Касымалы Жантөшев — өмүр баяны

© flickr.com / Nicola Sap De MitriДевушка пишет на блокноте
Девушка пишет на блокноте - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз эл жазуучусу, көрүнүктүү прозаик жана драматург Касымалы Жантөшев 1904-жылы Ак-Суу районундагы азыркы Тепке айылында туулган.

Залкар жазуучу 16 жашка келгенде гана жаңыдан кат тааныган. Арипти алгачкы жолу Орозакун Илепес уулу деген мугалимден үйрөнүп, 1920-жылы анын колунан биринчи жолу китеп көргөнүн "Тепкедеги жаңы мектеп" деген эскерүүсүндө баяндаган. Ал эми 1921-жылы комсомолдун катарына өткөн. 

Желек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Байдылда Сарногоев — өмүр баяны
1924-жылга чейин айылдык мектепте окуган. Айрым маалыматтарга караганда ал 1922-жылы "Койчу" деген биринчи драмалык чыгармасын жазган. 

1926-жылы Фрунзедеги педтехникумда окуган. Бул жерде чыгармачылык ишин адегенде эле драмалык чыгармаларды жазуудан баштаган. "Койчулар", "Түштө", "Биз комсомолецтер" деген бир актылуу, 1928-жылы "Карачач", "Алым менен Мария" аттуу көп актылуу пьесаларды жазган. "Карачач" 1929-жылы, "Алым менен Мария" 1930-жылы театр студиясында коюлган. 

Жантөшев "Окуу китеби", "1 жылдык", "Сабатсыздар үчүн кыргыз тилинин программасы жана окутуу методу", "Колхозчулар үчүн окуу китеби", "Мектеп балдарынын тилин өстүрүү жөнүндө", "Эсепти чыгаруу жолдору жана бөлчөктөр" аттуу китептерди чыгарып агартуу системасына чоң салымын кошкон. 

Китептеринен көрүнүп тургандай, Жантөшев тил илими, методика, ал турмак арифметика маселесине чейин кызыккан. 

Жазуучу 1930-жылдардын башында методист, районо башчысы, мугалим катары иштеп, бир топ убакыт Кыргызстандын түштүгүндөгү алыскы тоолуу аймактарында болгон. 

Жазуучунун аймактагы жашоосу чыгармачылык изденүүсүнүн жаңы багытын аныктоого мүмкүнчүлүк ачкан. Мурда "Эки жетим" өңдүү чакан аңгемелерди жаза коюп жүргөн автор көлөмдүү прозанын үстүндө иштеп көрүүгө бел байлаган. 

Ошентип, түштүк аймактардагы коллективдештирүү мезгилинде курчуган тап күрөшүнүн татаал процессин, ошол күрөштөрдө бетме-бет келген адамдардын аң-сезимдеринде болгон өзгөрүүлөрдү реалисттик планда элестеткен "Эки жаш" повести жаралды. Ал 1938-жылы жарыяланып, жазуучуну белсемдүү прозачы катары кыргыз журтуна таанымал кылды. 

Китептер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Касымалы Жантөшевдин "Каныбек" романы тууралуу жети факты
1929-жылы үч актылуу "Жоголсун байлар" аттуу пьесасын, 1937-жылы эл чарбасын коллективдештирүүгө арналган "Дардаш", "Ким кантти" пьесаларын жазган. Ошол эле учурда Жантөшевдин прозага карата кызыкчылыгы артат. Адегенде айрым аңгеме, очерктерди дагы жаза коюп жүрөт. 

"Эки жаш" повестинен кийин анын проза жанрына болгон маанилүү кадамы башталган. Ушундан тарта ал өмүрүнүн акырына чейин эки тизгинди бирдей кармап, кыргыз адабиятында прозаны жана драматургияны бирдей өздөштүрүп, өнүктүрүп келген. 

Жазуучунун элдик турмушка, тарыхый окуяларга жасаган эстетикалык мамилеси анын негизги китеби "Каныбек" романынан көрүнгөн. Биринчи редакциясы боюнча романдын биринчи китеби 1939-жылы, экинчи китеби 1941-жылы, үчүнчү китеби 1948-жылы жарыкка чыккан. Кийинчерээк автор эл арасына кеңири тарап, атакка ээ болуп кеткен бул чыгармасына кайрадан кайрылып, экинчи редакциясын иштеп чыккан. Бул редакция боюнча автор мурдагы эки китепти бириктирип биринчи китепке, үчүнчү жана жаңыдан жазылган төртүнчү китепти бириктирип экинчи китепке айландырган. 

Касымалы Жантөшевдин "Каныбек" романы тууралуу бул жактан окуңуз>>

Жантөшев кыргыз драматургия жанрынын баштоочуларынын жана негиздөөчүлөрүнүн бири.

1942-жылы элдик варианттын негизинде баатырдык "Курманбек" драмасын, ушул эле жылы сов. партизандардын баатырдыгын баяндаган “Өч” пьесасын жазган. Согуштан кийинки жылдары Жантөшев Токтогул Сатылгановдун жаркын элесине арналган "Элдик ырчы" драмасын жараткан. 

1949-жылы "Тилек", 1952-жылы “Жалындуу жаштар”, 1963-жылы "Хан Теңирлик чабан", "Менин тагдырым" повесттери жарык көргөн. 1955-жылы "Ашуу ашкан суу", 1957-жылы "Мендирман" поэмасы чыккан. 

Окуучу китепканада. Архив - Sputnik Кыргызстан
Насирдин Байтемиров — өмүр баяны
Жантөшев котормочу катары да таанымал. Александр Островскийдин "Болот кантип курчуду" романын, "Сепсиз кыз" пьесасын жана бир топ балдар жазуучуларынын чыгармаларын кыргызчалаган. Ошондой эле Михаил Лермонтов, Ханс Кристиан Андерсен, Лидия Будогорская сыяктуу чет элдик жазуучулардын чыгармаларын которгон.

1946-жылы Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, 1968-жылы Кыргыз Эл жазуучусу, "Ардак белгиси" ордени менен эки жолу, "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата-Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн", "Эмгектеги артыкчылыгы үчүн" медаль-сыйлыктары, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамоталары менен сыйланган.

Жазуучу талыкпай иштеген, изденгич жазуучу болгон. Анын ысмы Ысык-Көл облустук драма театрына, билим берүүчү мектептерге жана китепканаларга, республиканын шаарларынын көчөлөрүнө жана айылдарына берилген.

Касымалы Жантөшев 1968-жылы дүйнө салган.

Жаңылыктар түрмөгү
0