Президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Аалы Карашев. Архив

Карашев Аалы Азимович. Өмүр баяны

213
(жаңыланган 15:54 14.04.2016)
Ал 1968-жылы 30-октябрда Ош облусунун Өзгөн районундагы Ак-Жар айылында туулган. Жогорку билимдүү, Кыргыз айыл-чарба институтун аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 1985 — 1986 — "Табак" чарбасында асыл тукум малды эсепке алуу боюнча адис;
  • 1992 — 1995 — кыргыз айыл чарба институту, зооинженер факультети, аспирант;
  • 1995 — 1996 — кыргыз айыл чарба институту, зооинженер факультети, ассистент;
  • 1996 — 1998 — КР жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын ассоциациясы, башкы адис;
  • 1998 — 1998 — КР жергиликтүү конгрессинде аппарат жетекчи;
  • 1998 — 1999 — КР президентинин администрациясы. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана агрардык саясат бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары;
  • 1999 — 2000 — КР президентинин администрациясы. Мамлекеттик башкаруу ишин уюштуруу жана саясат бөлүмүндө эксперт;
  • 2000 — 2005 — КР президентинин администрациясы. Мамлекеттик башкаруу ишин уюштуруу жана саясат бөлүмүндө инспектор;
  • 2007 — КР президентинин администрациясы. Мамлекеттик башкаруу ишин уюштуруу жана саясат бөлүмүнүн жетекчиси;
  • 2007 — 2009 — Ош облусунун губернатору;
  • 2009 — вице-премьер — КР өкмөтүнүн аппаратынын жетекчиси;
  • 2011 — 2012 — биринчи вице-премьер-министр;
  • 2012 — 2015 года — Мамлекеттик кадр кызматынын директору.

Үй-бүлөлүү, эки баласы бар. Илимдин кандидаты. Кыргызстандагы жергиликтүү башкарууну өнүктүрүү маселелери боюнча бир нече монографияларды жазган.

213
Белгилер:
биография, өмүр баян, Аалы Карашев