Подведение итогов выборов в Кыргызстане. Архивное фото

Добуштарды саноо процедурасы кандайча өтөт?

67
(жаңыланган 09:47 28.09.2015)
Шайлоо аяктагандан кийин берилген добуштарды саноо процедурасы кандай өтө турганы жөнүндө Sputnik маалым катынан окуңуз.

Саат 20.00дө республиканын бардык шайлоо участоктору жабылат. Добуш берүүнүн электрондук натыйжасы бардык участоктордон БШКга жарым саат ичинде жиберилип, бирок алар расмий болуп эсептелбейт. Ар бир эки саатта БШК добуш берүүнүн алдын ала божомолдуу натыйжасын жарыялап турат. БШК добуш берүүнүн натыйжасын жана ага катышкан шайлоочулардын тизмесин шайлоо өткөндөн кийин 3 күндөн кечиктирбей өзүнүн расмий сайтына чыгарышы керек. Ал эми шайлоонун жеңүүчүлөрүн БШК шайлоо өткөндөн кийин 20 күндөн кеч эмес мөөнөттө аныкташы зарыл.

67
Белгилер:
БШК, шайлоо, добуш берүү, шайлоо участкасы
Тема:
Парламенттик шайлоо кандай эреже менен өтөт (6)
Тема боюнча
Партиялык тизме кандайча түзүлөт?
Шайланууга ким укуктуу?
Добуш берүүгө кимдин укугу бар?
Осмонов Айбек Жапарович

Осмонов Айбек Жапарович өмүр баяны

3
(жаңыланган 01:05 29.11.2021)
Айбек Осмонов 1984-жылы 16-февралда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылында жарык дүйнөгө келген.

Билими:

  • 2011-жылы Ош мамлекеттик университетин "Информациялык системалар жана технологиялар" адистиги боюнча бүтүргөн;
  • 2019-жылы ТИМдин Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясын аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 2009-2012 — "Жаңы шаар курулуш компаниясы" жоопкерчилиги чектелген коомунун директору;
  • 2014-жылдары "Арек курулуш" ЖЧКнын директорунун кеңешчиси;
  • 2014-2017 — "Кыргыз Каганат" ЖЧКнын директорунун кеңешчиси;
  • 2018-2019 — "Альфа Телеком" жабык акционердик коомунун башкы директорунун кеңешчиси;
  • 2019-2020-жылдары "Альфа Телеком" жабык акционердик коомунда кеңешчи.
  • 2021-жылы — Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты.

Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы.

3
Белгилер:
Айбек Осмонов, Өмүр баяны
Тема боюнча
Мирлан Самыйкожо — өмүр баяны
Мирлан Самыйкожо

Мирлан Самыйкожо өмүр баяны

1
(жаңыланган 00:06 29.11.2021)
Мирлан Самыйкожонун өмүр жолу жана ишмердүүлүгү тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган "Таржымал" рубрикасынан билүүгө болот.

Мирлан Самыйкожо 1984-жылы 19-майда Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылында туулган.

Билими:

  • 2006-жылы Кусеин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 2003-жылы "Нурборбор" коомдук бирикмесинде проза ийриминин жетекчиси;
  • 2003-2004 — "Бийиктик" басмаканасында маданий иштерди жайылтуу боюнча менеджер;
  • 2004-2021 — "Айтыш" коомдук фондунун "Калемгер" адабий клубун негиздеп, бүгүнкү күнгө чейин жетектеген. "Айтыш" коомдук фондунун теңтөрагасы да болуп коомдук башталышта иштеген;
  • 2006-жылдан бери Кыргызстандын Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү;
  • 2007-2008 — Кыргызстандын Улуттук Жазуучулар союзунун "Жаштар секциясынын" башчысы;
  • 2008-2010 — Кыргыз улуттук телерадиокорпорациясынын "Жаштык" радиосунда иштеген;
  • 2010-2015 — "Кыргыз радиосунун" башкы редактору;
  • 2015-2017 — Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин "Искусствону өнүктүрүү жана кесиптик билим берүү" башкармалыгынын милдетин аткаруучу, министрдин кеңешчиси кызматын аркалаган;
  • 2015-жылдан тартып Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун "Жаштар секциясынын" башчысы;
  • 2018-жылы "Марал" радиосунун маданият бөлүмүнүн продюсери;
  • 2019-жылы КТРКнын "Маалымат" редакциясынын продюсери;
1
Белгилер:
Мирлан Самыйкожо, Өмүр баяны
БШКнын кызматкерлери Бишкектеги шайлоо участкасында

Шайлоонун жыйынтыгы боюнча корко турган эч нерсе жок! Иманкуловдун кайрылуусу

0
(жаңыланган 01:38 29.11.2021)
Республикалык штабдын жетекчиси шайлоочулардын добушу эми кол менен санала турганын айтып, бул процесске катышууга партия мүчөлөрүн чакырган.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Шайлоонун жыйынтыгы боюнча коркуп-үркө турган эч нерсе жок, аны бурмалаганга жол бербейбиз. Бул тууралуу парламенттик шайлоону өткөрүү боюнча Республикалык штабдын жетекчиси Марат Иманкулов билдирди.

Ал ар бир бюллетенди текшерип чыгууга даяр экенин белгилеген.

"Айрым партиялар шайлоонун жыйынтыгы бурмаланды деп жазып жатышат. Биз ага жол бербейбиз. Мындай саясатты атайын жүргүзгөн жокпуз. Бул ачык шайлоо. Коркуп-үркө турган эч нерсе жок. Партия лидерлери, келгиле, ар бир бюллетенди текшерип чыкканга даярбыз. Шайлоонун акыркы жыйынтыгы кол менен санаганда гана чыгат. АСУнуку (автоматтык эсептөө урнасы) алдын ала жыйынтык. Бүгүн-эртең бардык шарттарды түзүп беребиз, партия мүчөлөрү менен ар бир шайлоо участкасынан чыккан бюллетендерди санап чыгабыз. Баарын кайра текшерип чыкканга даярбыз. Биз шайлоонун жыйынтыгын бурмалаганга жол бербейбиз", — деди Иманкулов.

Белгилей кетсек, кечээ БШКнын сайты эки жолу иштебей калган. Биринчисинде партиялардын алган добуштарын пайыздык көрсөткүч менен эсептей келгенде 100 эмес, 140 пайызга чыгып кеткен. Ошондой эле АСУдан түшкөн добуштарды көрсөтүп жаткан сайт маалымат бербей жабылып калган.

0
Белгилер:
БШК, Марат Иманкулов, шайлоо, жыйынтык, кайрылуу
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо
Тема боюнча
БШК сайтынан "жоголгон" 14% добуш. Шайлдабекова жооп берди
Жогорку Кеңеш-2021 шайлоосунун алдын ала жыйынтыгы
Аял талапкерлердин арасынан Жогорку Кеңешке кимдер келе жатат? Тизме