Кенекеев Даир Атакулович — өмүр баяны

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПолномочный представитель Правительства в Таласской области Дайыр Кенекеев
Полномочный представитель Правительства в Таласской области Дайыр Кенекеев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1974-жылы 24-майда Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында төрөлгөн.

Билими: 

  • 1993 — Новосибирск агрардык колледжинин "Зооинженерия" факультетин аяктаган;
  • 2001 — Эл аралык университетинин эл аралык укук боюнча адистигин артыкчылык менен бүтүргөн; 
  • 2002 — Мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин экономика жана бизнес факультетинин "мүлктү башкаруу жана баалоо" адистигин артыкчылык менен аяктаган; 

Эмгек жолу:

  • 1993 — 1994 — Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районундагы Оргочор мамлекеттик заводунда зоотехник кесибин аркалаган;
  • 1999 — Кыргыз-француз "ARPA BGI BBc ишканасынын вице-директорунун ассистент-котормочусу;
  • 1999 — 2001 — Чет элдик инвестицияларды жана экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик комитетинин ага адиси;
  • 2001 — 2002 — Тикелей инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик агенттиктин башкы адиси;
  • 2002 – 2003 — Тикелей инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик агенттиктин инвесторлор менен иш алып баруу боюнча "one-stop-shop" бөлүмүнүн жетекчиси; 
  • 2003 – 2006 — Тикелей инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчисинин орун басары;
  • 2004 — Экономиканы өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлигинин инвестициялык саясат бөлүмүнүн жетекчиси;
  • 2004 — 2005 — Экономиканы өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлигинин алдындагы монополияга каршы департаментинин директорунун орун басары;
  • 2005 – 2006 — Монополияга каршы саясат жана атаандашууну күчөтүү боюнча улуттук агенттиктин жетекчисинин орун басарынын милдетин аткаруучу;
  • 2006 — 2010 — "Бишкек тажрыйбалык заводу" акционердик коомунун директорлор кеңешинин жетекчиси; 
  • 2006 — 2011 — Президенттин аппаратындагы экономиканы өнүктүрүү жана мониторинг боюнча бөлүмүнүн адиси;
  • 2011 — Мамлекеттик мүлк министрлигинин улутташтырылган мүлк фондунун директору — мүлк министринин орун басары; 
  • 2015-жылдын 29-майынан тарта Талас облусундагы өкмөттүн ыйгарымдуу укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
  • 30.06-2016 — 25.10.2017 өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
  • 25.10.2017 — 19.04.2018 — КР вице-премьер-министри.
Жаңылыктар түрмөгү
0