Насирдин Байтемиров 1916-жылы Чүй өрөөнүнө караштуу Кегети айылында туулган. Болочок жазуучунун энеси Арууке элдик жомокторду жакшы билген, кошокчу, сөзгө чебер аял болгон.
Насирдин айылдык мектепти аяктагандан кийин 1934-жылдан тартып Фрунзедеги зооветеринардык институтта билим алат.
Жазуучунун "Жаш тилек" аттуу алгачкы ыры 1934-жылы "Ленинчил жаш" гезитинде жарыяланат.Ал эми 1937-1939 жылдары аскер кызматын ѳтүп келгенден кийин бала кезинен бери угуп келе жаткан энеси Арууке менен агасы Касымдын айтып берген жомокторунун негизинде "Жомоктор" аттуу китебин чыгарат. Негизи жазуучунун чыграмачылыгына өз үй-бүлөсүнөн тышкары, ошол кездеги Калмырза, Жаманкул менен Осмонкул сыяктуу белгилүү ырчылар да чоң таасир берген.
Согуш жылдары Байтемиров айылда эсепчи, зоотехник, мугалим болуп иштеп, комсомолдук милдеттерди да аткарган. Дал ошол мезгилде алган турмуштук тажрыйбасы Байтемировдун болочок жазуучулук эмгегине чоң таасир берип, ар кыл мазмундагы бай материал болгон.
1945-жылы Фрунзеге келип, "Кызыл Кыргызстан" газетасына кызматка орношот.
1945-жылы "Кызыл Кыргызстан" гезитинин өз кабарчысы болуп иштейт. Ошол кезде жаралган "Азамат" аттуу повесттинде ал согуш учурунда мекенин коргоого бγт күч-кубатын арнаган кыргыз учкучу Азамат жөнүндө баяндайт. Чыгармада ооруктагы оор турмушту ынанымдуу сγрѳттѳ менен, карапайм элдин сөзгө, досчулукка, сүйүүгө бек асыл сапаттарын терең жана көркөм чагылдырат.1947-1950-ылдары жана 1955-1967-жылдары Насирдин Байтемиров Кыргызстан жазуучулар союзунун адабий кеңешчиси болуп иштеген.
Ал эми 1955-жылы Москванын М.Горький атындагы адабият институтун бүтүргөн. Ошол эле жылы жазуучунун "Акыркы ок" романы жарык кѳрөт.
Насирдин Байтемировдун чыгармачылыгында орчундуу орунду тарыхый мазмундагы чыгармалары ээлейт. Буга 1966-жылы чыккан "Тарых эстелиги" романы, андан кийинки "Уркуя"драмасы күбө. Драматург катары "Уркуядан" башка, "Кγйѳѳ", "Ким кγнѳѳлγγ?", "Жолдо" аттуу драмаларын, айтылуу "Аста, секин колукту" музыкалуу комедиясын да жараткан. Насыр Давлесовдун музыкасын салынган бул чыгарма азыркыга чейин кыргыз опера жана балет театрында коюлуп келет.
Жазуучунун поэзиялык жанрдагы "Жγрѳк кγγсγ" (1955), "Сγйгѳнγм" (1957), "Канаттуу кγндѳр" (1964), "Эриген таш" (1969), "Махабат дастаны" (1975), "Махабат жазы"(1979) жана башка ырлар жыйнактары жарык көргөн.Насирдин Байтемиров "Кыргыз эл жазуучусу", "Кыргыз искусствосуна эмгек сиңирген ишмер" ардактуу наамдарынга татыган. Ошондой эле Эмгек Кызыл Туу, "Ардак Белгиси" ордендери жана медалдар менен сыйланган.
Ал 1996-жылы дүйнөдөн кайткан.
Канатбек Тургунбековдун өмүр баяны жана эмгек жолу тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган "Таржымал" рубрикасынан таанышууга болот.
Тургунбеков Кыргыз айыл чарба университетинде зооинженер адистигин, Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинде юрист-укук таануучу адистигин аяктаган.
Эмгек жолу:
Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы. Финансы полициясынын полковниги, Мамлекеттик кызматтын I класстагы кеңешчиси.
Жоробай ажы Шергазыев 1974-жылы 27-августта Баткен облусунда туулган. Диний жогорку билимге ээ болгон.
Билими:
Эмгек жолу:
Үй-бүлөлүү, үч уул, бир кыздын атасы.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-февралда, Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен жолукканда коңшулар эки тараптуу мамилелерди мазмундуу жаңы деңгээлге чыгарып, жаңы долбоорлор менен толтурууга кызыкдар экендигин белгилешти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Күн тартибиндеги эки тараптуу артыкчылык берилген багыттар, анын ичинде Кыргызстан менен Россиянын ортосунда түзүлгөн соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык маселелери талкууланган.
"Михаил Мишустин эки тараптуу мамилелерди мазмундуу жаңы деңгээлге чыгарып, жаңы долбоорлор менен толтурууга кызыкдар экендигин айтты. Россия Кыргызстандын тышкы соода боюнча алдыңкы өнөктөштөрүнөн экенин, пандемиянын кесепетинен улам төмөндөп кеткен соода байланыштардын мурдагы деңгээлин биргелешкен аракеттер менен калыбына келтирүүгө болорун билдирди", — деп айтылат маалыматта.
Андан сырткары, учурда өкмөт аркылуу коронавирус инфекциясына каршы биргелешип күрөшүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын, бул Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаалды турукташтырууга өбөлгө түзгөнүн баса белгиледи.
Аны менен сүйлөшүп жатып Жапаров Россия президенти Владимир Путин менен жолугушууда Кыргызстан менен Россиянын ортосунда түзүлгөн стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштык мамилелерди чыңдоону улантуу жөнүндө келишимге кол коюлгандыгын билдирген.
Жапаров пандемия учурунда гуманитардык, каржылык жана техникалык жардам түрүндө көрсөткөн колдоосу үчүн Россия өкмөтүнө ыраазычылыгын айткан.
"Кыргызстан менен Россияны маданий, тарыхый жалпылыктар гана эмес, ошондой эле жаңы саясий, соода-экономикалык алакалар байланыштырып турат. Буга байланыштуу эки мамлекеттин ортосундагы бардык потенциалды толук ачып берүүгө умтулушубуз керек", — деген президент.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар, айрыкча, соода-экономикалык кызматташтык деңгээлин жогорулатууга даяр экендиктерин билдиришкен.