Блокнотко жазып жаткан адам. Архив

Абдрасул Токтомушев. Өмүр баяны

(жаңыланган 09:40 24.01.2019)
Кыргыз эл акыны Абдрасул Токтомушевдин өмүрү жөнүндө Sputnik таржымалынан тааныша аласыз.

Улуу муундагы кыргыз жазуучуларынын көпчүлүгүнө мүнөздүү өмүр жолун басып өткөн Кыргыз эл акыны Абдрасул Токтомушев 1912-жылы Кемин районундагы Төрт-Күл айылында туулган. Ал жаштайынан томолой жетим калып, дунган байларында малай жүргөн. 1922-жылы гана совет бийлигинин жиберген балдар комиссиясы аны таап алып, бактысын ачкан. "Эртеси баарыбызды Токмок интернатына беришкен, ошол күнү өтө бактылуу болдум, мени Абдрасул Токтомуш уулу деп өз наамымда кагазга жазышкан, ошондон кийин Абдрасул атым өзүмө кайтарылып берилди", — деп эскерген. Көрсө, дунган байларында жүргөндө анын атын Лайвазы (келгин бала) деп аташып, ошол атка көчүп, өз ысымы унут болуп бараткан экен. Ошол кездеги оор күндөрү тууралуу автор көп жазган. Анын "Унутпаймын" деген бир ырында акын ал кездеги башынан өткөргөндөрүн кейиштүүлүк менен эскерип, өлүмдөн алып калган совет бийлигине чексиз алкышын билдирген. 

Писатель-прозаик, поэт и общественный деятель Салижан Жигитов
© Фото / Манасбек Мусаев
1928-1931-жылдарда Ташкент шаарындагы Орто Азия суу чарба техникумунда окуп, 1952-жылы Фрунзедеги педагогикалык окуу жайын сырттан окуп бүтүргөн. 1932-1941-жылдары Улуу Ата Мекендик согуш башталганга чейин Лейлек районунун "Колхоз турмушу", республикалык "Кызыл Кыргызстан", "Ленинчил жаш" гезиттеринде адабий кызматкер, жооптуу катчы, бөлүм башчы, 1953 – 1957-жылдарда "Ала-Тоо", "Чалкан" журналдарынын редакцияларында бөлүм башчы болгон. 1938-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон. 

Токтомушевдин чыгармачылыкка кызыгуусу Ташкенттеги суу чарба политехникумунда окуп жүргөндө башталган. Ошол жылдары ал САКУнун алдындагы адабий ийримдин ишине катышып жүрөт. Өзгөчө ага алгач окуган Тоголок Молдонун "Кедейлерге насыят", Касымалы Баялиновдун "Ажар", Аалы Токомбаевдин "Ленин тууралуу" деген китептери күчтүү таасир этип, ал өзү да ушундай китеп жазсам деп дегдеп калат. 

Токтомушевдин алгачкы "Дыйкандарга" деген ыры 1930-жылы 31-январда "Кызыл Кыргызстан" газетасына жарыяланган. Мына ушундан тартып анын чыгармалары басма сөздөрдөн кеңири орун ала баштаган.

Сөздөрү орундуу, ыр саптары, ыр түрмөктөрү чыйрак, уйкаштуулугу дурус ырларды жазганы менен Абдрасул Токтомушевдин 30-жылдардагы поэзиясы баары бир өзүнө таандык бөтөнчөлүктөрү менен бөлүнүп турган деңгээлге жете албаган. Анын поэтикалык изденүүсү эпикалык формада дурус ишке ашты. 1937-жылы жарык көргөн "Какшаалдан кат" поэмасы автордун атын дароо жалпы журтка белгилүү кылып, 30-жылдардагы кыргыз поэзиясына кошулган мыкты салымдардын катарына кирди. Поэма Кытай жеринде калган кыргыз кыздарынын типтүү өкүлү болгон Сайранын ички толгонуулары аркылуу жеке адамдын мекен, эл-жер менен ажырагыс биримдигин көрсөтүүгө арналган. Ал кат формасында жазылып, окуя Сайранын баяны түрүндө өнүктүрүлөт. Ал 1958-жылы орусчага которулуп, Москвадан чыккан "Ак көгүчкөн" жыйнагында жарыяланган. 1942-жылы жазылган "Сүйүүнүн күчү" деген ырында бир караган адамга кадимки эле сүйүү сезими жөнүндө сөз болот го дегендей ой туулат. Бирок бул ырдан улам биз өзүбүз үчүн сүйүүнүн жаңы жактарын ачабыз. Асыресе мекенди сүйүү керектигин сезебиз. 

Сүйүү чиркин кандай күчтүү керемет,
Сүйүү десе жүрөк булкуп термелет.
О, сүйгөнүм! Менин алтын мекеним,
Сенсиз мага турмуш бир ууч өңдөнөт.
Мөңгү басып, муз төшөсөм муздабайт,
Сүйүү күчү жанга бөтөн дем берет.
Чокко күйбөс, музга тоңбос бул жүрөк,
Нур жылдыздан сени бүткөн деп билет.

Ыр согуш мезгилинде жазылгандыктан, мекенди чексиз сүйүү сезиминен тышкары душманды жек көрүү сезими мында абдан таамай жана курч көрсөтүлгөн.

Балдар акыны, романист жана сатирик

Акындын балдарга арналган "Хан жана Жуматай", "Тынчтык үнү", "Достук" ж.б. чыгармалары бар. 1989-жылы "Үркүн" аттуу автобиографиялык романы "Ала-Тоо" журналына басылып, бирок чыгарма аягына чыкпай калган.

Тарас Токомбаев. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
50-60-жылдардагы акындын поэзиясынан эпикалык формага көбүрөөк көңүл бөлүнгөндүгүн, ошондой эле чакан ырларында сюжеттик элементтерди колдонуу менен турмуш чындыгын чагылдырууга олуттуу маани бергендигин көрөбүз. Ошондой эле поэзиянын сатиралык жанрын өнүктүрүүгө да үлүш кошкон. Буга анын "Чалкан" журналында иштеши да себепчи болгон. "Ушакчы", "Аңкоолук калбас", "Турган", "Таалайга тойбойт", "Суроолор"," Жеңе, кайни нааразы", "Жаагың сынгыр", "Не жаман" деген сыяктуу бир катар сатиралык ырларында автор турмушубузда кездешкен кээ бир жат көрүнүштөрдүн бетин ачып, таамай айтылган курч сөздөр менен мыскылдап өтөт.

Токтомушевдин эпикалык поэзиясы жөнүндө кеңири сөз кылууга материалдар толук жетиштүү. Анткени автор көп сандаган поэмаларды жана ыр менен жазылган "Алтын тоо" романын жаратты. "Өчкөн шамың күйүптүр", "Сүйүү жана коркунуч" поэмаларында советтик жаштардын таза сүйүүсүнүн салтанаты көрсөтүлсө, "Жалгыз аркар", "Бир ооз сөз" поэмаларында сүйүүдөгү жана үй-бүлөө турмушундагы кейиштүү учурлар сүрөттөлгөн. Өткөн замандагы сүйүүнүн абалы, анын коомдук-социалдык маңызын көрсөтүү максатында автор "Тоо туткуну", "Ак Мөөр" поэмаларын жазган. Ал эми ыр менен жазылган "Алтын тоо" романы — анын чейрек кылымдык чыгармачылык үзүрү. Анда козголгон маселе 1916-жылкы көтөрүлүш жөнүндө мурда жазылган ири чыгармалар менен кандайдыр бир деңгээлде үндөш. Октябрь революциясына чейинки теңсиздик коом, кыргыз эмгекчилеринин эзилген оор турмуш абалы, падышага солдат бербейбиз деп 1916-жылы көтөрүлүшкө чыкканы, Кытайга качуу, ал жактан кайтып келүү, Совет бийлигинин орношу жана чыңдалышы, ал учурдагы тап күрөшү, сабатсыздыкты жоюу "Алтын тоо" романында жалпы тарыхый кырдаал катары көрсөтүлгөн турмуш чындыгы. Бул чыгарма Токтомушевдин чыгармачылыгындагы эң олуттуу көрүнүш жана ал чыгармасы үчүн 1974-жылы Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болгон. Мындан тышкары "Эмгек Кызыл Туу", "Элдердин достугу", "Ардак белгиси" ордендери, "1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта каарман эмгеги үчүн", Владимир Ильич Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына "Каарман эмгеги үчүн", "Эмгек ветераны" медалдары, Кыргыз ССР ЖКнын Ардак грамоталары, ЛКЖС БКнын Ардак грамоталары менен сыйланган. 

Токтомушев 1995-жылы 83 жашында дүйнөдөн кайткан.

Белгилер:
өмүр баян, Абдрасул Токтомушев
 Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Социалдык фонддун төрагасы Уланбек Асанов

Асанов Уланбек Жалалович өмүр баяны

(жаңыланган 16:02 06.04.2021)
Уланбек Асановдун өмүр баяны жана эмгек жолу тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган "Таржымал" рубрикасынан таанышууга болот.

Уланбек Асанов 1970-жылы 30-ноябрда Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда туулган. Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы. Мамлекеттик кызматтын биринчи класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

Билими:

  • 1988-1993 — Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин экономикалык жана социалдык пландоо факультетин аяктаган.
  • 1998-2000 — Кыргыз мамлекеттик улуттук университети, юриспруденция адистигин бүткөн.

Эмгек жолу:

  • 1990-1994 — Макарон-кондитердик фабрикасында экономист;
  • 1994-1995 — “Кыргызагроминитехпром” мамлекеттик-коммерциялык өндүрүштүк бирикмесинде жетектөөчү инженер;
  • 1995-1998 — Ош электр тармактар ишканасында инженер;
  • 1998-2001 — “Кыргызэнерго” акционердик коомунда инженер;
  • 2001-2003 — “Ошэлектр” ачык акционердик коомунда АСУ башчысы;
  • 2003-2003 — КР Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана түз инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын жардамчысы;
  • 2004-2005 — премьер-министрдин аппарат жетекчисинин жардамчысы;
  • 2005-2006 — президенттин администрация жетекчисинин биринчи орун басарынын жардамчысы;
  • 2007-2007 — премьер-министрдин жардамчысы;
  • 2008-2009 — “Бишкек” Эркин экономикалык аймагынын башкы дирекциясынын аппарат жетекчиси;
  • 2009 — Социалдык фонддун окуу борборунун директорунун орун басары;
  • 2009-2010 — Социалдык фонддун төрагасынын кеңешчиси;
  • 2010-2013 — Социалдык фонддун аппарат жетекчиси;
  • 2013-2021 — Социалдык фонддун төрагасынын орун басары;
  • 2021-жыл, апрель — Социалдык фонддун төрагасы.
Белгилер:
өмүр баян, таржымал, кеңешчи, төрага, Социалдык фонд, Уланбек Асанов
Тема боюнча
Тентишев Эркин Саткынбаевич — өмүр баяны
Финчалгындоонун жаңы башчысы Канатбек Тургунбековдун өмүр баяны
Бишкектеги Ормон хандын эстелиги. Архив

Ормон хан. Кененсарынын башын алып, Кокондун колун кыйраткан "Кызыл тебетей"

(жаңыланган 15:09 15.03.2021)
Кыргыз элинин тарыхында бараандуу орду бар Ормон Ниязбек уулунун өмүр жолу тууралуу Sputnik даярдаган "Таржымалдан" окусаңыз болот.

Сарыбагыш уруусунун чоң манабы, түндүк кыргыздарынын ханы Ормон Ниязбек уулу 1792-жылы Чоң-Кемин өрөөнүндө туулган.

Убагында казак ханы Кененсарыны жеңип бийлигин бекемдесе, Кокон ханынын аталыгы Мусулманкулдун колун артка кайтарып, Чүй жергесин душмандардан коргоп келген. Сырткы душмандарга айбат көрсөтүп, ысымы Россия, Кытай империяларына жеткен кыргыз ханы ички душмандардын кутумунан ажал тапкан.

Sputnik Кыргызстан агенттиги тарыхчылар Асанбек Акматалиев жана Белек Солтоноевдин эмгектерине таянуу менен Ормон хандын таржымалын сунуштайт.

Атагын арттырган куда-сөөктүк саясат

Ормон хандын атасы Ниязбек сарыбагыш уруусунун белгилүү бийи. Айтылуу Калыгул Бай уулу менен Ормон хан ага-ининин балдары, олуя кийинчерээк кеңешчи да болгон.

Тарыхчы Асанбек Акматалиевдин маалыматында, Ормон хан башка уруулар менен мамилесин чыңоого аракет кылган. Бул үчүн кызы Куланды бугунун бийи Боромбайдын уулуна берсе, иниси Төрөгелдиге солтонун бийи Канайдын кызын алып берет. Саяктардын бийи Медет датка менен ымалашып, Чыны бий менен достошкон. Тайлак баатырдын уулу Осмон менен өз уулу Чаргынды достоштурат. Кетмен-төбөлүк бий Ырыскулбекке өз уруусунан кыз алып берет. Ошентип Чүй, Көл, Нарын, Кетмен-Төбө, Талас чөлкөмүндөгү кыргыздарга аттын кашкасындай таанымал болуп, аброю бийиктеген.

Ормондун хан көтөрүлүшү

Ормон Ниязбек уулу түндүк кыргыз урууларынын башын кошуп өзүнчө хандык түзүүнү көздөйт. 1842-жылы Ысык-Көлдүн этегинде 500 боз үй тигилип, кыргыздын курултайын өткөрөт. Курултайга сарыбагыштардан Жантай, Калыгул, Төрөгелди катышса, солтодон Жангарач, Тынаалы баштаган топ келип кошулган. Андан сырткары, саяктарды баштаган Медет датка, бугулардан Боромбай жана кушчу, черик, саруу, моңолдор урууларынын өкүлдөрү да катышкан. Ошондой эле түштүк кыргыздардан Алымбек датка келгени айтылып жүрөт.

Курултайда Ормон: "Биз бирикпесек кыргыз болбой калабыз. Бизге салыштырмалуу Кокондун ханы бар, Кашкардын кожосу бар, Калмактын тайшасы жана бул эле казактын да ханы бар. Биз болсо уруубуздун арсыз намысын тутуп, бириге албай жүрөбүз. Минтип кете берсек эл-жерибизди жоготуп алабыз. Биригели, өзүбүзгө хан шайлап алалы. Ханды эл шайласын, ошон үчүн курултайга чакырдым", — деп кайрылат. Жыйында ар уруунун билерманы чыгып сөз сүйлөп, Ормонду ылайык көрүшөт. Ошентип 52 жаштагы Ормон Ниязбек уулуна ай тамгалуу кызыл кымкап тебетей кийгизилет. Ал хан болуп шайлангандан кийин ордосун Байсоорунга орнотот. Хандын өзүнүн тамгасы, мөөрү болгон.

Кокондун сан миңдеген колун кыйраткан

Ормон хан такта турганда уруу аралык касташууларды токтотот. Жерди кеңейтүү максатында Иле дарыясынын жээгин кыргыздарга кошууну самап 500гө жакын үй менен көчүп барган. Кокон хандыгынын Куртка, Байсоорун чептерин талкалатат. Санташ, Бедел, Тоюн жана Ашуу-Алматыга кароол чеп орнотот. Кокондун ханы Ормонду өзүнө тартуу үчүн "Парваначы" деген өтө бийик наам ыйгарат. Ормон кыргызды өзүнчө көз карандысыз мамлекет кылууга жана борборлоштурулган бийлик түзүү аракетин жүргүзгөн. Тышкы иштер боюнча, сот иштерине жана кол башчылыкка ишенген адамдарын дайындайт. Мындан кооптонгон Кокон хандыгы түндүк кыргыздарды басуу үчүн Мусулманкул аталыкты 5000 аскери менен жиберет. Жоо келе жатканын элчи аркылуу билген Ормон хан Жантай, Жангарач болуп тосуп чыгат. Бир жумага созулган кармашта Мусулманкул аталыктын колу кыйрап, артка чегинет.

Казак-кыргыз кармашы, Кененсарынын өлүмү

Тарыхчы Белек Солтоноевдин жазганы боюнча, 1845-жылы кыргыз-казак ортосунда "жылкы уурдалды" деп чыр чыгат. Анын натыйжасында казак ханы Кененсары Бишкектин түндүк жагындагы тынай элине кол салып, эрлер окко учат. Казак аскерлери балдарды мууздап, аялдардын ичин жарып кетет. Эки жыл өткөн соң, 1847-жылы жаз айында Кененсары хан 20 миңге жакын аскери менен Сары-Өзөн Чүйгө жортуул жасайт. Сарыбагыштын жоого жарактуу жигиттери менен Жантай, Солтодон Жангарач баштаган кыргыздар жоонун жолун торогон. Жыйынтыгында Абылай хандын небереси Кененсары хан иниси Ноорузбай экөө колго түшөт. Алардын башы алынып, Россия бийлигине жөнөтүлгөн. Кененсарынын колун талкалап, аны туткундап өлтүргөндөн кийин Ормон хандын ысымы Кытай, Россия империяларында айтыла баштаган.

Ормон хандын колго түшүшү

Тарыхчы Асанбек Акматалиевдин айтымында, Ормон хандын бугу эли менен таарынычы болгон. Кокондон Мусулманкул аталык келип согуш ачканда Ормон хан көл жээгиндеги бугуларга чабарман жиберип жардам сурайт. Алар келбей койгондо "кыргыздын тарыхы кыл үстүндө турганда кыянаттык кылып, эл-жерди коргогонго келбей койдуңар" деп Боромбай бий менен Муратаалыга таарынат. Бугу уруусу кийин Кененсары менен болгон согушка да катышкан эмес. Ормон хан көлдүн башын кыдырып, "Санташ" чегин көрүп кайра келе жатканда Боромбайдын уулу Кылыч менен Нышандын уулу Мырза жолун торойт. Ормонду колго түшүрүп туткундашат. Аны күйөө баласы Өмүрзак менен кызы Куландын үйүнө алып барышат. Кутум уюштурулуп, аны өлтүрүүнү чечишет. Кененсарынын колун талкалаганына катуу намыстанган казак султаны Тезек төрөнүн да бул ишке тиешеси болгон. Ошентип, Ниязбек уулу Ормон хан 1855-жылы өз кызынын үйүндө өлтүрүлөт.

Хандын куну, сарыбагыш-бугу чабышы

Ормон ханды ким кандайча өлтүргөнү жөнүндө так маалымат жок. Бирок көп убакыт өткөрбөй эле уулу Үмөтаалы менен иниси Төрөгелди хандын кунун кууп бугу элине согуш ачат. Тирешүүдө аялдар туткунга алынып, жигиттер көз жумат. Бугу менен сарыбагыштын кармашы үч жылга созулган. Бул тирешүү уруулардын Россия карамагына өтүп, орус бийлигинин жана Жантай хандын ортого түшүүсү менен токтогон.

Белгилер:
Ормон хан, таржымал, тарых, туткун, өлүм, Кокон хандыгы
Тема боюнча
Тайлак баатыр туурасында жети факты. 42 жаш. Жүлүндү сыздаткан өлүм
Кишен. Архив

УКМК мамлекеттик чыккынчылыкка шектелген эки кыргызстандыкты кармады

(жаңыланган 18:21 13.04.2021)
Шектүүлөр тарабынан жасалган кылмыш тууралуу маалымат тергөө иштери аяктагандан кийин коомчулукка кененирээк берилмекчи.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Бүгүн, 13-апрелде, мамлекетке чыккынчылык кылган деген шек менен М.К. жана М.Т. аттуу эки кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кылмыш-жаза кодексинин 307-беренесинин 1-бөлүмү ("Мамлекеттик чыккынчылык кылуу") боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалгандардын кылмыш жасоого катыштыгы бар экендиги жөнүндө далилдер алынган.

"Мыйзамга ылайык, мындай кылмыш жасагандар 10 жылга чейин эркинен ажыратылат", — деп айтылат маалыматта.

Шектүүлөр тарабынан жасалган кылмыш тууралуу маалымат тергөө иштери аяктагандан кийин коомчулукка кененирээк берилмекчи.

Белгилер:
чыккынчы, кылмыш, УКМК
Тема боюнча
Кыргызстанда кылмыш жасап изин сууткандар Москвадан табылды