Жогорку Кеңештеги орундар кандайча бөлүштүрүлөт?

© Sputnik / Табылды КадырбековКомпьютер жана микрофон менен жайгашкан жумуш ооруну. Архив
Компьютер жана микрофон менен жайгашкан жумуш ооруну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбордук шайлоо комиссиясы жеңип чыккан партиялардын ортосунда Жогорку Кеңештин мандаттарын кандайча бөлүштүрө турганын Sputnik маалым катынан окуңуздар.

Парламентке өтүш үчүн, партия жалпы добуш бергендердин жети пайызынын колдоосуна жана өлкөнүн жети облусунун ар биринен, ошондой эле Ош жана Бишкек шаарынан 0,7 пайыздан кем эмес добушка ээ болушу керек.

БШК жеңип чыккан партиялардын ортосунда мандаттарды төмөнкүчө бөлүштүрөт: 

С=А/(В/120)

  • А — тигил же бул партия топтогон добуштун жалпы саны;
  • В — добуш берген шайлоочулардын жалпы саны;
  • С — мандаттардын саны.

Бир партияга 65тен көп эмес мандат ыйгарылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0