Өмүркулов Иса Шейшенкулович — өмүр баяны

Жазылуу
Иса Өмүркулов 1957-жылы 12-мартта Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Тоолуу Маевка айылында туулган. Билими жогору. 1980-жылы Фрунзеги политехникалык институтту "инженер-механик" адистиги боюнча бүтүргөн. 1989-1990-жылдары Алматынын Жогорку партиялык мектебинин угуучусу болгон.

Эмгек жолу:

  • 1976-1977 — Кыргыз ССР Илимдер академиясынын лаборанты 
  • 1978-1980 — Фрунзе шаардык транспорт агенттигинин диспетчери
  • 1980-1981 —Кант райондук комсомол комитетинин инструктору
  • 1981-1984 — Фрунзе шаардык №3 автоколоннанын башчысы
  • 1984-1986 — Кыргыз ССР ЛКСМ Борбордук комтетинин инструктору
  • 1986-1989 — Фрунзе шаарынын Свердлов райком партиясынын инструктор 
  • 1991-1994 — КРдин вице-президентинин жардамчысы, биринчи вице-премьер-министрдин жардамчысы
  • 1994-1998 —КР башкы транспорт инспектору
  • 1998-2005 — Темир жол башкармалыгынын жетекчиси 
  • 1995-2007 — Жогорку Кеңештин I, II, III чакырылыштарынын депутаты
  • 2007-2010 — Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын КСДП тизмеси боюнча депутаты. Экономика тармактарын өнүктүрүү боюнча комитеттин мүчөсү
  • 2008 — Бириккен элдик кыймылдын саясий бюросунун мүчөсү
  • 2010 (апрель) — 2011 (февраль) — Бишкек мэринин милдетин аткаруучу
  • 2011 (февраль) — 2013 (декабрь) — Бишкек шаарынын мэри
  • 2013-жылы КРдин Башкы прокуратурасы тарабынан Дайыр Асанов атындагы сейил бактын чектерин мыйзамсыз бекиткени үчүн Иса Өмүркуловдун үстүнөн кылмыш иши козголгон.
  • октябрь, 2015 — КСДП саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

Сыйлыктары:

"Апрель элдик революциясынын каарманы" төш белгиси.

Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0