Жумалиев Кубанычбек Мырзабекович. Өмүр баян

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Жумалиев Кубанычбек Мырзабекович. Архив
Депутат Жумалиев Кубанычбек Мырзабекович. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кубанычбек Жумалиев 1956-жылы 26-апрелде Ош облусуна караштуу Жаңы-Жол районундагы Кичи-Ак-Жол айылында туулган.

Рязань шаарындагы радиотехникалык институтун "физикалык электроника" кесипчилигин алуу менен 1978-жылы аяктаган. Жогорку билимдүү. Институтту 1978-жылы август айында Фрунзе политехникалык институтуна орношуп, аспирантурага өткөн. 

Эмгек жолу.

  • 1982-жылга чейин ушул Фрунзе политехникалык институтунун аспиранты болгон. Алгачкы эмгек жолу кенже, улук илимий кызматкер болуп иштөөдөн баштаган. 
  • 1983-1984-жыл — жогоруда аты аталган институттун инженери. 
  • 1986-жыл — март айына чейин комсомол уюмунун секратары.
  • 1986-жыл — апрелден тарта Фрунзедеги политехникалык институттун ага илимий кызматкери болгон. Кийин Улуттук Илимдер Академиясынын физика Институтуна ага илимий кызматкерлик ишке өткөн. Ушул эле жылы кандидаттык диссертациясын Минск шаарында жактаган. 
  • 1992-жыл — докторлук диссертациясын Санкт-Петербург шаарында коргогон.
  • 1991-жыл — Илимдер Академиясынын "Жамын" илимий инженердик борборунун директору, андан көп узабай эле илим жана жаңы технологиялар Мамлекеттик комитетинин төрагасы. 1992-жыл — техникалык илимдеринин доктору, профессор. 
  • 1993-жыл — Улуттук Илимдер Академиясынын академиги, эл аралык информация академиясынын мүчөсү. 
  • 1995-жыл — март айы Мамлекеттик секретардын орун басары. 
  • 1996-1998-жыл — Кыргызстандын премьер-министри.
  • 1998-2001-жыл — Жалал-Абад облусунун Мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернатору.
  • 2001-жыл — Коммуникация министри.
  • 2002-жыл — өкмөттө вице-премьер министр.
  • 2015-жылы — "Бир Бол" саясий партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланды. 

100дөн ашуун илимий эмгектин анын ичинде үч монографиянын автору.

Жаңылыктар түрмөгү
0