Жеңижок 1860-жылы азыркы Манас районуна караштуу Сары-Көбөн айылында кедейдин бүлөсүндө туулган. Анын өз аты-жөнү Көкө уулу Өтө болгон. Өтө жаштайынан тоголок жетим калып турмуштун тозогун көп тарткан. Анысы аз келгенсип, ала оорусуна чалдыгып калат. Ошондо айылды бийлеп турган бир бай жугуштуу оорудан коркуп, баланы өлтүрүп салууну буюрат. Бирок жаш балага кол көтөрө албаган байдын жигиттери аны соодагерлерге кошуп, качырып жиберишет. Аксы жергесинин Кара-Суу кыштагына энеси Алтынайдын туугандары тарапка жер которуп келген Өтө өмүрүнүн акырына чейин ошол жерде жашап өтөт.
Аны ошол кара — суулук Садыр аттуу киши асырап алган экен. Ал кишинин энеси Айыке апа Өтөгө эне ордуна эне болуп, өз баласындай карап багып, табыпка салып, ала оорусунан арылтат. Өтөнүн тетик бала экенин байкаган байбиче аны медресеге берип, сабатын жоёт. Өтө араб тилинде жазып-окуганга үйрөнүп, ансыз да табиятынан акылдуу, кыраакы баланын дүйнө таанымы кеңейип, билимдүү болот. Ырчылык өнөргө шыктуу Өтө элдик жомокторду, эпосторду, акындардын ырларын угуп, жатка билип, комузда кол ойното баштайт. Өспүрүм кезинде эле "Эр Төштүк", "Кожожаш" сыяктуу дастандарды "Семетейди" айта баштайт.Ал кездеги салт боюнча жер-жерлерди кыдырып, өнөрүн элге тартуулап жүргөн ырчы-акындардын артынан калбай ээрчип, Өтө өз өнөрүн арттырып, тели-теңтуштары, анча-мынча эл чогула калган жерлерде жамактатып ыр ырдап, кол ойнотуп комуз чертип калат. Акырындап эл оозуна алынып, атагы Аксыдан аша угула баштайт.
Дал ошондой күндөрдүн биринде, жаш акын достору менен Кербендин базарына кирип калып, ал жерде топтошкон элдин ортосунда ошол кездеги атактуу ырчы Нурмолдо тиги дүйнөдөгү бейиштин жыргалчылыгын ырдап, тозокко түшкөндөрдү эмне күтүп турганын саймедиреп жаткан болот. Ал сөзүнүн аягына чыкканда жеңи чолок кемселчен жаш ырчы комузун колуна алып, өзүнөн улуу акынга салам айтып шаанисин кылып, андан соң ушул дүйнөнүн жыргалын, биздин жердин бейиштен сулуулугун ырдап, малдуу-жандуулар, ырчылык менен молдочулукту ажырата билүүсүн айта кетет. Ошондо Нурмолдо тили так, сөздү орду менен таба билген акылы терең жигиттин сөзүнө жыгылган дешет. Чогулган эл кемсел кийген жаш ырчынын аты-жөнүн билбегендиктен, "Бул жеңи жок таап айтты. Жеңи жок кыйын ырчы экен!" дешип, ошондон тартып баягы ырчы Жеңижок аталып, элге таанылган.
Кийин акын Коргол Досуевдин:
Ак калпактуу кыргыздан,
Айтышаарга теңи жок…
Эки жаактуу пендеден
Эрегишээр теңи жок.
Элдин анык булбулу,
Элеп төккөн чени жок деген сөздөрү да Жеңижоктун чеберчилигине берген бийик баасын көрсөтөт.
Нурмолдо менен айтышка түшүп, өзүнүн ары орундуу, ары таамай айткан сөзү, калыс ою ошол жердеги калың топтун купулуна толуп, эл оозуна алынып калган Жеңижок, акыры көкүрөгүндө бала кезинен калган жарасы айыгып, торолуп, эл катарына кошулганын мындайча ырдайт:
"Аксыга келип токтолгон
А дагы бакка жараша.
Жетим келип тоюндум,
Жергеме ырдап, кат таанып,
Жеңижок атка коюлдум.
Таркады тагы бул кезде,
Таластан жеген союлдун.
Ала оору элем – оңолдум.
Айлансам аздыр Аксыга,
Араңда өсүп торолдум!
Кагынган элем – оңолдум,
Кагылбай калкым не кылам,
Катарыңда торолдум"1 —
Өз жеринен айдалып, өмүрүнүн акырына чейин кайра кайтып келе албаган Жеңижок 1918-жылы дүйнөдөн кайтат.
Эл оозуна кирип, кийин кагаз бетине түшүрүлгөн Жеңижоктун ырларынын арасында терме түрүндөгү философиялык чыгармалары көп. Ал өз заманы, жашоонун маани-маңызы, үй-бүлөнүн баалуулугу сыяктуу түбөлүктүү мазмундагы чыгармаларды жараткан.Совет доорунда мезгилдин идеологиясына туура келбейт деген жалаа менен кеңири таралбай жүргөн Жеңижоктун чыгармачылыгы өткөн кылымдын 80-жылдардан тартып гана жана эгемендүүлүк жылдары терең изилдөөгө алынып, жаш муундагы окурмандандарга таанылып келет.
Алардын ичинен "Аккан суу" аттуу ырын дастан катары азыркы элдик ырчылар аткарып жүрөт. Анда акын аккан сууну жашоонун оош-кыйышы, бирде өргө чапкан, бирде ойго салган катаал турмуш жолу менен салыштырып, ошол аккан суудай эле адам баласынын жашоосу бүтпөс экендигин, эч тоскоолдуктарга моюн салбай, улам арылаган сайын күчкө толуп, ошол аккан суудай алга карай умтулушун даңазалап ырдагандай.
Жеңижоктун ырлары, жогоруда айтылгандай, 1980-жылдарда гана жарык көрө баштаган. Ошол себептен болсо керек, анын калтырган ырлары эл оозунда кандайдыр бир уламыш катары айтылып, аты болсо мурунку муундагылардын көпчүлүгү үчүн кайсы бир жомоктун табышмактуу, акылман каарманы сыяктуу сезилер эле. Анын үстүнө, Жеңижок сөзсүз сабаттуу адам болгону шексиз экенине карабай, анын өз колу менен жазып калтырган чыгармалары сакталган эмес…
Белгилүү болгондой, жазма адабиятка кечирээк жеткен эл катары кыргыздын улуу инсандарынын философиялык ой толгоолору, дүйнө таанымы, баалулуктары, коомдук-социалдык мамиле тартиптери, ал тургай, илимий байкоолору да ошол оозеки чыгармаларда, насыят, санат ырларында, алым сабак айтыштарда айтылып келген. Акындын жеке турмушуна арналган "Балам жок" сыяктуу ырлары менен катар, чыгармачылыгы санат ырларына бай. Алардын катарында "Накыл кеп", "Үлгү ырлар", "Жакшы уул", "Дүнүйө", "Үй-бүлө" сыяктуу мурастары бар…1981-жылы Кыргыз ССР илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун кол жазмаларды жарыялоо бөлүмү даярдалып, жарык көргөн "Эл ырчылары" жыйнагында Жеңижоктун ырларына кеңири орун берилген. Ал эми 1982-жылы Жеңижоктун ырлар жыйнагы биринчи жолу өзүнчө китеп болуп чыккан.
Канатбек Тургунбековдун өмүр баяны жана эмгек жолу тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган "Таржымал" рубрикасынан таанышууга болот.
Тургунбеков Кыргыз айыл чарба университетинде зооинженер адистигин, Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинде юрист-укук таануучу адистигин аяктаган.
Эмгек жолу:
Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы. Финансы полициясынын полковниги, Мамлекеттик кызматтын I класстагы кеңешчиси.
Жоробай ажы Шергазыев 1974-жылы 27-августта Баткен облусунда туулган. Диний жогорку билимге ээ болгон.
Билими:
Эмгек жолу:
Үй-бүлөлүү, үч уул, бир кыздын атасы.
Райондук администрация башчылары — акимдерди аттестациялоо ушул жылдын 9-мартынан башталат. Аталган күнү биринчи туру өтүп, анда тестирлөө жүргүзүлсө, 10-11-март күндөрү экинчи турунда маектешүү болот. Бул тууралуу Мыктыбек Өмүрзаков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган аттестацияны жүргүзүү үчүн 11 мамлекеттик кызматкерден турган комиссия түзүлөт.
"Акимдерди аттестациялоодо алардын эки орун басары да катышат. Орун басарларга өздөрү тейлеген тармак боюнча суроолор берилсе, райондук администрация жетекчилерине жалпы суроолор узатылат. Максаты — учурда иштеп жаткан акимдердин аркалаган кызматына дарамети жетерин аныктоо. Аларды аттестациядан өткөрүү үчүн Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси, эки эл өкүлү, өкмөт аппаратынан жана тиешелүү министрликтин орун басары рангынан төмөн эмес адамдардан турган комиссия түзүлөт. Комиссия мүчөлөрү жалпы 11 кишиден турат. Муну менен катар эле район жетекчилери жана орун басарлыгына аймактык кадр резервин түзүү үчүн үстүбүздөгү жылдын 1-мартынан 1-апрелине чейин конкурс жүргүзүлөт. Аймактык кадр резервиндеги адистер бошоп калган региондорго барып иштей беришет", — деди Өмүрзаков.
Ал аттестацияда акимдердин билим деңгээли, тил билүүсү да караларын кошумчалады.