккан Токтогул мекенине совет бийлиги менен тең чамалаш жеткен деп айтылат анын өмүр баяны жөнүндө түрдүү булактарда. Эл үмүтүн жандырган жаңы замандын келишин даңазалаган ырлар ошол кездеги Токтогулдун чыгармачылыгынын өзөгүн түзүп, анын ырлары элдин добушуна айланат. 

Токтогул Сатылгановдун алгачкы "Кедейкан" аттуу китеби 1938-жылы Казань шаарында басылып чыккан. Ага чейин 1928-жылы Кыргыз автономиялык Республикасынын Агартуу боюнча элдик комиссариаты Токтогулду Фрунзеге чакыртып, комуз менен аткарган 18 чыгармасын жаздырып алган. 

Ал эми акындын комузга салып черткен күүлөрү кыргыз фольклордук музыкасынын алтын казынасынан татыктуу орун алган. "Чайкама", "Чоң кербез", "Тогуз кайрык" ж.б. күүлөрү комуз эле эмес, оркестрге салынып аткарылып жүрөт. 

Токтогул 1933-жылы 69 жаш курагында өз айылында каза болгон, сөөгү да ошол жерге коюлган. Уулу Бабажан да атасынын жолун жолдоп комуз четип, кыргыз филармониясынын артисти болгон. 

Ырлары жөнүндө кыскача 

Токтогулдун "Эмне кызык?", "Гүлдөп ал" сыяктуу лирикалык ырлары, жакшы жүрүм-турум, улуу-кичүүнү сыйлоо сыяктуу таалим-тарбиялык маанидеги "Үлгү ыры" сыяктуу санат, насыят ырлары эл оозунда калган. Айтылуу "Алымканды" да Токтогул жараткан. Айылдын сулуусу, ажарлуу Алымканга болгон акындын аруу сезими, экөөнүн тең күйүттүү тагдыры тууралуу 1965-жылы да көркөм тасма тартылган.

Көп ырларында акын жашоонун баркы, чыныгы бийик мамилелер, чыныгы сезимдер жөнүндө ой толгоп, эмгек, ынтымак, адамгерчилик сапаттарды сыпаттайт. 

Мисалы:

Аргымакты жаман деп, бууданды кайдан табасың?

Агайынды жаман деп, тууганды кайдан табасың? 

Ак саманды жаман деп, чөптү кайдан табасың?

Аз дүйнөнү жаман деп, көптү кайдан табасың? 

деп акын элди ынтымакка, колдо барды барктоого, токпейилдикке чакырат. 

Ошол эле мезгилге элдин зар-муңун, оор турмушун баяндаган "Замана" аттуу ыры да жаралат:

Далайларды кор кылып,

Зарланткансың, замана,

Кедейлерди байларга

Карматкансың, замана

Ажыдаардай залимге

Арбаткансың замана

Желмогуздай байларга

Жалматкансың замана.

Акын "Элиме качан жетемин?", "Туткундагы арман", "Айланган тоонун бүркүтү", "Ушундайбы сурагың?", "Азапка түштү өмүрүм" сыяктуу сүргүндө жүрүп кайгыга, өз жерине болгон кусалыкка, акыйкаттын жоктугунан өкүнүчкө толгон ырларын чыгарган. 

Сибирден кайтып келгенден кийинки ырларынын ичинде уулу Топчубай каза болгонун уккандан кийинки чыгарган кошок түрүндөгү "Балам жок" аттуу ыры бар. Бул ырды Токтогулдун замандаштары жана шакирттери Эшмамбет, Калык, Коргоол, Алымкулдар көп кайталап ырдашкан. 

Совет доорунун башталышы менен Токтогул "Жашасын совет өкмөт!", "Кандай аял тууду экен Лениндей уулду" сыяктуу салтанаттуу мактоо ырларын жаңы заманга арнап ырдаган. 

Токтогулдун өмүрүнүн акыркы жылдарында жаралган "Бала элем", "Карылык" сыяктуу арман ырлары анын шакирти Атай Огомбаевдин аткаруусунда жазылып калган. Аларда акын үнү булдбулдай таңшыган жаштыгын эскерип, арман кылганы менен акылман карыя катары жаштарга өз насаатын да айткан. 

Кыргыздын улуу акындарынын бири Тоголок Молдо (ортодо)
© Sputnik / РИА Новости
Улуу акын жаштайынан эле өз чеберчилиги менен жумурай журтту өзүнө тартып турган адам болчу. Токтогул тиги же бул айылга келип конуптур деген кабарды уккан эл жөө-жалаңдап болсо да, адырды ашып, сууну кечсе да, ошол жерге барып акындын таңшыган үнүн угуп кайтышаар эле. Ал ошол кездеги атактуу акындар Алымкул Үсөнбаев жана Эшмамбет Байсеитов менен көп айтышка түшкөн. Тилекке каршы, Токтогулдун өзүнүн айтышканы жазылып калган эмес. Бирок башка акындар алым сабак иретиндеги айтыштарын кайра калыбына келтирип, азыркыга чейин сюжеттүү, көркөм сөзгө жана мазмунга бай чыгарма катары аткарып келишет.

Токтогулдун улуу чеберчилиги жана кайталангыстыгы — анын көп кырдуу талантында. Токтогул Сатылганов баштап кеткен элдик музыкалык-поэтикалык искусствону анын шакирттери жана кийинки муундагы сөз, күү чеберлери азыркыга чейин улантып келет. 

1967-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык негизделип, ал республиканын искусствосуна эмгеги сиңип, зор ийгиликке жеткен чеберлерге ыйгарылып келет. 

Кыргыз улуттук филармониясы Токтогул Сатылгановдун атын алып жүрөт.

Белгилер:
таржымал, өмүр баян, Токтогул Сатылганов
 Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Социалдык фонддун төрагасы Уланбек Асанов

Асанов Уланбек Жалалович өмүр баяны

(жаңыланган 16:02 06.04.2021)
Уланбек Асановдун өмүр баяны жана эмгек жолу тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган "Таржымал" рубрикасынан таанышууга болот.

Уланбек Асанов 1970-жылы 30-ноябрда Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда туулган. Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы. Мамлекеттик кызматтын биринчи класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

Билими:

  • 1988-1993 — Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин экономикалык жана социалдык пландоо факультетин аяктаган.
  • 1998-2000 — Кыргыз мамлекеттик улуттук университети, юриспруденция адистигин бүткөн.

Эмгек жолу:

  • 1990-1994 — Макарон-кондитердик фабрикасында экономист;
  • 1994-1995 — “Кыргызагроминитехпром” мамлекеттик-коммерциялык өндүрүштүк бирикмесинде жетектөөчү инженер;
  • 1995-1998 — Ош электр тармактар ишканасында инженер;
  • 1998-2001 — “Кыргызэнерго” акционердик коомунда инженер;
  • 2001-2003 — “Ошэлектр” ачык акционердик коомунда АСУ башчысы;
  • 2003-2003 — КР Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана түз инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын жардамчысы;
  • 2004-2005 — премьер-министрдин аппарат жетекчисинин жардамчысы;
  • 2005-2006 — президенттин администрация жетекчисинин биринчи орун басарынын жардамчысы;
  • 2007-2007 — премьер-министрдин жардамчысы;
  • 2008-2009 — “Бишкек” Эркин экономикалык аймагынын башкы дирекциясынын аппарат жетекчиси;
  • 2009 — Социалдык фонддун окуу борборунун директорунун орун басары;
  • 2009-2010 — Социалдык фонддун төрагасынын кеңешчиси;
  • 2010-2013 — Социалдык фонддун аппарат жетекчиси;
  • 2013-2021 — Социалдык фонддун төрагасынын орун басары;
  • 2021-жыл, апрель — Социалдык фонддун төрагасы.
Белгилер:
өмүр баян, таржымал, кеңешчи, төрага, Социалдык фонд, Уланбек Асанов
Тема боюнча
Тентишев Эркин Саткынбаевич — өмүр баяны
Финчалгындоонун жаңы башчысы Канатбек Тургунбековдун өмүр баяны
Бишкектеги Ормон хандын эстелиги. Архив

Ормон хан. Кененсарынын башын алып, Кокондун колун кыйраткан "Кызыл тебетей"

(жаңыланган 15:09 15.03.2021)
Кыргыз элинин тарыхында бараандуу орду бар Ормон Ниязбек уулунун өмүр жолу тууралуу Sputnik даярдаган "Таржымалдан" окусаңыз болот.

Сарыбагыш уруусунун чоң манабы, түндүк кыргыздарынын ханы Ормон Ниязбек уулу 1792-жылы Чоң-Кемин өрөөнүндө туулган.

Убагында казак ханы Кененсарыны жеңип бийлигин бекемдесе, Кокон ханынын аталыгы Мусулманкулдун колун артка кайтарып, Чүй жергесин душмандардан коргоп келген. Сырткы душмандарга айбат көрсөтүп, ысымы Россия, Кытай империяларына жеткен кыргыз ханы ички душмандардын кутумунан ажал тапкан.

Sputnik Кыргызстан агенттиги тарыхчылар Асанбек Акматалиев жана Белек Солтоноевдин эмгектерине таянуу менен Ормон хандын таржымалын сунуштайт.

Атагын арттырган куда-сөөктүк саясат

Ормон хандын атасы Ниязбек сарыбагыш уруусунун белгилүү бийи. Айтылуу Калыгул Бай уулу менен Ормон хан ага-ининин балдары, олуя кийинчерээк кеңешчи да болгон.

Тарыхчы Асанбек Акматалиевдин маалыматында, Ормон хан башка уруулар менен мамилесин чыңоого аракет кылган. Бул үчүн кызы Куланды бугунун бийи Боромбайдын уулуна берсе, иниси Төрөгелдиге солтонун бийи Канайдын кызын алып берет. Саяктардын бийи Медет датка менен ымалашып, Чыны бий менен достошкон. Тайлак баатырдын уулу Осмон менен өз уулу Чаргынды достоштурат. Кетмен-төбөлүк бий Ырыскулбекке өз уруусунан кыз алып берет. Ошентип Чүй, Көл, Нарын, Кетмен-Төбө, Талас чөлкөмүндөгү кыргыздарга аттын кашкасындай таанымал болуп, аброю бийиктеген.

Ормондун хан көтөрүлүшү

Ормон Ниязбек уулу түндүк кыргыз урууларынын башын кошуп өзүнчө хандык түзүүнү көздөйт. 1842-жылы Ысык-Көлдүн этегинде 500 боз үй тигилип, кыргыздын курултайын өткөрөт. Курултайга сарыбагыштардан Жантай, Калыгул, Төрөгелди катышса, солтодон Жангарач, Тынаалы баштаган топ келип кошулган. Андан сырткары, саяктарды баштаган Медет датка, бугулардан Боромбай жана кушчу, черик, саруу, моңолдор урууларынын өкүлдөрү да катышкан. Ошондой эле түштүк кыргыздардан Алымбек датка келгени айтылып жүрөт.

Курултайда Ормон: "Биз бирикпесек кыргыз болбой калабыз. Бизге салыштырмалуу Кокондун ханы бар, Кашкардын кожосу бар, Калмактын тайшасы жана бул эле казактын да ханы бар. Биз болсо уруубуздун арсыз намысын тутуп, бириге албай жүрөбүз. Минтип кете берсек эл-жерибизди жоготуп алабыз. Биригели, өзүбүзгө хан шайлап алалы. Ханды эл шайласын, ошон үчүн курултайга чакырдым", — деп кайрылат. Жыйында ар уруунун билерманы чыгып сөз сүйлөп, Ормонду ылайык көрүшөт. Ошентип 52 жаштагы Ормон Ниязбек уулуна ай тамгалуу кызыл кымкап тебетей кийгизилет. Ал хан болуп шайлангандан кийин ордосун Байсоорунга орнотот. Хандын өзүнүн тамгасы, мөөрү болгон.

Кокондун сан миңдеген колун кыйраткан

Ормон хан такта турганда уруу аралык касташууларды токтотот. Жерди кеңейтүү максатында Иле дарыясынын жээгин кыргыздарга кошууну самап 500гө жакын үй менен көчүп барган. Кокон хандыгынын Куртка, Байсоорун чептерин талкалатат. Санташ, Бедел, Тоюн жана Ашуу-Алматыга кароол чеп орнотот. Кокондун ханы Ормонду өзүнө тартуу үчүн "Парваначы" деген өтө бийик наам ыйгарат. Ормон кыргызды өзүнчө көз карандысыз мамлекет кылууга жана борборлоштурулган бийлик түзүү аракетин жүргүзгөн. Тышкы иштер боюнча, сот иштерине жана кол башчылыкка ишенген адамдарын дайындайт. Мындан кооптонгон Кокон хандыгы түндүк кыргыздарды басуу үчүн Мусулманкул аталыкты 5000 аскери менен жиберет. Жоо келе жатканын элчи аркылуу билген Ормон хан Жантай, Жангарач болуп тосуп чыгат. Бир жумага созулган кармашта Мусулманкул аталыктын колу кыйрап, артка чегинет.

Казак-кыргыз кармашы, Кененсарынын өлүмү

Тарыхчы Белек Солтоноевдин жазганы боюнча, 1845-жылы кыргыз-казак ортосунда "жылкы уурдалды" деп чыр чыгат. Анын натыйжасында казак ханы Кененсары Бишкектин түндүк жагындагы тынай элине кол салып, эрлер окко учат. Казак аскерлери балдарды мууздап, аялдардын ичин жарып кетет. Эки жыл өткөн соң, 1847-жылы жаз айында Кененсары хан 20 миңге жакын аскери менен Сары-Өзөн Чүйгө жортуул жасайт. Сарыбагыштын жоого жарактуу жигиттери менен Жантай, Солтодон Жангарач баштаган кыргыздар жоонун жолун торогон. Жыйынтыгында Абылай хандын небереси Кененсары хан иниси Ноорузбай экөө колго түшөт. Алардын башы алынып, Россия бийлигине жөнөтүлгөн. Кененсарынын колун талкалап, аны туткундап өлтүргөндөн кийин Ормон хандын ысымы Кытай, Россия империяларында айтыла баштаган.

Ормон хандын колго түшүшү

Тарыхчы Асанбек Акматалиевдин айтымында, Ормон хандын бугу эли менен таарынычы болгон. Кокондон Мусулманкул аталык келип согуш ачканда Ормон хан көл жээгиндеги бугуларга чабарман жиберип жардам сурайт. Алар келбей койгондо "кыргыздын тарыхы кыл үстүндө турганда кыянаттык кылып, эл-жерди коргогонго келбей койдуңар" деп Боромбай бий менен Муратаалыга таарынат. Бугу уруусу кийин Кененсары менен болгон согушка да катышкан эмес. Ормон хан көлдүн башын кыдырып, "Санташ" чегин көрүп кайра келе жатканда Боромбайдын уулу Кылыч менен Нышандын уулу Мырза жолун торойт. Ормонду колго түшүрүп туткундашат. Аны күйөө баласы Өмүрзак менен кызы Куландын үйүнө алып барышат. Кутум уюштурулуп, аны өлтүрүүнү чечишет. Кененсарынын колун талкалаганына катуу намыстанган казак султаны Тезек төрөнүн да бул ишке тиешеси болгон. Ошентип, Ниязбек уулу Ормон хан 1855-жылы өз кызынын үйүндө өлтүрүлөт.

Хандын куну, сарыбагыш-бугу чабышы

Ормон ханды ким кандайча өлтүргөнү жөнүндө так маалымат жок. Бирок көп убакыт өткөрбөй эле уулу Үмөтаалы менен иниси Төрөгелди хандын кунун кууп бугу элине согуш ачат. Тирешүүдө аялдар туткунга алынып, жигиттер көз жумат. Бугу менен сарыбагыштын кармашы үч жылга созулган. Бул тирешүү уруулардын Россия карамагына өтүп, орус бийлигинин жана Жантай хандын ортого түшүүсү менен токтогон.

Белгилер:
Ормон хан, таржымал, тарых, туткун, өлүм, Кокон хандыгы
Тема боюнча
Тайлак баатыр туурасында жети факты. 42 жаш. Жүлүндү сыздаткан өлүм
Кыргызстандын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев

Министр Бейшеналиев түз эфирде уу коргошун ичти. Видео

(жаңыланган 14:04 16.04.2021)
Уу коргошунду өз алдынча даярдап ичүү адам өмүрү үчүн кооптуу. Министр туура эмес даярдалган учурда адам беш мүнөттөн кийин өлүп каларын белгиледи.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Кыргызстандын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев журналисттерге берген маалымат жыйын учурунда "Ысык-Көл тамыры" деген чөптүн кайнатмасын түз эфирде ичип көрсөттү.

Министр коронавируска каршы дары катары активдүү талкууланып жаткан "Ысык-Көл тамыры" аталышындагы чөптүн кайнатмасы республика боюнча бардык ооруканаларда коронавируска кабылгандарга берилип жатканын билдирди.

Ал жоопкерчиликти өз мойнуна алып жаткандыктан чөптүн кайнатмасын ичип көрсөтүүнү чечкенин белгиледи. Ал ошондой эле дарыгердин көрсөтмөсү жок ичүүгө болбой турганын кошумчалады. 

Белгилей кетсек, уу коргошунду өз алдынча даярдап ичүү адам өмүрү үчүн кооптуу. Министр туура эмес даярдалган учурда адам беш мүнөттөн кийин өлүп каларын белгиледи. Дарылоонун бул ыкмасы боюнча Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна Кыргызстандан маалымат жиберилген эмес. 

Буга чейин президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын айткан.

Көп өтпөй социалдык тармактагы баракчасына он чакты киши атайын аппараттын жардамы менен бөтөлкөлөргө саргыч түстөгү суюктукту куюп жаткан видео жарыялаган. Анда бөтөлкөлөрдүн сыртында "Уу коргошун" жана "Иссык-Кульский корень" деген жазуулар бар экенин көрүүгө болот.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Назира Артыкованын Kaktus Media порталына билдиргенине караганда, "Ысык-Көл тамырынын" кайнатмасы менен коронавирусту дарыласа болот деп ойлоо туура эмес.

Журналисттин сөз болуп жаткан кайнатма менен коронавирустан арылса болобу деген суроосуна ал "Мүмкүн эмес. Бардык жерде илимий далил керек" деп жооп берди.

Кыргызстанда 2007-жылдан тарта 2018-жылга чейин жергиликтүү ЖМКлар "Ысык-Көл тамырынын" кайнатмасына ууланып көз жумгандар көп болгонун жазышкан.

Белгилер:
видео, коргошун, уу, Алымкадыр Бейшеналиев, министр
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
230 кишиден вирус табылып, төрт адам каза болду. COVID боюнча статистика
Адис ашказан коронавирусу пайда болгонун айтып, белгилерин санап берди
Министр уу коргошун боюнча: президент экөөбүз кайнатмасын даярдап жатабыз