Араб каллиграфиясы. Архив

Казыбек Мамбетимин уулу өмүр баяны

(жаңыланган 15:28 16.05.2017)
Казыбек Мамбетимин уулу 1901-жылы Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районундагы азыркы Казыбек айылынынын Келтебек деген жайлоосунда туулган.

Атасы Мамбетимин ошол жердин колунда бар адамдарынан болгон экен. Диний сабаты бар ата баласы Казыбекти эс тарткандан баштап арабча кат таанытып, окуганды үйрөтүп, ислам дини боюнча да билим-түшүнүгүн калыптандырат. 

Боз үй. Архив
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Совет бийлиги тоолуу Кыргызстанга келгенден кийин колхоздоштуруу иш-чаралары башталып, колунда барлардын баарын ортого салуу саясаты жүрөт. Натыйжада жаңы бийлик короодо саап ичер уй, байлап алар жылкы же кой калтырбайт.  Ага каршы чыккандар эл душманы атыгып, үй-жай, оокатынан бери кол жууп, алыскы жерлерге сүргүнгө айдалат. Кийип турган кийими, үстүндө жаман алачыгы менен гана калган бүлөлөр да болгон. Ошондой күндөрү, тагыраак айтканда, 1929-жылы Мамбетимин үй-бүлө, бала чакасы менен кошо Россиянын Оренбург шаарына сүргүнгө айдалып кетет.

Ал кезде бойго жетип калган казалчы Казыбек:

Миң тогуз жүз жыйырма
Тогузунчу жылында
Бай-манап деп айдалып,
Буйрук менен кез болдук,
Бул өңдөнгөн кыйынга. 

Кармаган, тапкан буюмдан
Калбады бирөө ырымга, — деп тагдырынын оор мүшкүлү башталганына өкүнүп жазат.

Түрмөдө жатып да калемин таштабаган Казыбек:

Түрмөнүн шордуу азабын,
Тирүүлөй тартып жатамын.

Теңдиги жок өкүмат,
Тескери сурак жасадың…

Терезеден карасам,
Теректин башы чайпалат.

Жашыл килем салынып,
Жаз келген түрү байкалат.

Алыста жүргөн шордууга,
Кандай куш кабар айта алат? – сыяктуу саптарын жазат.

Эл тагдырын чечип, жаңы бийликти орнотуп жүргөн атка минерлердин арасында керт башын карапайым элдин кызыкчылыгынан, анын келечегинен өйдө коюп, бийлик башындагыларга жагынып-жакшы көрүнүш үчүн эптеп кыйкым таап, тигини-муну каралап, далай бейкүнөөлөрдү сүргүнгө айдатып, жигин чыгарбай жок кылдырган бузукулар да болгон. Эзүүчү тап катары бай-манаптардын шары менен эркин ой жүгүртө билген, аман жүрүшсө, акылы, эмгеги, билими менен элге көп пайда алып келе алышмак улуу инсандар да жок кылынган. Сталиндик репрессия кырк миң кыргызстандыкты түрмөгө салып, сүргүнгө айдап, бир нече миңин атуу аркылуу өлүм жазасына тарткан. Алардын бири Казыбек казалчы болгон… 

Ошол жерде түрмөдө чогуу отургандар ага Сталин менен Калининди мактап жазсаң, сени бошотушат деп кеңеш айтат. Аргасы түгөнгөн Казыбек аларга арнап казал жазат. Жогорудагылар аны окуп, бошотулсун деген буйрук келет. Казыбек бошоп, бирок атасы Мамбетимин сүргүндө калат. Ал Ат-Башыга 30-жылы кайтып келсе, ал жердеги Абдылда Жаанбай уулу аттуу манап элди Кытайга өтүп кетүүгө үндөп, эл жолго чыкканы турган болот. Аны уккан Казыбек да көчкөн элге кошулуп Кытай тарапка качып кетет.

1934-жылы туулган жерине кайрылып келе жаткан жеринен аны Каракол тарапта сыртта чек арада тургандар кармап алышат. Бир топ суракка алынып, Казыбекти өлүм жазасына тартуу жөнүндө өкүм чыгат. Эмне себеп менен экени азыр белгисиз, бирок эки ай өткөндөн кийин баягы өлүм жазасы жөнүндө чечим өзгөртүлүп, ал он жылга кесилип кетет.

Түрмөдө жатып, Казыбек өзүнүн ак жеринен кесилгенин айтып ыр түрүндө арыз жазган дешет. Аны райкомдо катчы болуп иштеп жүрүп түрмөгө түшкөн Карабеков деген орусча билген жигит которуп, жогору жакка жиберишет. Бирок, тилекке каршы, ал кат тийиштүү жерге жетип, жооп келгенче Казыбектин көзү өтүп кеткен экен. 

Белгилүү себептер менен Казыбек Мамбетимин уулунун өмүр таржымалы, жазган ырлары, анын өлгөн күнү-жылы жөнүндө расмий маалыматтар убагында болгон эмес. Бирок аны көрүп-билип, кошо жүрүп ырын угуп, чеберчилигин баалаган замандаштарынын эскерүүлөрү анын басып өткөн жолуна азын-оолак нур бергенсийт. Экинчи жагынан, аларда ар кандай карама-каршылыктар да кездешет. 

Мисалы, Казыбектин казалдарын көп жыл бою эл оозунан жыйнап, кагазга түшүрүп келген Болотбек Исабеков Казыбек 1943-жылы түрмөдөн аман-эсен чыгып, бирок жолдо, Өзгөндүн Мырза-Аке айылына жеткенде көз жумган деп айтат.

Бирок Казыбек менен түрмөдө бир отурган, кийин Нарын (мурдагы Тянь Шань) районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылында жашаган Макеев Төлөмүш Казыбек бошонуп келип, Мырза-Акеде көз жумганын такыр төгүнгө чыгарган. Анын эскерүүлөрү боюнча, 1936-жылы январда кесилгендерди Ташкенттин Чирчик курулушуна жөө айдап барган. Ошол эле жылдын жай айларында Казыбек ооруп калып, бир нече күндөн кийин көз жумган.  Сөөгү ошол жерде көмүлгөн. 

Казыбек каза болгондо 42 эле жашта болчу экен. Ал өзү ырдагандай: "Баш-аягы тополоң боло калган дүнүйө. Бирден өтүп бирөөгө, кала келген дүнүйөдө" ырчынын өлүмү тууралуу тастыкталган айкын маалымат сакталган эмес. 

Казыбектин жалгыз кызы Таажыгүл 1937-жылы Кашкарда каза болуптур. Эркек балдары эрте өлүп, Казыбектен тукум калган жок дешет аны билгендер. Эл арасында айтылып калган жана айрым бир архивдик даректерде сакталган маалыматтар Казыбек Мамбетимин уулунун өмүрү жөнүндө ушундай кыска гана кабар берет. 

Бирок ошого карабай, Казыбек жашап өткөн жерлерде анын ырларын көкүрөгүнө сактап, анын көркөм сөзгө бай чыгармаларын бир муундан бир муунга калтырып жүргөн, анын талантын чындап кадырлай билгендер аз эмес. 

Кыргыздын улуу акындарынын бири Тоголок Молдо (ортодо)
© Sputnik / РИА Новости
Казыбектин чыгармачылыгын алгачкылардан болуп изилдеп, чоң адабиятка алып чыккандардын катарында акын Өмүрбек Дөлөев аталат. Ал киши акындын ырларын чогултуп, жыйнак кылып чыгарып, гезит беттерине жарыялаган. Анын айтымында, Казыбектин көзү өткөндөй кийин да, анын ырларына кас чыгып, элдин эсинде калбасын деген аракеттер жасалган. Анын жактап, ырларын мактагандар да совет бийлигинин каарына калып, ага кол кол көтөргөн душман катары бааланып, атын угуза айтуу кооптуу болгон экен. Бирок ошол кезде да, анын ырлары айтылып жүргөн дешет. 

Казыбек аргасыз жерин таштап качып, сүргүнгө айдалып, түрмөдө жаткан кезде да өз элин, салтын, мекенинин бийик тоо, тунук сууларын, эркин оттоп жүргөн аркар-кулжаларын, бийикте учкан куштарын булбулдай тилине салып ырдаган. 

Жылжытып жылкы айдаган,
Чыңыртып кулун байлаган.

Көк өзөн жайлоо, көк конуш,
Көркүнө чыгып жайнаган…

Ал жерден жамгыр үзүлбөйт,
Атылып турат чагылган…

Кымызын ичип, козу жеп,
Мырзалар ичик жамынган.

Азырка чейин эл арасында ырдалып, ал тургай, оркестрдин коштоосу менен опера ырчылары сахнадан аткарып жүргөн «Ой, тообо» аттуу ыр Казыбектики экенин билген киши аз. 

Акыркы кездердеги маалыматтарга ылайык, казалчы Казыбектин 1930-жылы Кытайга качып барган кездеги өз оозунан жазып алынган казалдары Кыргызстанга келди. Көрсө, Казыбек Какшаалда Абдыш Молдакун уулу аттуу кишинин үйүндө турган экен. 1932-жылы ошол Абдыш Казыбектин чыгармаларын фарси тилинде жазып алыптыр. Анын жазгандарынын аягында "1935-жылы 16-июлда жазылып бүткөн" деген жазуу бар. 

Абдыш өз уулу Айтакунга ошол өзү жазып калган Казыбектин казалдарына баа берип, баркын түшүнөр маал келгенде кыргыз жерине жеткирип берүүнү тапшырып кеткен экен. 

Айтакун Абдыш уулу атасынын айткан керээин аткарып, Казыбектин өз оозунан жазылып алынган ырларынын араб тамгасы менен чыгарылган китебин Кыргызстанга алып келип, Казыбек жөнүндө маалымат топтоп, элге таанытсам деп аракет кылып жүргөн ырчы Токтобек Асаналиевге тапшырган.

Кыязы, качандыр бир кезде учугу жоголуп, эл арасында чала калган Казыбек Мамбетимин уулунун чыгармалары менен окурмандар дагы тааныша алат көрүнөт.

Белгилер:
бай-манап, таржымал, биография, Казыбек Мамбетимин уулу
Коомдук жана саясий ишмер Жусуп Абдрахманов. Архив

Жусуп Абдрахманов өмүр баяны

Жусуп Абдрахманов 1901-жылы 28-декабрда Ысык-Көл облусундагы Чиркей айылында манаптын үй-бүлөсүндө төрөлгөн.

Билими:

Абдрахманов Сазановка кыштагындагы (азыркы Ананьево айылы) орус-тузем мектебинде 3-класска чейин окуп, 1914-жылдан баштап билимин Каракол шаардык жогорку-башталгыч окуу жайында уланткан. Тилекке каршы, 1916-жылы Үркүн окуясынан улам Абдрахманов окуусун бүтүрө албай калган.

Болочоктогу саясий ишмердин атасы — Абдрахман Балапанов бий жана болуш болгон. Ал 1916-жылдагы көтөрүлүшкө катышып, ошол жылы келте оорусунан каза тапканы айтылат. Жусуп Абдрахмановдун энеси жана жети бир тууганы Нарындагы көтөрүлүштү басууда өлтүрүлгөн. Натыйжада Абдрахманов Токо аттуу иниси менен томолой жетим калып, 15 жашында эл менен кошо Кытайга качат. Бир жылдан соң мекенине кайтып келип, Каракол гарнизонунда офицерлердин аттарын, короосун карап жашаган.

Жусуп Абдрахманов Кызыл Армияга жазылып, бир жылга жетпеген убакытта катардагы жоокерден эскадрондун командирлигине чейин көтөрүлгөн. Алгач 1919-жылы Верныйдагы (азыркы Алматы шаары) командирлик курстан, андан кийин Ташкенттеги аскердик жогорку мектептен окуган.

Эмгек жолу:

Совет бийлиги орногондон кийин партиялык курулушка баш-оту менен киришкен Абдрахманов алгачкылардан болуп комсомолдун катарына өтүп, 1920-жылы Россия комсомолдорунун 3-курултайына өкүл катары катышкан.

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөөчүсү, алгачкы кыргыз интеллигенциясынын эң көрүнүктүү өкүлү, саясий жана коомдук ишмер Жусуп Абдрахманов
© Фото / иллюстрации из книги Ж. Абдрахманова "1916. Дневники. Письма к Сталину"
Жусуп Абдрахманов 1924-жылга чейин Жети-Суу аймагында жооптуу партиялык-советтик кызматтарда иштеген. Ошол жылдары санаалаштары менен жаңы, жаш мамлекетти бутуна тургузуп, цивилизацияга кошуу иштерине киришет. Абдрахманов Кыргызстандын азыркы чектерин аныктап, ал гана эмес өлкө аянтын дагы да кеңейтүүнү максат кылган. Абдрахмановдун аракети менен Кыргызстан адегенде автономиялуу облус, андан кийин автономиялуу республика болгон.

Коомдук ишмер 1925-жылы Москвага кызматка чакырылып, Бүткүл союздук коммунисттер партиясынын Борбордук Комитетинде жооптуу инструктор болуп эмгектенген. Ошол эле жылы кыргыздан чыккан алгачкы дипломат катары Иран өлкөсүнө эки тараптын мамилесин чыңдоо үчүн жөнөтүлөт.

Саясий ишмер 1927-жылы март айында, болгону 26 жашында Кыргыз АССРинин Элдик комиссарлар төрагасы болуп дайындалат. Ал бул кызматты аркалаган беш жыл ичинде жаңы түзүлгөн жаш республикадагы бардык маанилүү жумуштарды баштап? айыл чарба, өнөр жай, билим берүү, укук, маданият сыяктуу тармактарды негиздөөгө салым кошкон. Колхоздошуу башталганда чоңдордун каршылыгына карабастан кооперация идеясын көтөрүп, көчмөн калкты жапырт отурукташтырууга макул болбой, жергиликтүү шартты билбеген москвалык кызматкерлерди катуу сындап, кыргыз тилинин ролун жогорулатуу, улуттук кадрларды даярдоо жана кызматка коюу маселелерин ар дайым көтөргөн. Ал турсун Сталинге эки жолу кат жөнөтүп, Москванын туура эмес саясатын белгилеген. 1930-жылдары ачкачылык башталып, Украина, Казакстанда миллиондогон адам кырылганда Абдрахманов бул көрүнүштү алдын ала сезип, Кыргызстанда жыйналган данды жогору жактын каршы чыкканына карабастан Москвага жөнөтпөй койгон. Ошентип канчалаган кыргызды ачарчылыктан сактап калган. Бирок так ушул жагдай кийин анын "улутчул" деп күнөөлөнүшүнө себепкер болгон. Абдрахманов 1933-жылы сентябрда "Компартияга каршы аракеттенген" деген жалаа менен ишинен бошотулуп, партиянын катарынан чыгарылган.

Жусуп Абдрахманов 1937-жылы камакка алынып, ага антисоветтик террорист, Социал-Туран партиясынын түзүүчүсү деген жалган күнөөлөр коюлат. Кыргызстанда совет бийлигин кулатып, өзүнчө мамлекет түзмөкчү болгон деген айып тагылат. Бирок түрмөдөгү адам чыдагыс кыйноолорго карабай күнөөлөрдү мойнуна алган эмес. Бийликти аёосуз сындаса да, советтик түзүлүштүн активдүү жарчысы жана куруучусу болуп, ар дайым Лениндин идеяларын колдоп келген. Жусуп Абдрахманов 1938-жылдын 5-ноябрда өлтүрүлгөн. Артында анын жубайы жана беш баласы калган.

Белгилер:
саясий ишмер, коомдук ишмер, таржымал, өмүр баян, Жусуп Абдрахманов
Тема боюнча
Бишкектеги жогорку окуу жайга Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгаруу сунушталды
Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгы быйыл улуттук деңгээлде белгиленет
 Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Социалдык фонддун төрагасы Уланбек Асанов

Асанов Уланбек Жалалович өмүр баяны

(жаңыланган 16:02 06.04.2021)
Уланбек Асановдун өмүр баяны жана эмгек жолу тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган "Таржымал" рубрикасынан таанышууга болот.

Уланбек Асанов 1970-жылы 30-ноябрда Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда туулган. Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы. Мамлекеттик кызматтын биринчи класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

Билими:

  • 1988-1993 — Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин экономикалык жана социалдык пландоо факультетин аяктаган.
  • 1998-2000 — Кыргыз мамлекеттик улуттук университети, юриспруденция адистигин бүткөн.

Эмгек жолу:

  • 1990-1994 — Макарон-кондитердик фабрикасында экономист;
  • 1994-1995 — “Кыргызагроминитехпром” мамлекеттик-коммерциялык өндүрүштүк бирикмесинде жетектөөчү инженер;
  • 1995-1998 — Ош электр тармактар ишканасында инженер;
  • 1998-2001 — “Кыргызэнерго” акционердик коомунда инженер;
  • 2001-2003 — “Ошэлектр” ачык акционердик коомунда АСУ башчысы;
  • 2003-2003 — КР Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана түз инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын жардамчысы;
  • 2004-2005 — премьер-министрдин аппарат жетекчисинин жардамчысы;
  • 2005-2006 — президенттин администрация жетекчисинин биринчи орун басарынын жардамчысы;
  • 2007-2007 — премьер-министрдин жардамчысы;
  • 2008-2009 — “Бишкек” Эркин экономикалык аймагынын башкы дирекциясынын аппарат жетекчиси;
  • 2009 — Социалдык фонддун окуу борборунун директорунун орун басары;
  • 2009-2010 — Социалдык фонддун төрагасынын кеңешчиси;
  • 2010-2013 — Социалдык фонддун аппарат жетекчиси;
  • 2013-2021 — Социалдык фонддун төрагасынын орун басары;
  • 2021-жыл, апрель — Социалдык фонддун төрагасы.
Белгилер:
өмүр баян, таржымал, кеңешчи, төрага, Социалдык фонд, Уланбек Асанов
Тема боюнча
Тентишев Эркин Саткынбаевич — өмүр баяны
Финчалгындоонун жаңы башчысы Канатбек Тургунбековдун өмүр баяны
Бразилиялык атлет кыз Жессика Андраде

Жессика Андраде атаандашы Валентина Шевченконун алсыз жактарын атады

(жаңыланган 13:22 20.04.2021)
Шевченко бразилиялык спортчу менен UFC 261 мелдешинде кез келет. Кыргызстандык мушкер кыз бешинчи ирет UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиондук наамын коргоо үчүн кармашат.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бразилиялык атлет кыз Жессика Андраде атаандашы Валентина Шевченкону грэпплинг (күрөш) жагынан алсыз деп атады. Бул тууралуу ал Globo Esporte телеканалына берген маегинде айтты.

Кыргызстандык мушкер кыз менен бразилиялык спортчу 24-апрелде (Бишкек убактысы боюнча 25-апрелде) АКШнын Флорида штатындагы Жексонвилль шаарында өтүүчү UFC 261 турниринде беттешет.

"Шевченко грэпплинг жагынан алсыз деп ойлойм. Мен атаандашымды тордо кармаганда өзүмдүн канчалык күчтүү экенимди жана өз мүмкүнчүлүгүмө канчалык ишенимдүү экенимди дайыма айтып келем", — деген ал.

Эң жеңил салмактын экс-чемпиону беттеш учурунда Шевченконун "алсыз жагын пайдалана турганын" белгилеген.

"Мен атаандашымды бир канча ыкма менен жерге жыга алам. Жыгып алсам, анда ал тура албайт", — деп белгилеген Андраде.

Анын айтымында, Шевченконун ыкчам соккулары, өзгөчө бутка тепкени кооптуу болуп саналат.

Кеченин башкы беттешинде жарым орто салмактын чемпиону Камару Усмана менен Хорхе Масвидаль кармашат. Мелдештеги дагы бир кызыктуу таймаш эң жеңил салмактын мурдагы чемпиону Роуз Намаюнас менен кытайлык Вэйли Чжандын ортосунда өтөт.

Белгилер:
маек, беттешүү, Жессика Андраде, Валентина Шевченко, UFC
Тема боюнча
Шевченко бразилиялык Андрадени ута алабы? Букмекерлердин пикири