Капаров Жаныбек Акматович. Өмүр баян

© пресс-служба ГШ ВС КРЖаныбек Капаров. Архив
Жаныбек Капаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаныбек Капаров 1970-жылы 8-майда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда туулган. Жогорку билимдүү. 1992-жылы Ташкенттеги жогорку командалык училищесин аяктаган.
  • 2001-жылы Россиядагы Куралдуу күчтөр академиясын артыкчылык менен аяктаган. 2004-жылы НАТОнун штабдык офицерлер курсунан өткөн. 2010-жылы РФ Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын академиясын артыкчылык менен бүтүргөн.
  • 1993 – 1997 — Тажикстандагы жамааттык күчтөрдүн курамында тажик-афган чек арасын бекемдөө боюнча иш-аракеттерге катышкан;
  • 2007-2009 — Коргоо министрлигинин иш башкармалыгынын жетекчиси;
  • 2009-жылы Башкы ыкчам башкармалыгынын жетекчилигине — Башкы штаб жетекчисинин биринчи орун басарлыгына дайындалган;
  • 2012-2014 — Коргоо министринин орун басары;
  • 2014-2015 — Башкы штаб жетекчисинин орун басары.

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы. Полковник. Бир катар медалдар менен сыйланган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0