Кыргыз эл жазуучусу, котормочу Касымалы Баялиновдун архивдик сүрөтү жубайы менен

Касымалы Баялинов өмүр баяны

26951
(жаңыланган 15:28 01.10.2020)
Кыргыз эл жазуучусу, котормочу Касымалы Баялиновдун өмүрү жөнүндө Sputnik таржымалынан таанышыңыз.

Касымалы Баялинов 1902-жылы 25-сентябрда Ысык-Көл районуна караштуу Көк-Мойнок айылында бардар үй-бүлөдө туулган. Бирок ата-энесинен эрте ажырап, туугандарынын колунда өсүп калат. 1916-жылкы Үркүндө 14 жашар Касымалы эл менен кошулуп Кытайга качкан.

Октябрь революциясынан кийин мекенине кайтып келип, Кочкор айылында малайлык кылып жүрүп,  1918-жылы Токмокко жөө келет. Ар кайсы жерде иштеп, аскердик бөлүмдө ашпозчунун жардамчысы, дарыканада дары-дармек ташуучу да болот. 

1919-жылы Касымалы Баялинов комсомолго кабыл алынып, Ташкенттеги алты айлык советтик-партиялык курста окуйт.

1920-жылы алты айлык педагогикалык курсту, 1925-жылы Алматыдагы казак педагогикалык техникумун, 1933-жылы Москвада Бүткүл союздук журналистика институтунун аяктайт. Окууларынын аралыгында бир топ иштегенге да үлгүрөт. Ал 1920-жылы Нарында Комсомол комитетинде эмгектенип, 1925-жылы Москвадагы Борбордук басмакананын Кыргыз бөлүмүнө редакторлук кызматка жиберилет. 

Народный писатель Киргизской ССР, публицист, редактор, переводчик Касымалы Баялинов
© Фото / из семейного архива Баялиновых
Кыргыз эл жазуучусу, котормочу Касымалы Баялинов

Алгачкы ырларын Касымалы Баялинов 1920-жылдардын башында эле жазып, алар казак, татар тилдеринде басылып чыккан. Кыргыз тарыхынын оор күндөрүнө арналган белгилүү "Ажар" аттуу аңгемеси 1926-жылы биринчи жолу жарык көрөт. Ачкачылык, жокчулук өкүм сүргөн заманда карапайым элдин арылбаган арыз-муңу жөнөкөй, жатык, бирок ошол эле учурда терең, таамай жана көркөм берилген бул чыгарма кыргыз прозасынын башаты болуп эсептелет. 

1926-1928-жылдары, кийин дагы 1935-1937-жылдары Кыргызмамбастын башкы редактору болуп иштеген. 

1933-1935-жылдары Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук гезитинде редактор, 1940-жылдан 1941-жылга чейин "Советтик Кыргызстан" гезитинин башкы редактору, 1941-жылдан 1944-жылга чейин "Ысык-Көл правдасы" облустук гезитинин редактору болуп эмгектенген. 

Боз үй. Архив
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
1939-жылы СССР Жазуучулар союзуна мүчө болот. 

1944-1947-жылдары жана 1949-1955-жылдары Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгын жетектеген. Ал эми 1947-1949-жылдары СССР илимдер академиясынын кыргыз филиалынын тил жана адабият институтунун илимий кызматкери болуп иштеген.

Баялиновдун чыгармаларынын негизинде "Ысык-Көлдүн боюнда" операсы, ар түрдүү жанрдагы бир нече музыкалык чыгармалар жаралган. 

Баялинов кыргыздын алгачкы кесипкөй котормочуларынын бири. Ал Максим Горькийдин "Макар Чудра" аттуу аңгемесин (1929), А.С.Пушкиндин "Кавказ туткуну" (1937), "Руслан менен Людмила" (1937) аттуу поэмалары "Евгений Онегин" романын (1941) жана башка орус жазуучуларынын чыгармаларын которуп, кыргыз окурмандарына тааныштырган. Ошондой эле жазуучунун өз чыгармалары да орус, азербайжан, өзбек, казак, татар, француз, англис, немис, чех тилдерине которулуп чыккан.

Жазуучунун бир гана "Ажары" эле орус, немис, англис, өзбек, чех тилдеринде жарык көргөн. 

Народный писатель Киргизской ССР, публицист, редактор, переводчик Касымалы Баялинов с супругой Наджат
© Фото / из семейного архива Баялиновых
Кыргыз эл жазуучусу, котормочу Касымалы Баялинов жубайы Наджат менен

Согуш мезгилиндеги кыргыз айылындагы турмушту чагылдырган "Көл боюнда" романы үчүн 1952-жылы Сталиндик сыйлыкка көрсөтүрлүп, бирок аны албай калган. Ага Баялиновду "молдонун баласы, эл душманынын бир тууган, "Алаш-Ордо" аттуу совет бийлигине каршы чыккан казак улуттук кыймылынын мүчөсү" деп күнөөлөгөн "кыргыз жазуучуларынын" арызы партиянын Борбордук комитетине келет. 

1968-жылын Кыргыз эл жазуучусу наамын алган.

"Октябрь революциясы", "Ардак белгиси" жана эки жолу "Эмгек кызыл туу" ордендери, "1941-1945-жылдардагы Улуу Атамкендик согуштагы каарман эмгеги үчүн" медалы менен сыйланган.

Эл депутаттарынын Фрунзе шаардык Кеңешинин IV чакырылышын, Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешине депутат болуп шайланган.

Баялинов 1979-жылы 3-октябрда 77 жашында дүйнөдөн кайткан.

Жазуучунун көзү тирүүсүндө жарык көргөн акыркы автобиографиялык даректүү чыгармасы "Большевиктерге жазылам" деп аталган. Замандын өзгөрүүсүнө жараша чыгармадагы ар кандай саясий мамлекеттик түзүлүштөрдүн алкагында берилгенине карабай, повестте автордун турмуштук көз карашы, өз мезгилиндеги муундардын мекенине, идеяга берилгендиги, атуулдук сезимдери объективдүү чындыкты, адам баласы үчүн түбөлүктүү баалуулуктарды чагылдырат. 

Народный писатель Киргизской ССР, публицист, редактор, переводчик Касымалы Баялинов
© Фото / из семейного архива Баялиновых
Баялинов 1979-жылы 3-октябрда 77 жашында дүйнөдөн кайткан.

1993-жылы жазуучунун ысмы Бишкектеги балдар жана өспүрүмдөр үчүн республикалык китепканага ыйгарылган.

26951
Белгилер:
өмүр баян, Касымалы Баялинов, Кытай, Ысык-Көл
Тема боюнча
Токтогул Сатылганов — өмүр баяны
Тоголок Молдо — өмүр баяны
Финчалгындоонун башчысы Канатбек Тургунбеков

Финчалгындоонун жаңы башчысы Канатбек Тургунбековдун өмүр баяны

561
(жаңыланган 10:26 16.02.2021)
Канатбек Тургунбеков 1970-жылы 25-майда Нарын облусунун Тянь-Шань районунун Чет-Нура айылында туулган.

Канатбек Тургунбековдун өмүр баяны жана эмгек жолу тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган "Таржымал" рубрикасынан таанышууга болот.

Тургунбеков Кыргыз айыл чарба университетинде зооинженер адистигин, Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинде юрист-укук таануучу адистигин аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 1992-1993 — Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинде экономика жана коррупциялык кылмыштарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкери;
  • 1993-1994 — ИИМдин экономика жана коррупциялык кылмыштарга каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын экономика жана коррупциялык кылмыштарга каршы бөлүмүнүн улук ыкчам кызматкери;
  • 1994-1996 — ИИМдин экономика жана коррупциялык кылмыштарга каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын коррупция жана пара алууга каршы бөлүмүнүн өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук ыкчам кызматкери;
  • 1996-2000 — ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын бандитизмге каршы бөлүмүнүн өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук ыкчам кызматкери;
  • 2000-2001 — ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын уюшкан кылмыштуу топторго, транс улуттук жана жогорку технологиялар тармагындагы кылмыштар бөлүмүнүнү башчысы;
  • 2001-2002 — Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин кылмыш издөө бөлүмүнүн башчысы;
  • 2002-2003 — Финансы полициянын Бишкектеги башкармалыгынын жетекчисининин орун басары;
  • 2003-2004 — Финансы полициянын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча башкармалыгынын жетекчиси;
  • 2004-2006 — Финансы министрлигинин Ыктыярдуу башкаруу жана ички аудит кызматынын башчысы;
  • 2006-2007 — Финансылык чалгындоо кызматынын башчысынын орун басарынын илдетин аткарган. Ошондой эле IТ-камсыздоо жана эл аралык кызматташтык бөлүмүн жетектеген;
  • 2007-2008 — "Альфа Секьюрити" кайтаруу агенттигинин башкы директорунун кеңешчиси;
  • 2008-2009 — Коррупциянын алдын алуу улуттук агенттигинде башкармалыктын жетекчиси;
  • 2009-2010 — Мамлекеттик кадр кызматынын Коррупцияны алдын алуу агенттигинин башчысынын орун басары;
  • 2011 — "Альфа Телеком" ЖАКтын коопсуздук маселелер боюнча директору;
  • 2012 — "Альфа Телеком" ЖАКтын персоналдар боюнча дирекциянын башчысы;
  • 2013 — Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрагасынын орун басары;
  • 2020 — Мамлекеттик каттоо кызматынын укуктук маселелер боюнча башкармалыгынын жетекчиси;
  • 2020 — Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына шайлоодо "Кыргызстан" партиясынын штабынын жетекчиси.
  • 2021-жылдын 15-февралында Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды.

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы. Финансы полициясынын полковниги, Мамлекеттик кызматтын I класстагы кеңешчиси.

561
Белгилер:
Финансылык чалгындоо кызматы, Канатбек Тургунбеков, таржымал, өмүр баян, кызматкер, финансы
Тема боюнча
Жоробай ажы Шергазыев — өмүр баяны
Жоробай ажы Шергазыев

Жоробай ажы Шергазыев өмүр баяны

386
(жаңыланган 11:24 12.02.2021)
Кыргызстандын муфтийинин милдетин аткаруучу Жоробай Шергазыевдин өмүр баяны тууралуу маалыматтарды Sputnik Кыргызстан агенттигинин "Таржымал" рубрикасынан окуңуз.

Жоробай ажы Шергазыев 1974-жылы 27-августта Баткен облусунда туулган. Диний жогорку билимге ээ болгон.

Билими:

  • 1992 — Баткен районундагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектепти бүтүргөн;
  • 1992 — Бишкектеги "Хазрат Умар" атындагы медресеге тапшырып, белгилүү дин аалымдары болгон Молдо Хашим жана Молдо Газыдан сабак алган;
  • 2004 — Египеттеги "Ал-Азхар" университетинин шарият факультетин ийгиликтүү аяктаган;
  • 2006-2009 — жылдары Египеттин муфтиятындагы үч жылдык атайын фатва берүүгө даярдоо окуусун ийгиликтүү аяктаган;
  • 2015 — Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин чыгыш таануу жана эл аралык байланыштар факультетинин магистратурасын аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 2009 - 2010 — Египеттин муфтиятында иштеген;
  • 2010 — Кыргызстан ислам университетинде мугалим;
  • 2011 — Бишкектеги "Ыйман" мечитине имам-хатиб;
  • 2011 — Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы, муфтияттын фатва бөлүмүнүн адиси;
  • 2013 — муфтияттын фатва бөлүмүнүн башчысы;
  • 2016 — февраль айынан тарта азирети муфтийдин орун басары;
  • 2021-жылдын 11-февралынан тарта муфтийдин милдетин аткаруучу.

Үй-бүлөлүү, үч уул, бир кыздын атасы.

386
Белгилер:
Жоробай Шергазыев, Муфтий, таржымал, өмүр баян
Тема боюнча
Шаршеев Бакыт Октябрович — өмүр баяны
Уктап жаткан кыз. Архив

Дем алуу көнүгүүсүн жасап бир мүнөттө уктап калса болот. Адистин кеңеши

0
Көнүгүү жасагандан тышкары уктаар алдында тамак, кофе ичпеш керек, ошондой эле гаджеттерди алысыраак коюу сунушталган.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Дем алуу көнүгүүсүн жасап бир мүнөттө уктап калса болорун Аризон университетинин (АКШ) интеграциялык медицина боюнча адиси Эндрю Вайлга таянып Daily Mirror жазды.

Адис сунуштаган ыкма "4–7–8" деп аталып, терең жана бирдей ыргакта дем алуу бир эле мүнөттүн ичинде уктап калууга жардам берет. Муну Индияда йога менен машыккандар колдонуп жүрөт.

"Түндө ойгонуп кеткенде дагы ушул көнүгүүнү жасап уктап калса болот", — деген Вейл.

Мурун менен төрт секунд жай дем алып, аны жети секунд кармап, сегиз секундда демди чыгарып салуу керек. Муну уктап калгыча кайталоо зарыл. Бул дем алуу көнүгүүсү чыңалуудан арылууга да жардам берет. Адис ыкманы бир жасап таштап койбой кайталап туруу керектигин айткан.

Көнүгүү жасагандан тышкары уктаар алдында тамак, кофе ичпеш керек, ошондой эле гаджеттерди алысыраак коюу сунушталган.

0
Белгилер:
кеңеш, көнүгүү, уйку
Тема боюнча
COVID-19дан кийин мээни кантип калыбына келтирүү керек? Неврологдун кеңеши
Рактын этибар албаган беш белгиси аталды