Добуш берүүгө кимдин укугу бар?

© Sputnik / Табылды КадырбековЖарандын биометриканы өткөндүгү жөндө таржымал. Архив
Жарандын биометриканы өткөндүгү жөндө таржымал. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңеш депутаттарын жана Кыргызстандын президентин шайлоодо добуш берүүгө ким укуктуу экендиги туурасында Sputnik маалым катынан окуңуздар.

Компьютер жана микрофон менен жайгашкан жумуш ооруну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештеги орундар кандайча бөлүштүрүлөт?
"Шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамдын 3-беренесинде Кыргызстандын 18 жашка толгон бардык жарандары шайлоого укуктуу деп жазылган. Алар өз укугун социалдык абалына, жынысына, расасына, улутуна, майыптыгына, билимине, кызматтык жана мүлктүк абалына, диний ишенимине, саясий жана башка көз караштарына карабай пайдалана алат.

Ал эми өз кыймыл-аракети үчүн жооп бере албайт деп сот тарабынан таанылган же эрки чектелген жайларда кармалуучу жарандардын шайлоо укугу жок. Тергөө абагында жаткан жарандар, эгер жанында паспорту болсо, шайлоо укугуна ээ. 

Быйыл биометрикалык маалыматтарын тапшырган гана жарандар добуш бере алат. Себеби шайлоо участокторуна келүүчүлөрдүн баары биометриканын жардамы менен идентификацияланат. 

Тийиштүү маалыматтарын тапшырбаган жаран алдыдагы шайлоодо добуш бербейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0