Айнакулов Мухтарбек Айнакулович. Өмүр баян

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Мухтарбек Айнакулов. Архив
Депутат Мухтарбек Айнакулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мухтарбек Айнакулов 1957-жылы 13-ноябрда Чүй облусунун Жайыл районундагы Сосновка айылында туулган. 1977-жылы ВГИКке (Бүткүл россиялык мамлекеттик кинематография институту) өткөн. 1981-дылы ГИТИСтин (Мамлекеттик театралдык искусство институту) актердук факультетине өтүп, аны 1983-жылы аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 1983-1985 — Ысык-Көл драматеатрында режиссер, актер
  • 1986-1990 — Ленинграддагы мех чыгаруучу "Рот-Фронт" бирикмесинде кызматкер
  • 1991-2005 — ишкердик жана чыгармачылык менен алектенген
  • 2007-2011 — "Бишкекфильм" студиясында режиссер
  • 2012-2014 — Бишкек эркин экономикалык аймагындагы (ЭЭА) "Сакчы" ишканасында директордун орун басары
  • 2014-жылдан 2015-жылдын 3-августуна чейин Бишкек ЭЭАдагы "Сервис" ишканасынын алдыңкы адиси
  • 2015-жылдын 28-октябрынан тарта КСДП партиясынын тизмеси менен 6-чакырылыштагы Жогорку Кеңешке депутат болуп келди.

КСДП партиясына 2000-жылдан бери мүчө.

Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0