Илмиянов Икрамжан Саттарович. Архив

Илмиянов Икрамжан Саттарович өмүр баян

4179
(жаңыланган 15:48 16.05.2017)
Икрамжан Илмияновдун эмгек жолу жана өмүр баяны менен Sputnik маалымат сайтынын таржымалынан таанышыңыз.

Илмиянов Икрамжан Саттарович 1-июлда 1975-жылы Баткен облусунун Лейлек районунун Катраң айылында туулган. Жогорку билимдүү. Ишеналы Арабаев атындагы кыргыз улуттук университетинен "экономист" кесибин алып чыккан. 

Эмгек жолу: 

2009 — 2010 —"Медиа форум" ачык типтеги акционердик коомунун экономисти 

Май 2010 — июль 2011 — Убактылуу өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басарынын жардамчысы

Декабрь 2010 — декабрь 2011 —КРдин премьер-министринин жардамчысы

Декабрь 2011 — октябрь 2012 —КР президентинин аппарат жетекчисинин орун басары

Октябрь 2012 —апрель 2015 — КР президентинин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары 

Бир нече жыл "Кыргызавтомаш" жана "Электротехник" акционердик коомдорунда айдоочу болуп иштеген. 

"Мамлекеттик кызматтын II класстагы кеңешчиси" чини бар.

4179
Белгилер:
Икрамжан Илмиянов
Абдувапов Алтынбек Каныбекович

Абдувапов Алтынбек Каныбекович өмүр баяны

59
Алтынбек Абдувапов 1976-жылы 1-январда Ош шаарында туулган. Ал Салык кызматынын I рангадагы мамлекеттик кеңешчиси.

Билими:

  • 1998-жылы Ош технологиялык университетин "коммерция" адистиги боюнча аяктаган. Ал эми 2010-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен юриспруденция боюнча адистикке ээ болгон.

Эмгек жолу:

  • 2002-2004 — "БИЕК Карго" ЖЧКсында сатуу боюнча менеджер;
  • 2004-2006 — "Техноткань" ЖЧКсында сатуу боюнча директор;
  • 2006-2009 —"Динь Чинь Айлу" оптика борборунун директору;
  • 2009-2011 — Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинде башкармалыктын жетекчисинин орун басары, башкармалыктын начальниги, бөлүм башчы;
  • 2011 — Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигиндеги метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекциянын финансылык камсыздоо жана административдик-укуктук башкармалыктын начальниги;
  • 2011 — экономикалык өнүктүрүү министринин кеңешчиси;
  • 2011-2021 — Мамлекеттик салык кызматында салык текшерүү башкармалыгынын начальниги;
  • 2021 (июнь-октябрь)— Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
  • 2021-жылдын 15-октябрында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Салык кызматынын I рангадагы мамлекеттик кеңешчиси.
59
Белгилер:
Алтынбек Абдувапов, Өмүр баяны
Бакашова Жылдыз Кемеловна

Бакашова Жылдыз Кемеловна өмүр баяны

65
(жаңыланган 09:06 14.10.2021)
Жылдыз Бакашова 1960-жылы 26-апрелде Каракол шаарында туулган. 1982-жылы Кыргыз улуттук университетин аяктаган. 1988-жылы аспирантура бөлүмүн бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 1984-жылы КМУУда окутуучу;
  • 1992-2000 — Жогорку Кеңештин эл аралык жана парламенттер аралык байланыш комитетинин адиси;
  • 1999-2003 —КМУУнун телерадиожурналистика факультетинин башчысы, кийин журналистика факультетинин деканы;
  • 2003-жылы КР ТИМинин проректору;
  • 2005-жылдан тарта КР Улуттук китепканасынын директору;
  • 2021-жылдын май айынан октябрь айына чейин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары.
65
Белгилер:
Жылдыз Бакашова, Өмүр баяны, таржымал
Тема боюнча
Бекболотов Бактыбек Асанкалиевич — өмүр баяны
Рубрика радио Sputnik Кыргызстан Көөнө сөз

Талантбеков: "Манаста" фонтанды түшүндүргөн көөнө сөз бар

0
"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков "Манас" эпосунда кездешкен көөнө сөздөрдүн бирин чечмелеп берди.

"Манас" эпосунда фонтанды түшүндүргөн "оргума" деген көөнө сөз бар. Аны учурда күнүмдүк турмушта колдонууга болот. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.

Талантбеков: "Манаста" фонтанды түшүндүргөн көөнө сөз бар

Анын айтымында, "Манас" эпосунда көптөгөн көөнө сөз кездешет.

Манасчи, член общественного объединения Көйкашка Нурбек Талантбеков на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Асель Сыдыкова
"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков
"Күндөлүк турмушта колдонулуп келген фонтан деген маанини түшүндүргөн сөз "Манаста" барбы деген суроо жаралат. Адатта фонтан сөзү бизге тыштан кирип, биздин тарыхта кездешпегендей кабылданып калууда. "Манас" эпосунда фонтан "оргума" же "оргу" деп айтылган. Бул сөз атырылып чыгуу, оргуштоо, уюлгуу, уюлгуп көтөрүлүү деген маанини түшүндүрөт. Эпосто "оргумасы оргуштап калаа көркү өсүптүр" деген саптар Сагынбай Орозбаковдун вариантында кездешет. Муну бүгүнкү турмушта да колдонууга мүмкүн. Анткени учурда шаарларда оргумалар, башкача айтканда, фонтандар арбын", — деди Талантбеков.

Ал ошондой эле көөнө сөздөрдү колдонуп тилди байытууга болорун кошумчалады.

0
Белгилер:
Нурбек Талантбеков, Манас эпосу, эне тил, Кыргызстан, көөнө сөз
Тема боюнча
Талантбеков: "мажилис" сөзү кеңеш, жыйын деген маанини билдирет