Боронов Кубатбек Айылчиевич. Өмүр баяны

Жазылуу
Боронов Кубатбек Айылчиевич, 1964-жылы 15-декабрда Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Зергер айылында кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган.

Билими: 

  • 1991-жылы Фрунзе политехникалык институтунун "Айыл чарба курулуш" факультетин аяктаган; 

 

Эмгек жолу: 

  • 1991-жылы — "Фрунзекурулуштун" СМУ-9 трестинде кыш кыноочу;
  • 1992-жылы — "Кыргызкурулуш" АКна караштуу "Стройлескомплект" ПБдө 1-категориядагы инженер, базанын башчысынын орун басары, базанын башчысы;
  • 1998-2000 — "Кыргызкурулуш" АКна караштуу жыгач иштетүүчү заводдун директору;
  • 2001-2002 — "Гоктүрк" ЖЧУ директорунун орун басары;
  • 2003- 2006 — ЭӨКМне караштуу Жарандык коргонуунун Башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары;
  • 2006-2008 — ӨКМнин Түндүк аймактар аралык башкармалыгынын башчысынын орун басары, КР ӨКМнин Чүй облустук башкармалыгынын башчысы;
  • 2009- 2010 — ӨКМнин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы;
  • 2010-жылы ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу департаментинин директору;
  • 2010- 2011 — Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
  • 24.12.2011 — 20.04.2018 — КР өзгөчө кырдаалдар министри;
  • 2018-2020 — тарта КР биринчи вице-премьер-министри;
  • 2020-жылдын 17-июнунан 6-октябрына чейин  Кыргызстандын премьер-министри болгон.

Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0