Абдрахматова Атыр Болотбековна. Өмүр баяны

© Фото / пресс-служба ЦИК КРАбдрахматова Атыр Болотбековна
Абдрахматова Атыр Болотбековна - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абдрахматова Атырдын ишмердүүлүгү жана өмүр баянын Sputnik даярдаган таржымалдан тааныша аласыздар.
Атыр Абдрахматова 1981-жылы 7-февралда төрөлгөн. 1998-2003-жылдары Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттен юриспруденция адистиги боюнча билим алган. 2004-2005-жылдары Кыргыз-Россия Славян университетинин кайра даярдоо борборунан маркетинг менеджери, жарнама жана коомчулук менен байланыш адистиги боюнча билимин тереңдеткен.
Эмгек жолу:
2000-2001 —Калктын аялуу катмарына жарандык-укуктук маселелер боюнча бекер жардам берүүчү "Жардам" долбоорунда консультант
2003-2004 — КР Жогорку Кеңешинин мыйзам чыгаруу палатасынын депутатынын жардамчысы
2004-2005 — КР Жогорку Кеңешинин мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасынын орун басарынын жардамчысы
2005-2007 — КР Жогорку Кеңешинин депутатынын жардамчысы
2007-2009 — "Оберон" ЖЧКсынын юристи
2008-2009 — "Интербилим" эл аралык борборунун юристи
2008-2012 — "Кебел" коомдук клубунун координатору
2011-жылдын сентябрынан тарта КТРКнын редакциялык кеңешчиси
Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.
Жаңылыктар түрмөгү
0