Барпы Алыкулов — өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз элинин залкар акындарынын бири, улуу акын Токтогулдун шакирти Барпы Алыкулов
Кыргыз элинин залкар акындарынын бири, улуу акын Токтогулдун шакирти Барпы Алыкулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Барпы Алыкуловдун өмүр баянын Sputnik Кыргызстан агенттигинин таржымалынан окуңуз.

Кыргыз элинин залкар акындарынын бири, улуу акын Токтогулдун шакирти Барпы Алыкулов 1884-жылы күзүндө азыркы Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы "XX партсъезд" колхозу тейлеген Ачы деген кыштагында томаяктын үй-бүлөсүндө туулган. Атасы — Алыкул Шамурза уулу көрүнгөндүн малын багып күн өткөргөн киши болгон. Тогуз баланы багып өстүрүү адалдан түктүү малы жок кедей үчүн оңой-олтоң жүк эмес эле. Айласы кетип, балдарынын жаштыгына карабай улуурактарын байларга малайлыкка берет. Барпы да эс тартканы Мадалы, Назарбай деген байлардын малын багып, отунун алып, күлүн чыгарды. Кийин Ысакбайда малай болуп жүргɵн. Барпы бала кезинде башынан кечирген күндөрү жөнүндө "Мен көргөн күндөр" деген ырында минтип эскерет:

Атакем мени сүйүп, балам деди,
Ач калдык, сени малай салам деди.
Ошентип Назарбайга болдум малай,
Малайлык туткунда жүрдүм далай.

Ушундай оор турмуш кечиргенине карабай Барпы ырчылык өнөргө эрте аралашты. Он алты жашка чыгып-чыкпай акындык даңкы эл арасына жайылды. Акындын өзүнүн айтымында атасы Алыкулдан "Залим хандар азабы" деген ырды үйрөнгөн. Ал ырда Кокон хандарынын катаалдыгы сындалат. Демек, Барпынын акын болушуна атасынын салымы бар десек болот. Барпы отуздан өткөнгө чейин малайлыкта жүрүп, Октябрь төңкөрүшү жеңгенден кийин гана эркин, өз алдынча жашады. Алдыңкылардан болуп жаңы турмушту түптөп, көч башында болду. Союз кошчу жана өз ара көмөктөшүү топторунда кызмат өтөп, айыл кеңешинин орун басары да болуп жүрдү. Өткөн оор турмуш өз таасирин бердиби, Барпы 36 жаш курагында катуу ооруга чалдыгып эки көзү тең бүдөмүктөп калат.

Барпы балалыгында ит көрбөгөн азапты көрдү. Байларга малай болуп жүрүп ден соолугунан ажырады. Ал ыр саптарында балалыгында көргөн кордуктарды эскерет. Алсак, Назарбайдын күн сайын айткан заар сөзүн бир ырында эшитет: 

Пул бергемин атаңа
Кызын баалап береби
Өткөргөн менин акыма?— 

деп наристе малайын жекирет, кекетет. Бала эмес, чоң кишинин алы жетпей турган жумушка чегет. Ошол убактагы азап-тозоктору жөнүндө ырында мындай дейт:

Суукта колум үшүйт куурап-какшап,
Бутумду суук алган, жүрөм аксап.
Бергени ичериме мага атала,
Жатканым иттер менен саманкана.

Мына болочок акындын көргөн күнү, ичкен ашы, жаткан жери…Назарбайдын азабына чыдоого болбоду. Барпы өлүк менен тириктин ортосундагы бир макулук болуп калды. Атасы келгенде көз жашын көл кылып ыйлады. Ата кантсин?! Эмне болсо да, бала деген — бала. Назарбай менен мамилесин үздү. "Балам жаш, ырайым кыла көр" деп жатып Калмат байга "кол бала" кылып берди. Бирок абал өзгөргөн жок:

Байдан бай авла эмес, бардыгы сук,
Кедейди эзип жеген арам тумшук.
Калмат бай айырмасыз Назарбайдан,
Азаптан азапка өттүм, кетти айлам, —

деп көргөн күнүн баяндайт. Айла канча. Чыдады. Ыйлады. Акырында атасын дагы кыйноого салды.

Кийинчерээк бой тарткандан баштап Ысакбай, Матисак, Абды, Сулайман, Кара бий дегендерге чейрекер болуп жүрөт. Ошентип эчен жерден ырайымдуу, боорукер байды учурата албады. Биринен экинчиси ашып түшкөн зулум, ач көз, алдамчы болуп чыкты.

Сегиз жашынан тартып "азаптан азапка өтүп", "иттер менен саманканада жатып", күнү-түнү уйку көрбөй байлардын малын багып, отун жагып жүрүп шордуу Барпы "он бир жашында көз оорулуу" болот. Бирок эч ким ырайым кылган жок — жумшай берди, иштете берди. Жабышкан оору өз тамгасын басып өттү. Бир көзүнө ак түштү. 

Убакыт өткөн сайын убайлуу малайдын да сөөгү катып, көзгө көрүнүп, өзүнө окшогон койчу-колоңдордун ортосунда баркы көтөрүлүп ырчы атала баштайт. Бул сөз айыл-апага да угулат. Азыраак жамакчылык жайы бар Назарбайдын дагы кулагы муну чалып калат, өз малайы менен ырдашып көрмөкчү болот. Ыңгайлуу учур таап Барпыны жектеп, кордоп кирет. Барпы да тилин кайра тартпайт. Анын сөздөрү чыйрак, оттуу чыгып, тим эле тийген жерин каарып өтөт. Назарбай тырчыя түшөт. "Тилиңден келгенди колуң менен, бутуң менен иштеп көрчү" деп иш үстүнө иш кошот. Барпыга ооз ачарлык убакыт берген жок. Бирок жаш малайдын көздөгөнү — ыр. Уктаса — түшүнөн, ойгонсо оюнан кетпейт.

Арадан алты жыл өттү. Барпы он төрт күздүн, он төрт кыштын жүзүн көрдү. Өмүр малайлыктын торунда. Ары ойлонду, бери ойлонду. Бул бойдон жүрө берсе өлөр өлгөнчө малайлыктан кутулууга жол да жок, шарт да жок.

Күндөрдүн биринде багып жүргөн малын байдын үйүн көздөй айдап жиберет да, Мака-Торпок деген жердеги таякелеринин айылын көздөй сапар тартат.

Таякелеринин айылында жүрүп аз-аздан ырдай баштайт. Ошол жерде биринчи жолу эл чогулган жыйында ырдайт. Адепки эле ырында элге кайрылып башынан өткөн азаптарды айтып өтөт да, байлардын, болуштардын, бийлердин бетин ачат:

Ук, калайык, зарымды,
Түшүнтөйүн алымды:
Күйгөнүмдөн ыр кошуп
Аттанып чыктым жыйынга.
Болуштар бийди кемсинтип
Салып жүрөт кыйынга.
Эсен жүрүп жетилсем,
Ырдармын билип сонунду,
Тааныймын шондо жолумду.

Бул жерде кичинекей ырчы өзүнүн муң-зарын, эзген "Жакшыларды" ырдап гана тим болбостон, келечектен үмүткөр экендигин, өзүнүн "жолун тааный" тургандыгын көрсөтүп кетет. Барпынын кайсы ырын окубайлы, анда: акындын кеңешчи, таянычы — көпчүлүк эл. Анын ырларында өзүнүн гана керт башына таандык максат, ой-пикир айтылбастан, элдин ою, мүдөөсү айкалыша айтылат.

Күн өткөн сайын Барпынын дүйнөгө көз карашы кеңейип, эл арасындагы терс көрүнүштөрдү даана көрө баштады. Ошолорду айтып, билбегенге билдирип, туйбаганга туйдуруп коюу бирден бир мойнумдагы карызым деп билди. 

Акындын "Бузуку", "Ушакчы", "Питина" деген ырлары эл арасына чуу салып жүргөн "чуукуйруктардын" жорук-жосунун, бей-бечараларга "салган акыр замандарын", аларды "миң бир ушак ээрчип жүргөндүгүн көрсөтүү менен сатиранын өткүр найзасына салып элдин каарына кактайт. Бул сыяктуу бөйөн-чаяндарды колдоочулар ким? деген суроого Барпы мындай жооп берет:

Бузуку жамандаса,
Сөзүн коштойт,
Улук калыс эмес
Бузук окшойт.

Акыйкат сөз. "Улуктар бузук" болбосо, майдалары кайда бармак эле? Жөлөнөр "тоосу" бар үчүн эл ичине бүлүк салып жүрүшөт да.

Барпы жалганчылардын да, желөпкөрлөрдүн да, келесоолордун да өздөрүнө ылайык мүнөздөрдү таап сүрөттөп, мыйыгынан күлүп коет.

Ар түрдүү мүнөздөрдү өздөштүрүү — Барпыны турмуш чындыгынын сүрөтчүсү кылат. Акындын жигиттердин жакшысы же жаманы, кыздардын жакшысы же жаманы, аялдардын жакшысы же жаманы жөнүндөгү психологиялык портреттери турмуш деталдары менен толукталып, өздөрүнө тиешелүү боектор сүртүлгөндүктөнбү, айтор биринен экинчиси айырмаланып турат. Окуучулардын көз алдынан мүнөздөрү, кылык-жоруктары бири-бирине окшобогон оң жана терс каармандар чубашып өтө берет.

Кыргыз акындарынын арасында кеңири таркалып, көп айтылып жүргөн ырлардын бири — "Аккан суу". Бул темада Жеңижок, Токтогул, Ботобай сыяктуу бир топ акындар ырдаган. Алган темасы бирдей болгону менен ар кимиси өзүнчө чечкен. Жеңижок динге байланыштырса, Токтогул жаратылыштын бир көрүнүшү катары баяндайт. Ал эми Барпынын "Аккан суусу" атап кеткен акындардыкынан өзгөчөлөнүп турат. Акын бардык касиеттерин Кудайдын "кудуретисиз" бөлүп, турмуш чындыгы менен байланыштырат. "Аккан сууну" жер эненин бир баласы катарында ырдайт.

Барпынын күнгө арнаган философиялык ыры жогорку поэтикалык деңгээлде жазылган. Ал ырында жердин да, адамдын да, айбандын да, өсүмдүктөрдүн да өмүрү — күн дейт. күндүн касиеттерин айтып келип:

Миң-миңдеген кылымга,
Айта келсек, чынында,
Жалгыз өзүң күбөсүң.
Замандар өттү, сен калдың,
Өлбөстүккө ашкере
Түркүксүңбү бир өзүң?— 

деп күндү өлбөстүктүн символу катарында көрсөтөт да, өзүнүн ырларына күндүн өлбөс нурларынан канат тилейт.

Акындын "Шамал", "Ажал" деген ырлары да жогору жакта атап кеткен философиялык мааниде жазылган. Көркөмдүк жагынан болсун, мааниси жагынан болсун бул ырлар кыргыз адабиятындагы көрүнүктүү орундардын бирин ээлейт. 

Барпынын чыгармачылык ишинин башталышы эки кылым тогошкон мезгилге туш келет. Акын Октябрь төңкөрүшүнө чейинки чыгармаларында элдин караңгылыкка кептелип,оор күндөргө туш болгонун, ал эми үстөмдүк кылган таптын өкүлдөрү өкүмүн өктөм жүргүзүп элди эзип жатканын, өзүнө окшогон жарды-жалчылардын күнүмдүк кунарсыз тирилигин ырдады. 

Чыгармачылык жактан такшалуу, келечекке болгон умтулуу, прогрессивдүү кадамдар акындын "Теңдик бир күн жарк этер"деген ырынан ачык байкалат. Акын эс тарткандан эле социалдык теңсиздикти баамдап, эзилүүчү ким экенин ажырата баштайт. Ошондо эле анын ар кандай теңсиздикке, акыйкатсыздыкка, алдамчылыкка каршы сезим ойгонуп калганы чыгармачылык эволюциясынан даана байкалып отурат.

Барпы акын катары калыптанып отуруп, эми чыгармачылык тематикасын башка багытка бурду. Акындын "Алдамчы эшен", "Сукмолдо", "Мадалы ажыга", "Эмчилерге", "Эмне бар бул жерде", "Сопу" деген ырлары дин өкүлдөрүнүн ашкан алдамчылыгын ашкерелейт. Мунусу үчүн Барпы жазага да тартылып жүрдү. Бирок жеринен акыйкат адам ага болмок беле, аларды мыскылдап, тартынбай бетине чындыкты айтып, чыгармачылыгын бул багытта улам күчөтүп отурду. Барпыны "дин базар", мусулманчылыкка каршы адам деп айтууга болбойт. Ал мусулмачылыкты элден кем эмес туткан. Жогорку ырларында акын айрым молдо, сопу, эшендердин динге жамынып алып жасаган жагымсыз иш-аракеттерин, элди алдап, башын айлантып жатканын ашкерелеген. Барпынын мыкты акын катары калыптануусу анын сүйүү ырларынан даана көрүнөт.

Ал сүйүү ырларын жаратуу үчүн чыгармачылык булак катары оозеки элдик сүйүү ырларына кайрылды. "Сүйүү- Барпынын жалындаган ички кумары менен тереңге да, бийиктикке да эркин чабыттап, көңүл черин каалаганча жазып, бар акындык дараметин шакыратып төгүп ырдаган ыры. Акын махабатты канчалык эргүү менен ырдаган сайын, махабат да аны башка ырлардан ошончолук бөлүп, бийиктете берет." (К.Даутов).

Барпынын махабат темасындагы "Гүл кыздар", "Мөлмөлүм", "Мырзайым", "Лөлүкан", "Буракжан", "Гөзал кыз", "Кара көз", "Ак дилбар", "Тартип", "Дилбарым", "Өзгөчөм", "Алтын", "Ак жылдыз" сыяктуу ырларын билебиз. Булар жалпы кыргыз акындар поэзиясындагы сүйүү лирикасынын жалпыга маалым классикалык үлгүлөрүнөн болуп калды. Барпы чыгармачылык жактан такшалып, калыптанып отуруп, кыргыз жергесине жаңы турмуштун келгенин ыр менен тосуп алды. Теңсиз замандын запкысын көп тарткан акын үчүн, жалпы эл үчүн бул үлкөн ийгилик жаңы доордун башталышы эле.

Октябрь жеңишин жар салуу менен акын ар кандай формадагы ырларды, таалим-тарбияга карк санат-насыяттарды жаратып, элди ак жашап, ак эмгек кылууга үндөп ырдай баштады. Анын чыгармачылыгынын акыркы мезгилдеринде кандуу согуш чыкты. Эми акын элине кайрат берип, эрдикке үндөдү. Жеңиштен соң элдин жаңы турмушу, жаркын тагдыры, келечек ээлери — жаштардын үмүт-тилегин ырга салды. Ошентип, Барпы акын катары улам торолуп, канат байлап калыптануу менен элдин турмушун: анын эки доор басып өткөн тарыхый жолун өз чыгармачылыгында дамаамат чагылдырып отурду. Анын чыгармачылык эволюциясы эл турмушунун өнүгүшү менен эриш-аркак, бирге каралат.

Даанышман акын 1949-жылы 9-ноябрда Фрунзе шаарында (азыркы Бишкек шаары) дүйнөдөн кайтты. Сөөгү калаанын түндүгүндөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган.

Жаңылыктар түрмөгү
0