Айнаш Токбаеванын архивдик сүрөтү

Токбаева Айнаш Абдымановна өмүр баяны

562
(жаңыланган 16:16 26.06.2018)
Айнаш Токбаеванын эмгек жолу жана өмүр баяны менен Sputnik маалымат сайтынын таржымалынан таанышыңыз.

Айнаш Токбаева 1960-жылы 21-декабрда туулган. 1990-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин юридика факультетин аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 1978 – 1980 — Токтогул районунун борбордук бейтапканасы, каттоо бөлүмү;
  • 1980 – 1982 — Киров атындагы мектеп, орус тили мугалими;
  • 1982 – 1983 — Токтогул райондук финансы бөлүмү, машинист-катчы;
  • 1990 – 1996 — Ош шаардык соту, төраганын жардамчысы;
  • 1996 – 1998 — юридикалык консультация, адвокат;
  • 1998 – 2003 — Ош облустук арбитраждык соту, сот;
  • 2003 – 2013 — Ош облусунун экономикалык иштер боюнча райондор аралык сотунда судья;
  • 2013 – 2015 — КР Жогорку сотунда судья;
  • 2015-жылдын 23-сентябрынан тарта Жогорку соттун төрайымы.
562
Белгилер:
эмгек жолу, сот, өмүр баян, Айнаш Токбаева
Портфельчен адам. Архив

Каймазаров Таштанбек Турарович өмүр баяны

57
Таштанбек Каймазаров 1966-жылы 25-июлда Талас облусунда туулган. Кесиби боюнча педагог, юрист-укук таануучу.

Билими:

1983-1989 — Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтунда билим алган;

1995–1998 — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин бүтүргөн.

Эмгек жолу:

1984 -1986 — Армиянын катарында кызмат өтөгөн;

1996-1998 — Транспорт иштери боюнча ички иштер башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук ыйгарым укуктуу өкүлү (кызматкери);

2002-2004 — ИИМдин коомдук түзүлүш менен байланыш башкармалыгынын улук ыйгарым укуктуу өкүлү;

2004 -2008 — ИИМдин алдындагы 9-башкы башкармалыктын улук ыйгарым укуктуу өкүлү;

2008 -2010 — ИИМдин 9-башкы башкармалыгында бөлүм башчы;

2010-2016 — Транспорт иштери боюнча ички иштер башкармалыгындагы 10-бөлүмдүн өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук ыйгарым укуктуу өкүлү;

09.2016 — отставкадагы полковник (пенсия);

2017-2020 — "Мадина" ЖЧКсында чет элдик жарандарга укуктук жактан жардам көрсөтүү бөлүмүнүн башчысы;

2020-жыл, октябрь — Миграция боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчиси болуп дайындалды.

57
Белгилер:
Таштанбек Каймазаров, өмүр баян
Бакетаев Алмаз Кушбекович

Бакетаев Алмаз Кушбековичтин өмүр баяны

6752
(жаңыланган 12:48 22.10.2020)
Бакетаев Алмаз Кушбекович 1971-жылы 20-январда Талас шаарында туулган. 1993-жылы Фрунзе политехникалык институтун, 1995-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтун аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 1994 (август) – 1995 (сентябрь) — Талас облусу боюнча Салык полициясы башкармалыгында инспектор-программист;
  • 1995 (октябрь) – 1995 (ноябрь) — Мамлекеттик салык инспекциясынын ички көзөмөл бөлүмүндө салык инспектору;
  • 1995 (ноябрь) – 1996 (июль) — Стамбулдагы Komsan эл аралык соода жана маркетинг боюнча түрк компаниясынын өкүлчүлүгүндө башкы менеджер;
  • 1996 (август) – 1997 (июль) — Бишкектин Свердлов району боюнча Мамлекеттик салык инстпекциясынын салык инспектору;
  • 1997 (апрель) - 2000 (март) — Ички аудит башкармалыгында, бюджеттик мекемелердин жана ведомство аралык уюмдардын аудит бөлүмүндө жетектөөчү адис;
  • 2000 (март) – 2002 (декабрь) — Финансы министрлигинин ички аудит кызматында башкы адис;
  • 2002 (декабрь) – 2005 ( июль) — Финансы министрлигинин борбордук казынасынын ички көзөмөл секторунда жетекчи;
  • 2005 (июль) – 2005 (ноябрь) — Чүй облустук аймактык казына бөлүмүндө башчы;
  • 2005 (ноябрь) – 2010 (март) — Бишкек шаардык казына бөлүмүнүн жетекчиси;
  • 2010 (март) – 2010 (апрель) — Бишкек шаардык мэриясына караштуу Ленин райондук администрациянын башчысынын орун басары;
  • 2010 (апрель) — 2012 (июнь) — Финансы министрлигинин бюджеттик саясатты жөнгө салуу башкармалыгынын жетекчисинин орун басары;
  • 2012 (июнь) – 2013 (май) — Финансы министрлигинин экономика тармагынын чыгымдарын пландоо башкармалыгынын башчысы;
  • 2013 (март) – 2013 (май) – Финансы министрлигинин статс-катчысынын милдетин аткаруучу;
  • 2013 (май) – 2018 (сентябрь) - финансы министринин орун басары;
  • 2018 ( сентябрь) — Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри болуп дайындалган.
  • 2020-жылдын 22-октябры — Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу.
  • 2020-жылдын 20-октябрында мэр Азиз Суракматов отставкага кетип, биринчи вице-мэр болуп Нариман Түлеев дайындалып, шаар башчысынын милдети ага жүктөлгөн. Бакетаев вице-мэр болуп калган.
  • 22-октябрда Түлеев биринчи вице-мэрлик кызматтан кетүү үчүн арыз жазып, билдирүү тараткан. Анын айтымында, мэрдин ордун талашкандардын арасында күмөн санаткан ар кандай топтор болууда. Ошол себептен 22–октябрдан тарта Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу катары Алмаз Бакетаев бекиди.

 

6752
Белгилер:
өмүр баян, Алмаз Бакетаев
Бишкек шаары. Архивдик сүрөт

Казакбаев бюджетти колдоо боюнча РФ президентинин өкүлү Козак менен сүйлөштү

0
Эске салсак, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 22-24-октябрь күндөрү Россия Федерациясына иш сапары менен барган.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев РИА Новости агенттигине берген маегинде Россиянын президенттик администрациясынын жетекчисинин орун басары Дмитрий Козак менен көп маселелерди талкуулаганын, анын ичинде Кыргызстандын бюджетине колдоо катары финансылык жардам тууралуу дагы сөз болгонун айтты.

"Дмитрий Николаевич Козак жана анын кесиптештери менен жолуктук. Россия тарап Кыргызстанда парламенттик шайлоодон кийин түзүлгөн абалды турукташтырууда маанилүү роль ойноду", — деди Казакбаев.

Садыр Жапаровдун биринчи кайсы өлкөгө иш сапар менен барары айтылды

Ошондой эле жолугушууда Россия тараптан кыргыз экономикасына көрсөтүлчү колдоолор тууралуу сөз болду.

"Биздин өкмөттүн иши, алдыда келе жаткан саясий иш-чаралар тууралуу кеп кылдык. Анан, албетте, азыркыдай катаал убакта Россия тараптан Кыргызстандын бюджетин колдоо иретинде берген жардам тууралуу сүйлөштүк", — деди ТИМ башчысы.

Эске салсак, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 22-24-октябрь күндөрү Россия Федерациясына иш сапары менен барган.

0
Белгилер:
жардам, каражат, экономика, Руслан Казакбаев, Кыргызстан, Россия
Тема боюнча
Лавров Кыргызстанга финансылык колдоо көрсөтүү боюнча суроого жооп берди