Сегизбаев Абдил Кеңешович — өмүр баяны

Жазылуу
Абдил Сегизбаевдин эмгек жолу жана өмүр баяны менен Sputnik маалымат сайтынын таржымалынан таанышыңыз.

Абдил Сегизбаев 1973-жылдын 2- июнунда туулган. Жогорку билимдүү. 1996-жылы Бишек шаарындагы Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунан "окумуштуу-агроном" кесибин алып чыккан. 

Эмгек жолу:

  • 1995-2000 — "Сорос — Кыргызстан" фондусунун координатору
  • 2000-2003 — координатор Швейцариялык эл аралык кызматташуу боюнча ассоциациясынын кызматкери
  • 2003-ж. (январь) – 2005-ж. (март) – Кыргызстандын президенти Аскар Акаевдин маалымат катчысы
  • 2011-ж. (декабрь) – 2012-ж. (март) президент Алмазбек Атамбаевдин жардамчысы
  • 2012-ж. (март) — КР президентинин аппаратынын маалымат саясаты боюнча бөлүмдүн жетекчиси – КР президентинин жардамчысы
  • 2012-ж. (октябрь) – КР президентинин маалымат саясаты боюнча кеңешчиси
  • 2014-ж. (август) – УКМКнын орун басарлык деңгээлинде иш алып барган Улуттук коопсуздуктун коркунучтарын жана тобокелчиликтерди талдоо боюнча кызматтын директорлугуна дайындалган
  • 2015 — 2018 (апрель) — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы.

Кыргызстандын президенттигине талапкерлигин койгон. 2021-жылдын 10-январында өткөн шайлоодо шайлоочулардын 1,45 пайыз добушун алган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0