Ормонов Жапарбек Туратович. Өмүр баяны

© Sputnik / Айша КамиловаПредседателем Ошского городского кенеша Данияр Ормонов
Председателем Ошского городского кенеша Данияр Ормонов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жапарбек Ормоновдун өмүр баянын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин таржымал бөлүмүнөн окуңуз.

Ал 1973-жылы 23-апрелде Ош облусунун Кара-Суу районундагы Лангар айылында туулган.

Жогорку билимдүү. 1997-жылы Ош технологиялык университетин Жүк ташууну уюштуруу жана транспортту башкаруу адистиги боюнча билим алган.

Эмгек жолу: 

  • 1989-1991 — Кара-Суу районунун "Ленин" колхозунда жумушчу;
  • 1993-1997 — Ош мамлекеттик университетинде комендент;
  • 1997-2000 — Ош технологиялык университети, Админстративдик-чарба иштери баюнча проректор;
  • 2000-2001 — Ош мамлекеттик университети, Админстративдик чарба иштери баюнча департаментинин башчысынын орун басары;
  • 2002 — Ош мамлекеттик университети, Маркетинг жана тышкы байланыш бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
  • 2002-2003 — Ош мамлекеттик университети, Админстративдик чарба иштери баюнча департаментинин башчысы;
  • 2003-2014 — Ош мамлекеттик университетинин проректору;
  • 2014-2015 — Ош шаарынын вице-мэри;
  • 2016-жылдын 25-апрелинен тарта Ош шаардык кеңештин төрагасы.

Экономика илимдеринин кандидаты.

Жаңылыктар түрмөгү
0