Кудайбердиев Абибилла Алымович. Өмүр баяны

Жазылуу
Абибилла Кудайбердиевдин өмүр баянын жана ишмердиги тууралуу Sputnik агенттиги даярдаган таржымалдан окуңуздар.

Абибилла Кудайбердиев 1962-жылы 1-июнда Ош облусунун Ноокат районундагы Кеңеш айылында туулган. 1983-жылы Алматыдагы жогорку жалпы аскердик окуу жайын аяктап, 2003-жылы Россиянын жалпы аскердик академиясын бүтүрүп чыккан.

Эмгек жолу:

  • 1983-1994 — мотоаткычытар взводунун командиринен тартып аскер топторунун командирине чейинки кызматтарды аркалаган;
  • 2007-2008 — Коргоо министрлигинин түштүктөгү аскер топторунун кол башчысы;
Руководитель аппарата президента Кыргызстана Фарид Ниязов - Sputnik Кыргызстан
Ниязов Фарид Абилезимович — өмүр баяны
2008-2009 — КРдин Куралдуу күчтөрүнүн Бишкектеги жогорку аскердик окуу жайынын жетекчиси;
  • 2009-жылы КР президентинин буйругу менен Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын жетекчиси, коргоо министринин биринчи орун басары болуп дайындалган;
  • 2010-2011 — Кыргызстандын коргоо министри;
  • 2014-жылы апрелде өкмөттүн курамы жаңы түзүлгөндө кайтадан КР коргоо министри болуп дайындалган;
  • 1999-2000 — жылдары Баткен облусундагы согушкерлерди жок кылуу боюнча аскердик иштерге катышкан. Генерал-майор аскер наамын 2007-жылы алган.
  • Үчүнчү даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган жана башка наамдары бар. 

    Үй-бүлөлүү, эки уул, бир кыздын атасы.

    Жаңылыктар түрмөгү
    0