Эркин күрөш боюнча эл аралык класстагы чебер, КРдин көп жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова. Архив

Айсулуу Тыныбекова. Өмүр баяны

3719
Айсулуу Тыныбекова 1992-жылы Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында төрөлгөн. Нарын облусунун Кочкор районундагы Теңдик айылында чоңойгон.

Тыныбекова кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш боюнча эл аралык класстагы чебер, КРдин көп жолку чемпиону.

  • 2010 — Азия чемпионатында коло медалга татыган, Жаштар арасында Азия чемпиону;
  • 2012 — Лондон олимпиадасынын катышуучусу;
  • 2013-2014-жылы Азия чемпионатында чоңдор арасында коло байгеге татыган;
  • 2013-жылы Казань шаарында өткөн Бүткүл дүйнөлүк студенттердин универсиадасында коло байге уткан. 2014-жылы Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өткөн XIV Азия оюндарында жана 2015-жылы олимпиада чемпиону Иван Ярыгиндин эл аралык турниринде күмүш байге алган;

Азия чемпионатында (2014-жылы, 2015-жылы) эки жолу күмүш медаль уткан. 2016-жылы февраль айында Таиланддын Бангкок шаарында өткөн Азия чемпионатында чоңдор арасында 58 салмак категориясы боюнча Азия чемпиону аталган;

2016-жылы — Рио Олимпиадасына катышуу үчүн жолдомо алган.

Тыныбекова Нурбек Изабеков менен Түгөлбай Базакечевдин жетекчилиги алдында машыгат.

3719
Белгилер:
биография, өмүр баян, Айсулуу Тыныбекова
Пикирлер