Чыгаан акын, комузчу, ойчул, күүчү, обончу Арстанбек Буйлаш уулу

Арстанбек Буйлаш уулу өмүр баяны

12251
Чыгаан акын, комузчу, ойчул, күүчү, обончу Арстанбек Буйлаш Ысык-Көл өрөөнүндө 1824-жылы жарык дүйнөгө келген.

Арстанбектин атасы Бойлош бийдин эки аялы болгон. Байбичесинен беш, токолунан эки балалуу болот. Мына ушул Төрөкан аттуу Бойлоштун токол зайыбынан Арстанбек төрөлөт. 

Кийинчерээк Бойлош токолу Төрөканды бала-чакасы менен салбар кылып таштайт. Көп катындуу кыргыздын бай-манаптары, эгер анын бир катыны байынын алдында жазып калса же ал катынынан бара-бара көңүлү сууса, аны салбар кылып таштоочу. Бай салбар катынынын оокат-тиричилигине каралашпайт. Ал катынына талак катын колуна берип, анысынын башын биротоло ачып да жибербейт. Салбар аял бала-чакасы менен байдын үй-бүлөсүнүн кем бүлөсү болуп жүрө берген. Ошентип, Арстанбек салбар энесинин салбар уулу болуп, улуу катындын балдарына тең-ата боло албай, чоңое баштайт. Салбар Төрөкан эл көчсө көчкө илээшпей, жыртык кара алачыгы, жаш балдары менен жатакта калып, же отордо мал четинде көчүп жүрөт. Бойлош салбар токолуна жарытылуу саан мал таштап жана ун-талканын да камдап бербейт. Төрөкан же Бойлоштон биротоло кол үзүп кете албай, же анын укуктуу зайыбы болуп улуу катын менен тең укукташ болуп, кенен оокат, кенен ашка жете албай, замандын тузагына тушалып, чүрпөлөрүн эптеп багып жүрө берет. Тоюна тамак-ичпей, үстүнө куур, курмушудан башка кийим кийбей, жаш Арстанбек эптеп жерден боорун көтөрүп, тестиер болуп жетилет. Салбар баласы Арстанбек оокат-карага жарап калганда Бойлош аны козу, анан кой кайтартат. Бойлоштун миңдеген коюн кайтарган малай койчулар менен Арстанбек укукташ болуп, бир жыл үзбөй койчу болот.

Арстанбек он эки, он үч жашка келген кезинде, бир күнү таң эртең менен орозосун ачпастан, атасынын үстүнө "түш көрдүм" деп кирип барып, түшүн айта баштайт: "Атаке, кой четинде түндө жатып, түш көрдүм. Кош өркөчү баладай ак төөгө минип алыпмын. Боз төө чепкен экен үстүмдөгү кийгеним. Ак дөбө жерге чыгып алыпмын. Ак комузду колго алып, чертип жаткан экемин. Ак дөбөнү тегеректеген казак, кыргыз калың эл черткениме тегиз ыраазы болуп, алкап, батасын берип жатыптыр", — дейт.

Атасы: "түшүң туш келсин, зоболоң зор болсун", — деп, жорумуш болот да: "жамандын түш көргөнү да жаман, жүр салбар", — деп, Арстанбекти үйдөн кууп чыгат.

Бул кезде Арстанбек бир-эки күү черте коюп, анча-мынча комузуна үн кошуп ырдай коюп, айыл арасында эл баш кошкон жерде анча-мынча эрмек болууга жарап калган кези. Жаш Арстанбекти курбулары жана улуу катындын балдары канчалык Бойлош бийдин салбар болгон кем тукуму деп шылдыңдап, сындырмакчы болушса дагы, аны түк капарына алып, арданып койбойт. Ыгы келсе, байбиченин балдарын уруп, кийимин тартып кийип, атын жыгып минип, аш-той аралап, чаап кыйнайт. Бул кылыгы үчүн атасы Бойлош канчалык жазалап жүрсө да, андай шайкелеңдик кылыгын койбостон, кайта ого бетер кычап күчөй берет.

Арстанбек он төрткө чыкканда атасы берген комузун безилдетип, анча-мынча күүлөрдү черте баштайт. Күйгөн, секетбайларды ырдаса, тим эле жаагын жаныйт. "Кожожашка" окшогон чакан жомок-поэмалардын ар кайсы жеринен айтып да жиберет. Уккан эл "колуңдан айланайын, үнүңдөн айланайын" — деп Арстанбекке жалынып, анын комузуна, ырына уюй баштайт. Бирок анын салбарлык турмушу кендирин кесип, арманын арылтпады. Атасы эл арасында канчалык алымдуу киши болсо да, жалындап чыгып келе жаткан жаш баласынын кадырына жете албады.

Бойлошту баш кылып Тынымсейит уруусунан дагы беш-алты билги кишилерин Алымбек Датка саркер аскерлерин жиберип, Анжианга чакыртат. Кейпи, Тынымсейиттин жакшылары Алымбек Датканын алдында кандайдыр бир жазыгы болуу керек. Арстанбек атасынын Анжианга бара жатканын угат да, "мен да силер менен кошо барайын" деп атасынан суранат. "Сени ээрчиткидей, биз тойго бара жатканыбыз жок" — деп атасы Арстанбекти кагат да жөнөп кетет.

Алыска жол тартып, эл аралап көрсөм деп, көптөн бери самап жүргөн Арстанбек эми делөөрүп, санаасы тынбайт. Атасынын айдалып баратканы менен анын иши жок. Аны атасынын артынан жөнөсөм экен деген ой чырмап, алпурушуп, бардык аракетин кылат. Чоң үйдөгү күң катындын балдарынын бир кунанын уурдап минип алып, комузун койнуна катып, атасынын артынан Анжианды бет алып жөнөп кетет. Бойлошту баш кылып, Тынымсейиттин мыктыларын Алымбек датка ак үйлүү набакка салып, сурак кылат.

Акын, драматург, котормочу Жоомарт Бөкөнбаевдин эстелиги. Архивдик сүрөт
© Фото / пресс-служба мэрии города Бишкек
Бул учурда Арстанбек да Анжианга жете барат. Бирок атасын издебестен, шаар аралап, шаардын чет жакасындагы кыргыз айылын кыдырып, комузун чертип, ырдап жүрө берет. Арстанбектин черткен комузу жана ыры бул өрөөндөгү кыргыздардын арасына бир далай даңаза болот. "Бир аркалык комузчу бала келип, эл кыдырып, комузун чертип, ырдап жүрөт. Комузду укмуштуу чертет экен, ырдаса булбулдай сайрайт" деген кабар Алымбек Даткага жетет. Алымбек угаары менен саркерлерин чаптырып, бул аркалык комузчу баланы издетип, таптырып алат.

Ырчы, комузчуларды жыйнап алып, чарбактын ичинде жолдош-жоролору менен тамаша кылып отурган Алымбек Датка адегенде эл бул аркалык комузчу баланы комузчулары менен беттештирет. Арстанбек Алымбек Датканын комузчуларынын тапшырган күүлөрүнүн бардыгын чертип кетет. Анан датканын уруксаты менен өзү күү чертип, датканын комузчуларына тапшырат. Алар Арстанбектин тапшырган күүлөрүнүн бирин да аткара алышпайт. Ошентип, Арстанбек бала болсо дагы, өнөрү менен даткалардын алдында бир далай сыйга жетишет. Бир топ күнү Арстанбек бар өнөрүн чыгарып, даткаларга эрмек болуп, алардын көңүлүн алып, мактап ырдап жүрөт.

Арстанбектин мындай ырлары даткалардын көңүлүнө аябай жагат. Алар Арстанбекти ырчы кылып алууга ниеттенишет. Арстанбек ыры жана комузу менен даткалардын кадырына жеткенден кийин аларга жайын айтып, Тынымсейиттин мыктылары ошентип Алымбек датканын туткунунан бошоп, Арстанбектин тапкан олжо-буйласын артынып алышып, элине кетишет.

Арстанбекти Алымбек датка жанына алып калат. Эми Арстанбек Алымбек Датканын жанында жүрүп, көп той-тамашалардын үстүндө болот. Анжиан, Кокон тегерегин бүт кыдырып, көп эл, көп жер көрөт. Далай комузчу, ырчылар менен учурашат, беттешкендерин бет алдырбай жеңе берет. 

Жыл маалы болду дегенде Арстанбек Алымбек Даткадан уруксат алып, көп олжо-буйла менен элине кайтат. Анын жетишкен даңкы бир нече атка арткан олжосунан алда канча ашып түшөт.

Эми Арстанбекти эли жорго менен жолдон тосуп алышат. Ага көрсөткөн элинин сый-урматы өтө чоң болот. Ушундан тартып, бир да каадалуу той, тамаша Арстанбексиз өтпөй калат. 

Ошентип, Арстанбек ыр менен комуз жагынан Анжиан — арканы кошо басып, казактын акындары менен айтышып, домбурачылары менен чертишип, казак журтуна да бир далай белгилүү болот.

Кыргыз элинин залкар акындарынын бири, улуу акын Токтогулдун шакирти Барпы Алыкулов
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Арстанбек эл арасында чоң ырчы болуп, кадыр-сыйга ээ болгон кезде, Сарбагыштар менен Бугулардын мамилеси бузула баштайт. Сырт сарбагыштары бугу уругунан таркаган Тынымсейит уруусуна да кысымчылык көрсөтө баштайт. Ошол учурда Арстанбек атасы жана агайын-туугандары менен бугулардын чоңдорун караан кылып, көлгө көчүп келет. Арстанбек өлөөр өлгүчө Көлдүн тескейиндеги Чычканды жердеп турат. 

Акын кыргыз эли башынан өткөргөн бир нече зор окуяларды көрөт. Кокон хандыгынын кыргыз элине кылган бийлигин көрөт. Бугу менен Сарбагыштын бир нече жыл созулган кан төгүлгөн чабыштарын көрүп, буга өзү да катышат. Кененсарынын кыргыздарга кылган чабуулу да Арстанбектин тушунда болот. Падышалык Россия кыргыздардын жерин чаап, каратып алып, кыргыз элине бийлигин жүргүзгөн замандын да чеке-белин көрүп калды.

Арстанбектин мурун жаш кезиндеги чыгарган ырлары сакталып жеткен жок. Эл оозунда сакталып, али да болсо айтылып жүргөн Арстанбектин ырлары, көбүнчө анын кийинки 50-жылдардан тартып, өлөөр алдындагы ырлары. Ошондуктан анын мурунку акындык жүзүн ачык мүнөздөй албайбыз.

1850-жылдардын ичинде Арстанбек көл башындагы туугандары — Бугулардын чоңдорунун жанына көчүп келет. Бул кезде ал оң-солго атагы чыгып, бүт кыргыз журтуна ырчы аталып, таанылып калган кези. Бул кезде кыргыз эли башынан өткөргөн бир топ алааматы күчтүү капсалаңы катуу, кан төгүлгөн кызыл кыргындуу күндөрдү көрөт. Хандардын башы кесилип, менменсинген эрлер өлүп кетет.

Кыргыз жерин катын-баланын ыйы, эр азаматтын үшкүрүгү басат. Заман кыйчалыштап, олку-солкусу көбөйөт. Арстанбекке ушул заман кыйчалыштаганы менен гана бүтчүдөй түрү көрүнөт. Ансыз эле мындан мурун чабылып, чачылып, тукулжураган эл акырында Россия падышалыгына айласыздан туруп берет.

Арстанбек замандын ушундай түрүн көрүп туруп, "Тар заман" деген поэмасын ырдаган. Бул поэмасында замандын түрүн өтө чебердик менен мүнөздөйт. Анда элдин малы, башы, жер, суусунан айрыларын айтат. Элдин таалайсыз келечегин сүйлөйт. Элден мурунку нарк-нускалар кетип, кийинчерээк башка эл болоорун сүйлөйт. Мына ушундан тартып, 1850-жылдардан, Арстанбек социалдык мааниси өтө терең болгон ыр, поэмаларды ырдап, нускоочу акын болот. 

"Тар заман" поэмасын ырдаганда, бул поэма эл арасына желдей тарап жайылат. Ошондо белгилүү акылман деген мыктылардын бири: "Арстанбектин тилин кесип көлгө салуу керек", — деп элге жарыялайт. Анткени, "келер жамандык бир ырчынын, бир сынчынын оозунда болот, эгер Арстанбек өлсө анын айтканындай ал өлчөөсү жаман заман келбей калаар" — деп, акындын өлүмүн негиздеп түшүндүргөн. Эл андай акылмандык кылган бузукунун тилине кирип, акынына кол көтөрө алган жок. Арстанбек элдин көкүрөгүн алган муңун-зарын өтө чебердик менен ырдай алгандыктан, эл аны "Булбулум" дешип барктаган. 

"Тар заман" бир мезгилде эмес, болжолдуу түрдө 1852–70-жылдары түзүлүп калыптанган. Анын окуясы шарттуу түрдө эки бөлүктөн турат. 1. Орустар басып келе жатат деген кабардан улам ырдалган ырлар. 2. Орус колонизаторлору кыргыз жергесине келип, орношуп, бийлигин бекемдеген мезгилде акын күбө болгон окуялардын чагылдырылышы. Акындын кабылдоо, баамдоо жөндөмү, чеберчилиги ушул кырдаалды баяндоодо ачык көрүнөт. Бул поэмасында социалдык маселелерди курч козгоп, орус колонизаторлорунун кыргыз элине көрсөткөн жапасын өтө таамай сүрөттөйт. Акын заманды "азуулууга бар заман, бечарага тар заман" катары мүнөздөгөн. Орустардын чарбалык ишиндеги, аскер кызматындагы жакшы жактарын да туура байкаган. Бирок, кантсе да айрым маселелер боюнча патриархалдык-феодалдык нарк-нусканын чегинде бек туруп, аны коргоого алган. Орустардын келиши менен кыргыз коомчулугунун башкаруу иштерине, турмуш-тиричилигине, элдик каада-салтына, кулк-мүнөзүнө кирип жаткан өзгөрүүлөргө ой жүгүртүп, ал жылыштырды көбүнесе ата-бабанын нускасынын, калыптанган элдик адеп-ахлактын бузулушу катары кабыл алган. 

Ошондой эле, "Тар замандын" өзүнө таандык обону, күүсү, кайрык кайталоолору комузда коштолуп аткарылган. Салмактуу сөз, уккулуктуу обон, үн айкалышып, калктын көкөйүндө уялаган ой-санаасын козгоп, угуучуларга зор таасир калтырган. Чыгарманы акындын аткаруусунда угуп-көрүп калгандар: "Арстанбектин ырын көпчүлүк бүтүндөй дитин коюп, тунжурап ыйлап отуруп угушаар эле" – деп, бир ооздон эскеришчү экен. Чындыгында эле жайлуу конуш жерин, өз алдынчалыгын жоготуп, орус колонизаторлорунун бийлигинен жабыркап турган калк "Тар заманды" өз жашоосунун күзгүсү катары кабыл алган. 

Арстанбек кошок, арман, санат, терме, керээз, ар кыл багыттагы ырлар, поэмаларды жараткан. Айтыш өнөрүнүн ири устаты болгон. Чыгармачылык багыты жагынан нускоочу ырчылардын тобуна кирет. "Төштүк", "Кожожаш", "Чоро" ("Шоро"), "Бердикожо жалгызым", "Беш казак" сыяктуу эпос-поэмаларды, "Көкөтөйдүн ашын" чебер аткарган деп айтышат. Бирок, анын айтуусундагы эпикалык чыгармалардын биринин да тексти бизге жеткен жок.

Керээзиндеги маалыматка, айрым билгендердин айтымына караганда, ал комузчулукту, акындыкты бирдей алып жүргөн. Анын 200гө жакыны өзүнүн төл чыгармасы болгон деген кеп бар. Анын чоң комузчулар аркылуу бизге жеткен "Арстанбектин арман күүсү", "Кербез", "Кет букасы", "Ат чубатар ботою" залкар күүлөрүнүн катарында турган. Көптөгөн кыргыз, казак ырчы, комузчулары менен беттешип, бири дагы аны жеңе алган эмес. Атактуулардан комузда Ормондун уулу Сейилканды, түштүктүк сарт ырчыны жеңген. Таластык Чоңду акындын жандырмагын жандырып, айтыштын татаал түрүндө да өз жөндөмүн көрсөткөн. 

Жеңижок аны издеп барып, Каркырада кезигип, саламдашып, ырдашат. Казак ырчысы Каңтарбай менен беттешип, ал айтышпай жеңилсе, 1850-жылдарда "айтса сөзү куюндай" Сүйүмбай менен жолугушуп, алар бири-бирин оодара алышпаптыр. Булар бизге белгилүүлөрү гана. 

Өз чыгармачылыгы менен замандаш жана кийинки (19-кылымдын акыры, 20-кылымдын башы) кыргыз төкмө акындарына жана күүчүлөрүнө зор таасирин тийгизген. Анын улуулугу – өз доорунун курч проблемаларын козгоп, элдин турмуш жагдайы, келечектеги тагдыры коомдук, социалдык ал-абалы жөнүндө терең ой жүгүртүүсүндө тилекке каршы, залкар акындын чыгармачылыгы кийинки күнгө чейин бир жактуу бааланып, анын патриархалдык-феодалдык мүнөздөгү көз карашы өтө коюулантылып, баса белгиленип келгендиктен, ал эскичил ырчы катары сындалып, иликтөө-изилдөө алганынан чектелип, чыгармалары жыйналбай, туура баасын албай келген. Мурасына кайрылуу 90-жылдары гана колго алына баштаган.

Арстанбек Буйлаш уулу 1878-жылы 54 жашында дүйнөдөн кайткан.

12251
Белгилер:
Өмүр баяны, обончу, акын, Арстанбек Буйлаш уулу
Тема боюнча
Жалил Садыков — өмүр баяны
Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев

Нарынга комендант болгон Уланбек Аалиевдин өмүр баяны

5473
(жаңыланган 16:24 14.04.2020)
Уланбек Аалиев 1974-жылы 30-майда Нарын облусундагы Ат-Башы районунун Ак-Моюн айылында төрөлгөн.

Жогорку билимдүү. 1996-жылы Кыргыз улуттук университетинин юриспруденция бөлүмүн аяктаган.

Эмгек жолу

  • 1997 — Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинде аймактык тескөөчү;
  • 2000 — Свердлов РИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүндө ыйгарым укуктуу өкүлү. Андан соң ага ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген;
  • 2003 — Чүй облусунун Жайыл РИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы;
  • 2004-2007 — Чүй облусунун Жайыл РИИБнин башчысынын орун басары;
  • 2007-2008 — ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын (УККББ) бөлүм башчысы;
  • 2008-2011 — Кемин РИИБнин башчысынын орун басары;
  • 2011-2013 — Чүй ОИИББнин УККББнын башчысы;
  • 2013-2014 — ИИМдин УККББнын бөлүм башчысы;
  • 2014-2016 — ИИМдин УККББнын Ош шаары боюнча уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын башчысынын орун басары;
  • 2016-2017 — Чүй ОИИББнин башчысынын орун басары;
  • 2017-жылдын декабрынан тарта Нарын ОИИББдин башчысы.
  • 2020-жылы 14-апрелден тарта өзгөчө абал киргизилген Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты.

Даңк медалы менен сыйланган.

Милициянын полковниги наамы бар.

Үй-бүлөлүү. Беш баланын атасы.

5473
Белгилер:
таржымал, Уланбек Аалиев
Тема боюнча
Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты дайындалды
Депутат Айгерим Бешимбаева. Архивдик сүрөт

ЖКга депутат болуп келген 30 жаштагы Бешимбаеванын өмүр баяны

12403
(жаңыланган 14:11 16.04.2020)
Бешимбаева Айгерим Кабылбековна 1990-жылы 10-январда Чүй облусунда төрөлгөн. Билими жогору. 2012-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин "Статистика" адистиги боюнча аяктаган. Квалификациясы "Экономист".
Депутат Жогорку Кенеша от партии Республика — Ата-Журт Айгерим Бешимбаева
© Фото / предоставлено Айгерим Бешимбаевой
Бешимбаева Айгерим Кабылбековна

Эмгек жолу:

  • 2013 (апрель) – 2013 (июнь) – "РСК Банк" ААКнын сактык кассасынын кассири;
  • 2013 (июнь) – 2014 (октябрь) - "РСК Банк" ААКнын сактык кассасынын бухгалтери;
  • 2014 (октябрь) – 2016 (март) - "РСК Банк" ААКнын сактык кассасынын жетекчиси;
  • 2016 (октябрь) – 2016 (сентябрь) - "РСК Банк" ААКнын сактык касса башкармалыгынын башкы адиси;
  • 2016 (сентябрь) – 2018 (апрель) - "РСК Банк" ААКнын Кызматкерлер менен иштешүү башкармалыгынын алдыңкы менеджери;
  • 2018-2020 - "РСК Банк" ААКнын Маркетинг департаментинин башкы менеджери;
  • 2020 (апрель) – Жогорку Кеңештин депутаты.
12403
Белгилер:
Айгерим Бешимбаева, депутат, Жогорку Кеңеш
РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова. Архивдик сүрөт

Оңдолгус ката! АКШдагы митингге тиешеси бар деп айыпталган Россия жооп берди

0
(жаңыланган 20:08 01.06.2020)
Захарова Американын шаарларында башаламандыкты тутантуу үчүн орустар тарабынан колдонулду делген социалдык тармактар "АКШда катталып, ошол жактан башкарыларын" эскертти.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. АКШдагы башаламандыкка Россиянын тиешеси бар деп айыптоо маалыматтык манипуляциянын ыплас ыкмасы. Бул тууралуу РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова билдиргенин Sputnik радиосу кабарлады.

Эскерте кетсек, ушу тапта АКШнын бир нече штатында массалык митингдер өтүп жатат. Башаламандык афроамерикалык Жорж Флойддун полиция кызматкеринин колунан ажал тапканынан кийин башталган. 40тан ашуун ири шаар акциялардан улам коменданттык саат киргизүүгө аргасыз болду.

Ал эми АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча экс-кеңешчиси Сьюзан Райс өлкө аймагында болуп жаткан митингдердин жана андагы талап-тоноочулук менен зомбулуктун артында Россия турушу мүмкүн деп айткан. Бирок сөзүнө эч кандай жүйө келтирбей, жеке тажрыйбасына таянып жатканын кошумчалаган.

"Райс айым! Өз убагында Сиздин партиялаштарыңыз силерге жакпаган нерсенин баарына Россияны күнөөлөй берүү стратегиясын ойлоп таап, олуттуу ката кетиришкен. Хилари Клинтон жана Барак Обаманын жалпы командасы АКШнын ички көйгөйү "сырткы" күчтөр, тагыраагы, Россиянын кийлигишүүсү менен курчуп жатат деп, буга өздөрү да бекем ишенип алышкан. Сиздер да бүгүн CNN журналисттери менен бирге жүйөсүз жалган маалыматтарды таратып ушул катаны кайталап жатасыздар. CNN каналына берген маегиңиздин өзү пропаганда", — деди Захарова Facebook баракчасынан.

Ал Американын шаарларында башаламандыкты тутантуу үчүн орустар тарабынан колдонулду делген социалдык тармактар "АКШда катталып, ошол жактан башкарыларын" эскертти.

Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп кырдаалды жөнгө салуу үчүн Улуттук гвардияны тартуу керектигин айткан.

0
Белгилер:
айып, митинг, өлүм, полиция, башаламандык, АКШ, ТИМ, Россия, Мария Захарова
Тема боюнча
ЖМК: АКШдагы башаламандыкта 4 миңдей киши кармалды
Жабырланган журналист. РФ элчилиги АКШнын мамдепартаментине нота кетирди