Текебаев Өмүрбек Чиркешович — өмүр баян

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Өмүрбек Текебаев. Архив
Депутат Өмүрбек Текебаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өмүрбек Текебаев 1958-жылы 22-декабрда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Акмаан айылында туулган. Билими жогору. 1981-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин физика факультетин, 1994-жылы ушул эле окуу жайынын юридика факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 1981 — Базар-Коргон районуна караштуу Акман айылында Токтогул атындагы орто мектептин физика мугалими
  • 1981-1983 — Советтик жоокерлердин катарында кызмат өтөгөн
  • 1984 — Акман айылында Токтогул атындагы орто мектептин физика мугалими
  • 1986 — Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин лаборанты, ага препаратору, ага лаборанты 
  • 1987-1991 — орто мектептин физика жана математика мугалими, методист Базар-Коргон райондук эл арагартуу бөлүмүнүн методисти
  • 1991 — Жалал-Абад облусунун монополияга каршы саясат жана ишкердикти колдоо башкармалыгынын жетекчисиө
  • 1991-1992 — "Эркин Кыргызстан" саясий партиясынын төрагасы 
  • 1991-1993 — КРдин жаңы Конституциясын иштеп чыгуу боюнча комиссиянын жана анын жумушчу тобунун мүчөсү
  • 1991 — СССРдин Жогорку Советинин мүчөсү, юридикалык маселелер боюнча републикалар кеңешинин мүчөсү
  • 1992-1994 — Жалал-Абад облустук администарция башчысынын орун басары 
  • 1994-жылдан атртып —"Ата Мекен" социалисттик партиясынын төрагасы
  • 1994 — Конституциялык кеңештин мүчөсү, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин XII чакырылышындагы депутаты
  • 1995-2000 — Жогорку Кеңештин I чакырылышынын Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, мамлекеттик түзүлүш жана мыйзамдуулук боюнча комитеттин төрагасы
  • 2000-2005 — Жогорку Кеңештин II чакырылышынын Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты 
  • 2000-2001 — Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасынын орун басары
  • 2002 — Конституциялык кеңештин төрагасынын орун басары
  • 2005-2007 — Жогорку Кеңештин III чакырылышынын депутаты депутаты 
  • 2005-2006 — Жогорку Кеңештин төрагасы
  • 2006 — Конституциялык кеңештин төрагасы
  • апрель-июль, 2010 — Убактылуу өкмөттүн төрагасынын орун басары, өлкөдө конституциялык реформаларды жүргүзүүгө жоопту — Конституциялык кеңештин төрагасы
  • октябрь, 2010 — Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты. Соициалдык саясат боюнча комитеттин мүчөсү, "Ата Мекен" парламенттик фракциянын төрагасы.
  • январь,2012 — КРдин сот системасын андан ары реформабоо боюнча макулдашылган сунуштарды иштеп чыгуу боюнча комитеттин башчысы.
  • октябрь, 2015 — "Ата Мекен" саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи, мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси. 

Сыйлыктары:

КМШ өлкөлөрүнүнү парламенттер аралык ассамблеясынын "Содружество" ("Кызматташтык") ордени, II даражадагы "Манас" ордени, "Апрель элдик революциясынын баатыры" төш белгиси.

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0