Шайланууга ким укуктуу?

© Sputnik / Сергей Субботин / Медиабанкка өтүүПортфелдер. Архив
Портфелдер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда шайлануу укугуна ким ээ экендиги туурасында Sputnik маалым катынан окуңуз.

Кыргызстандын 18 жашка толгон бардык жарандары шайланууга укуктуу. Андан тышкары, бардык жарандар социалдык абалына, жынысына, расасына, улутуна, майыптыгына, билимине, кызматтык жана мүлктүк абалына, диний ишенимине, саясий жана башка көз караштарына карабай, мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлануу укугуна ээ. 

Компьютер жана микрофон менен жайгашкан жумуш ооруну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештеги орундар кандайча бөлүштүрүлөт?
Ал эми Жогорку Кеңешке шайлануу үчүн талапкер 21 жашка толгон болушу керек. 

Өлкөнүн президенттигине 35 жаштан кичүү эмес жана 70 жаштан улуу эмес, мамлекеттик тилди билген жана республиканын аймагында жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган ар бир адам талапкер боло алат.

Өз кыймыл-аракети үчүн жооп бере албайт деп сот тарабынан таанылган же эрки чектелген жайларда кармалуучу жарандардын шайланууга укугу жок. Андан тышкары, Жогорку Кеңешке жана мамлекет башчылыгына соттолгондугу мыйзам тарабынан белгиленген тартипте алып салына элек же мөөнөтүн өтөп бүтө элек жарандар да шайлана албайт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0