Мамытов Талант Турдумаматович — өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековМамытов Талант Турдумаматович
Мамытов Талант Турдумаматович - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Талант Мамытов 1976-жылдын 14-мартында Жалал-Абад областынын Майлуу-Суу шаарында туулган. Жогорку билимдүү. 1983-жылы Майлуу-суу шаарындагы №5 орто мектепти аяктап, 1993-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук Университетинин юридика факультетине тапшырган.
2000-жылы Баткен облустук прокуратурасында мыйзамдарды жана прокуратуранын мыйзамдуу укуктуу актыларын аткарууну көзөмөлдөө боюнча бөлүмдө иштөө менен баштаган.
2001-2002-жыл — Жалал-Абад облусунун прокуратурасынынмыйзамдарга соттук токтомдордун ылайык келишин көзөмөлдөө боюнча бөлүмгө прокурор.
2002-2004-жыл — Жалал-Абад шаардык прокуратурасында улук тергөөчүсү.
2004-2005-жыл — Чаткал райондук прокуратурасында прокурордун жардамчысы.
2005-2006-жыл — Кыргызстандын башкы прокуратурасынын уюштурууну камсыз кылуу жана Эл аралык байланыштар башкармалыгы бөлүмүнүн прокурору.
2006-жыл – Чүй облусунун Ысык-Ата районунун прокурорунун орун басары.
2006-2007-жыл — Жалал-Абад облусунун Сузак районунун прокурорунун орун басары.
2007-2009-жыл — Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун прокурору.
2010-жыл, январь — прокуратура органдарынан өз каалоосу боюнча бошогон.
2010-жылы Жогорку Кеңештин V чакырылышына "Ата-Журт" саясий партиясынан тизме боюнча депутат болгон.
2012-жыл — 3-октябрда "Ала-Тоо" аянтында "Кумтөр" кенин улутташтыруу боюнча митингге чогулгандар параламенттин имаратына кирүүгө аракет кылышып, топтолгондор Ак үйдү көздөй бет алган. Аларды милиция кууп тараткан. Ал эми "Ата-Журт" лидери Ташиев баш болгон бир нече адамдар Ак үйдүн тосмосунан ашып кирген. Милиция аларды кармаган жана алардын арасында Ташиевден сырткары ошол кездеги депутаттар Садыр Жапаров менен Талант Мамытов болгон.
2013-жылдын 29-мартында Бишкектин Биринчи Май райондук соту Талант Мамытовду фракциялаштары Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаровду менен бирге мыйзамсыз бийликти басып алууга аракет кылган деген кине менен 1 жылга кескен.
2013-жылдын 20-августунда депутаттык мандаттан ажыратылган.
2015-жылы — "Республика — Ата-Журт" партиясынын тизмеси менен VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган;
2020-жылдын 4-ноябрынан тарта Жогорку Кеңештин төрагасы;
2020-жылдын 14-ноябрынан тарта КР президентинин милдетин аткаруучу;
2021 — Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты, спикер.
Жаңылыктар түрмөгү
0