Портфель. Архив

Ибраев Нурдин Турсуналиевич. Өмүр баяны

Нурдин Ибраев 1966-жылдын 2-октябрында Бишкек шаарында төрөлгөн. Жогорку билимдүү. 1988-жылы Фрунзедеги политехникалык институтун аяктаган. 1991-1992-жылдары Кыргызстандын Илимдер академиясында аспирантурада окуган.

Эмгек жолу: 

  • 1988-1991 — Фрунзедеги политехникалык институтта стажер;
  • 1992-1994 — "Агзам" ишканасынын кызматкери; 
  • 1994-1997 — "Кыргыз-Жер" банкынын насыя бөлүмүнүн башчысы;
  • 1997-2002 — "Элан" ишканасынын мүдүрүнүн орун басары;
  • 2002-2007 — Социалдык фонддун киреше боюнча бөлүм башчынын орун басары; 
  • 2007-2009 — "DESCONT" компаниясынын мүдүрүнүн орун басары;
  • 2009-2010 — Социалдык фонддун укуктук ченем актыларды иштеп чыгуу бөлүмүнүн башчысы; 
  • 2010-2012 — Социалдык фонддун төрагасынын кеңешчиси;
  • 2012-2013 — Социалдык фонддун бюджет бөлүмүнүн башчысы;
  • 2013-2016 — Социалдык фонддун төрагасынын орун басары;
  • 2016-жылдын 18-апрелинде Социалдык фонддун төрагасы болуп дайындалды. 

Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы.

Белгилер:
өмүр баян, Нурдин Ибраев
Костюмчан киши. Архив

Сыдык Карачев өмүр баяны

(жаңыланган 14:53 20.04.2021)
Журналист, жазуучу, адабиятчы, драматург Сыдык Карачев 1900-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Жылуу-Булак айылында туулган. Айрымдар анын 1901-жылы төрөлгөнүн жазып жүрүшөт.

Сыдык Карачевдин бала чагы, үй-бүлөсү жөнүндө маалымат жокко эсе. Окуу китептерде ал тууралуу учкай гана жазылган.

Билими:

Карачев эс тартканда Каракол шаарына келип татар мугалимдикине үй кызматкери болуп орношкон. Анын жардамы менен шаардагы жаңы тартип (жадид) мектебинен билим алган.

1919-жылы атуулдук согуш курчуп турган мезгилде Кызыл гвардия бөлүмү түзүлүп, ага Карачев да катталган. Бул жерде ал улуу манасчы Саякбай Каралаев, темир комузчу Адамкалый Байбатыров менен бирге аскердик машыгуудан өтүп, кийин ак гвардиячыларга каршы согушуп, Бухара эмирлигин кулатууга катышкан.

Сыдык Карачев 1920-1922-жылдары Ташкенттеги аскер мектебинде окуп, бирок ден соолугуна байланыштуу бул окуудан чыгып, Караколдогу Союз кошчу уюмунда иштеген.

Советтик жана кыргыз сүрөтчүсү Гапар Айтиев. Архив
© Фото / мемориальный музей-мастерская Гапара Айтиева
Эмгек жолу:

"Эркин-Тоо" гезитинин тунгуч саны жарык көрөөр алдында Сыдык Карачевди Ташкентке атайын чакыртышып, гезитке жооптуу катчы кылып дайындашат (Сыдык Карачев ага чейин 1919-жылдары  Алматыда чыккан "Көмөк" гезитинде аз убакыт болсо да иштеген деген божомол бар).

Карачев "Эркин-Тоо" гезитинде алты жыл эмгектенип, кийин 1930-жылы Оштогу "Кызыл пахтачы" гезитине жооптуу редактор болгон. Айтор, Карачев 1924-жылдан баштап басма сөз тармагында иштеген.

Чыгармалары:

Сыдык Карачевдин алгачкы ыры 1918-жылы татар тилиндеги "Шуро" гезитине жарык көргөн. Ал башында жалаң казак, татар тилдеринде жазганы айтылат. 1919-жылы "Көмөк" гезитине анын "Сүйгөнүнө кошула албады", "Үйлөнүүдөн качты", "Алданган нур кызы", "Күкүк менен Зейнеп", "Ысык-Көл боюнда" аттуу аңгемелери басылып чыккан. Жазуучунун "Шаңдан, жүрөк", "Аялдар салтанаты", "Айылдагы курбума", "Досума" аттуу ырлары дагы бар.

СССРдин эл артисттери, белгилүү режиссерлер Төлөмүш Океев. Архив
© Sputnik / Александр Федоров
Сыдык Карачев тунгуч прозаик. Ал адабий чөйрөгө прозаик катары "Үйлөнүүдөн качты", "Сүйгөнүнө кошула албады", "Эрик таңында", айрыкча "Эрксиз күндөр" повести менен таанылган. Анын "Эрик таңында" жана "Эрксиз күндөр" чыгармалары өзүнчө китеп болуп чыккан. Кыска өмүрүндө ал "Борч", "Теңдик жолунда", "Төрага Зейнеп" аттуу үч пьеса жазган. Ошондой эле чет элдик акын-жазуучулардын чыгармаларын которгон.

Сыдык Карачев 1937-жылы негизсиз репрессияланып, кийин каза болгон соң гана акталган.

Белгилер:
Сыдык Карачев, таржымал, Өмүр баяны
Тема боюнча
Жусуп Абдрахманов — өмүр баяны
Коомдук жана саясий ишмер Жусуп Абдрахманов. Архив

Жусуп Абдрахманов өмүр баяны

Жусуп Абдрахманов 1901-жылы 28-декабрда Ысык-Көл облусундагы Чиркей айылында манаптын үй-бүлөсүндө төрөлгөн.

Билими:

Абдрахманов Сазановка кыштагындагы (азыркы Ананьево айылы) орус-тузем мектебинде 3-класска чейин окуп, 1914-жылдан баштап билимин Каракол шаардык жогорку-башталгыч окуу жайында уланткан. Тилекке каршы, 1916-жылы Үркүн окуясынан улам Абдрахманов окуусун бүтүрө албай калган.

Болочоктогу саясий ишмердин атасы — Абдрахман Балапанов бий жана болуш болгон. Ал 1916-жылдагы көтөрүлүшкө катышып, ошол жылы келте оорусунан каза тапканы айтылат. Жусуп Абдрахмановдун энеси жана жети бир тууганы Нарындагы көтөрүлүштү басууда өлтүрүлгөн. Натыйжада Абдрахманов Токо аттуу иниси менен томолой жетим калып, 15 жашында эл менен кошо Кытайга качат. Бир жылдан соң мекенине кайтып келип, Каракол гарнизонунда офицерлердин аттарын, короосун карап жашаган.

Жусуп Абдрахманов Кызыл Армияга жазылып, бир жылга жетпеген убакытта катардагы жоокерден эскадрондун командирлигине чейин көтөрүлгөн. Алгач 1919-жылы Верныйдагы (азыркы Алматы шаары) командирлик курстан, андан кийин Ташкенттеги аскердик жогорку мектептен окуган.

Эмгек жолу:

Совет бийлиги орногондон кийин партиялык курулушка баш-оту менен киришкен Абдрахманов алгачкылардан болуп комсомолдун катарына өтүп, 1920-жылы Россия комсомолдорунун 3-курултайына өкүл катары катышкан.

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөөчүсү, алгачкы кыргыз интеллигенциясынын эң көрүнүктүү өкүлү, саясий жана коомдук ишмер Жусуп Абдрахманов
© Фото / иллюстрации из книги Ж. Абдрахманова "1916. Дневники. Письма к Сталину"
Жусуп Абдрахманов 1924-жылга чейин Жети-Суу аймагында жооптуу партиялык-советтик кызматтарда иштеген. Ошол жылдары санаалаштары менен жаңы, жаш мамлекетти бутуна тургузуп, цивилизацияга кошуу иштерине киришет. Абдрахманов Кыргызстандын азыркы чектерин аныктап, ал гана эмес өлкө аянтын дагы да кеңейтүүнү максат кылган. Абдрахмановдун аракети менен Кыргызстан адегенде автономиялуу облус, андан кийин автономиялуу республика болгон.

Коомдук ишмер 1925-жылы Москвага кызматка чакырылып, Бүткүл союздук коммунисттер партиясынын Борбордук Комитетинде жооптуу инструктор болуп эмгектенген. Ошол эле жылы кыргыздан чыккан алгачкы дипломат катары Иран өлкөсүнө эки тараптын мамилесин чыңдоо үчүн жөнөтүлөт.

Саясий ишмер 1927-жылы март айында, болгону 26 жашында Кыргыз АССРинин Элдик комиссарлар төрагасы болуп дайындалат. Ал бул кызматты аркалаган беш жыл ичинде жаңы түзүлгөн жаш республикадагы бардык маанилүү жумуштарды баштап? айыл чарба, өнөр жай, билим берүү, укук, маданият сыяктуу тармактарды негиздөөгө салым кошкон. Колхоздошуу башталганда чоңдордун каршылыгына карабастан кооперация идеясын көтөрүп, көчмөн калкты жапырт отурукташтырууга макул болбой, жергиликтүү шартты билбеген москвалык кызматкерлерди катуу сындап, кыргыз тилинин ролун жогорулатуу, улуттук кадрларды даярдоо жана кызматка коюу маселелерин ар дайым көтөргөн. Ал турсун Сталинге эки жолу кат жөнөтүп, Москванын туура эмес саясатын белгилеген. 1930-жылдары ачкачылык башталып, Украина, Казакстанда миллиондогон адам кырылганда Абдрахманов бул көрүнүштү алдын ала сезип, Кыргызстанда жыйналган данды жогору жактын каршы чыкканына карабастан Москвага жөнөтпөй койгон. Ошентип канчалаган кыргызды ачарчылыктан сактап калган. Бирок так ушул жагдай кийин анын "улутчул" деп күнөөлөнүшүнө себепкер болгон. Абдрахманов 1933-жылы сентябрда "Компартияга каршы аракеттенген" деген жалаа менен ишинен бошотулуп, партиянын катарынан чыгарылган.

Жусуп Абдрахманов 1937-жылы камакка алынып, ага антисоветтик террорист, Социал-Туран партиясынын түзүүчүсү деген жалган күнөөлөр коюлат. Кыргызстанда совет бийлигин кулатып, өзүнчө мамлекет түзмөкчү болгон деген айып тагылат. Бирок түрмөдөгү адам чыдагыс кыйноолорго карабай күнөөлөрдү мойнуна алган эмес. Бийликти аёосуз сындаса да, советтик түзүлүштүн активдүү жарчысы жана куруучусу болуп, ар дайым Лениндин идеяларын колдоп келген. Жусуп Абдрахманов 1938-жылдын 5-ноябрда өлтүрүлгөн. Артында анын жубайы жана беш баласы калган.

Белгилер:
саясий ишмер, коомдук ишмер, таржымал, өмүр баян, Жусуп Абдрахманов
Тема боюнча
Бишкектеги жогорку окуу жайга Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгаруу сунушталды
Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгы быйыл улуттук деңгээлде белгиленет
Сокулук музыкалык мектебинин окуучусу Адинай Жумакадырова комуз белекке алды

Президенттен комуз сураган Адинай белегин алды. Сүрөт

(жаңыланган 18:57 20.04.2021)
Өзүмдүн өрүк комузум болсо деп кыялданган окуучу кыз президентке кат жазып көрүүнү чечкен. Мамлекет башчы Адинайдын өтүнүчүн жоопсуз калтырган жок.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Сокулук музыкалык мектебинин 3-класстагы окуучусу Адинай Жумакадырова мамлекет башчы Садыр Жапаровдон комуз белекке алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

  • Сокулук музыкалык мектебинин 3-класстагы окуучусу Адинай Жумакадырова мамлекет башчы Садыр Жапаровдон комуз белекке алды
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Маалыматка караганда, тестиер кыз Нооруз майрамына карата президентке кат жолдоп, өрүк комуз белек кылууну суранган
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 2
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Сокулук музыкалык мектебинин 3-класстагы окуучусу Адинай Жумакадырова мамлекет башчы Садыр Жапаровдон комуз белекке алды

Маалыматка караганда, тестиер кыз Нооруз майрамына карата президентке кат жолдоп, өрүк комуз белек кылууну суранган.

Бүгүн, 20-апрелде, президенттин аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев Адинайдын өтүнүчүн аткарып, президенттин атынан ага комуз белек кылды.

"Адинайдын жолдогон каты дарегине жетти. Бүгүн биз Садыр Жапаровдун атынан улуттук музыкалык аспапты Адинайга белекке тапшырып жатканыбызга кубанычтабыз. Комуз өрүктөн жасалган. Мамлекет башчы Адинай мыкты музыкант болуп, эл аралык конкурстарда өлкөнүн атынан чыгат деген чоң үмүтүн билдирди", — деди Базарбаев.

Ал эми жаш музыканттын апасы Асел Асаналиева президентке кат жазуу кыздын жеке идеясы болгонун айтты.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
"Адинай бала кезинен эле музыкага, комузга өзгөчө жакын. Ар дайым өзүмдүн комузум болсо деп кыялданчу. Кыялын ишке ашырууга аракеттенип, президенттен суроону чечкен. Көп өтпөй эле комуз белекке берилери жөнүндө кабарлашты", — деди ал.

Адинай аспапка аяр мамиле жасап, көрүнүктүү комузчу болуш үчүн болгон күч-аракетин жумшарын белгиледи.

Тема боюнча
Жапаров: Бишкек баатыр ырыс жылоологон касиеттүү адамдардан болгон