Акаев Асанкул Акаевич. Өмүр баяны

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүПортфель. Архив
Портфель. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Асанкул Акаев 1939-жылы Чүй облусунун Кемин районундагы Кызыл-Байрак айылында жарыкка келген. Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевдин улуу агасы.

1985-жылы Кыргыз айыл чарба институтун аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 1960 — "Чоң-Кемин" совхозунда электромонтер болуп иштеген;
  • 1963-1965 — ошол эле совхоздо кадр бөлүмүнүн ага инспектору;
  • 1965-жылдан баштап борбордук кампанын башчысы, жумушчу комитеттин төрагасы, башкармалык жетекчиси, кадр боюнча ага инспектор, профком төрагасы болуп иштеген;
  • 1984 — айылдык кеңештин төрагасы, парткомдун катчысы;
  • 1987-1998 — "Чоң-Кемин" совхозунун директору;

Мамлекеттик "Чоң-Кемин" улуттук жаратылыш паркынын директору болгон.

Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын I чакырылышына депутат болуп шайланган.

2005-2005 — Кемин шайлоо окуругу боюнча Жогоку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынына депутат болуп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0