Эркин күрөш боюнча эл аралык класстагы чебер, КРдин көп жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова. Архив

Айсулуу Тыныбекова өмүр баяны

4018
(жаңыланган 17:20 15.02.2018)
Айсулуу Тыныбекова 1992-жылы Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында төрөлгөн. Нарын облусунун Кочкор районундагы Теңдик айылында чоңойгон.

Тыныбекова кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш боюнча эл аралык класстагы чебер, КРдин көп жолку чемпиону.

— Кыз-келиндер арасында өткөн Кыргызстандын чемпионатынын бир нече жолку жеңүүчүсү 

— 2010-жылы Бангкокто өткөн Азия чемпионатында коло медаль 

— 2012-жылы Алматыда өткөн лицензиялык турнирде күмүш медаль 

— 2013-жылы Таиландда өткөн жаштар арасындагы Азия чемпионатында алтын медаль 

— 2013-жылы Болгарияда өткөн жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында коло медаль 

— 2013-жылы Индияда өткөн Азия чемпионатында коло медаль 

— 2013-жылы Казань шаарында өткөн дүйнөлүк универсиадада коло медаль 

— 2014-жылы Астанада өткөн Азия чемпионатында күмүш медаль 

— 2014-жылы Кытайда өткөн Азия оюндарында коло медаль

— 2015-жылы Катар мамлекетинин Доха шаарында өткөн Азия чемпионатында күмүш медаль 

— 2016-жылы Бангкокто өткөн Азия Чемпионатында алтын медаль 

— 2017-жылы Индияда өткөн Азия чемпионатында алтын медаль 

— 2017-жылы Ислам тилектештин оюндарында алтын медаль 

— 2017-жылы Францияда өткөн дүйнө чемпионатында коло медаль 

— 2017-жылы Индияда өткөн Азия чемпионатында алтын медаль 

— 2017-жылы Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өткөн жабык имараттагы Азия оюндарында күмүш медаль 

КРдин эмгек сиңирген спортчусу, "Данк" медалынын ээси.

Тыныбекова Нурбек Изабеков менен Түгөлбай Базакечевдин жетекчилиги алдында машыгат.

4018
Белгилер:
биография, өмүр баян, Айсулуу Тыныбекова
Пикирлер