Өмүрбекова Алтынай Сейитбековна. Өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Алтынай Өмүрбекова. Архив
Депутат Алтынай Өмүрбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алтынай Өмүрбекова 1973-жылы Фрунзе шаарында (азыркы Бишкек) төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых жана юридика факультеттерин аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 1997-1998 — "Эридан-маркет" ЖЧКсынын жабдуу боюнча менеджери
  • 1998-2000 — "Эридан-маркет" ЖЧКсынын сатуу боюнча менеджери
  • 2000-2003 — "Урмат Интер" ЖЧКсынын директору
  • 2005-2008 — "Туртрест" ЖЧКсынын директору
  • 2009-2010 — Аламүдүн районунун жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо башкармалыгында юрист
  • 2010-жыл, 10-ноябрь — V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты
  • 2010-жыл, 23-декабрь – Саламаттык сактоо, социалдык саясат, эмгек жана миграция комитетинин төрагасынын орун басары
  • 2011-жыл, 8-июль — өз ыктыяры менен мандаттан баш тарткан
  • 2011-жыл, июль айы — Бишкек шаарынын Ленин районунун акими
  • 2013-жыл — Бишкек шаарынын Свердлов районунун администрация башчысынын милдетин аткаруучу
  • 2015-жылы "Республика Ата-Журт" партиясы менен парламенттик шайлоого келип, депутат болгон
  • 20.04.2018 — КР вице-премьер-министри

Үй-бүлөлүү, эки баласы бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0